Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Азербайжандын төрөлбөй калган кыздары


Иллюстрация
Иллюстрация

Азербайжанда соңку жылдары эркек балдар көп төрөлүүдө. Бирок адистер бул аборт эсебинен болуп жатканын айтышат.

Мунайга бай өлкөдө карындагы ымыркай кыз экенин билгенде эле бойдон алдырган учур көбөйгөн. Бул бара-бара демографиялык теңсалмактуулукту бузуп, гендердик теңсиздикке жол ачат деген кооптонууну жаратты.

Амина Алиева эки кыздын энеси. Курсактагы үчүнчү ымыркайы да кыз экенин билгенде кайындары аны аборт кылууга мажбурлаган.

- Күйөөм жана кайненем болуп УЗИге чогуу барган элек. Дарыгер ымыркай кыз экенин айтканда эле маанайлары бузулду. Алар мени бойдон алдырууга көндүрүштү, - дейт Амина.

Отуз жаштагы келиндин айтымында, бул кадамга барууга гинеколог да шыкак берген. Ал эми күйөөсү “макул болбосоң ажырашып, эки кызды өзүм тарбиялайм” деп коркуткан.

Аборт сактануу эрежесине айланууда

​Аборт сактануу эрежесине айланууда

Lancet журналындагы маалыматка караганда, жыл сайын дүйнөдө 56 миллион аял боюнан алдырат. Аборттун аял саламаттыгына залакасы чоң болору көп айтылганы менен дарыгерлердин бул кызматынан баш тарткандар саналуу.

Амина курсактагы балага 15 жума толгондо жасалган аборт кылмыш экенин айтууда. Азербайжандын мыйзамы түйүлдүккө 12 жума толгонго чейин гана бойдон алдырууга уруксат берет.

- Мыкаачылар баламдын колун кесип салышты. Мен эми киши өлтүргүчмүн. Биз эң чоң күнөөгө баттык. Атасы, апасы, чоң энеси биригип, бир алсыз жанды өлтүрдүк, - дейт кайгыга баткан келин.

"Азербайжанда мындай учурлар көп эле катталат. Патриархалдык коомдо аял уул төрөшү керек деген көз караш басымдуу. Мунун айынан гендердик теңсиздикке жол ачылып, демографиялык теңсалмактуулук бузулууда", - дейт бакулук гинеколог Терена Хасанова.

- Кайын-журт аялга басым жасагандыктан, ал мындан кутулуу үчүн абортко барат. Уул төрөмөйүн бойдон алдыра бергендер бар. Эркек балдардын саны азыр аборттун эсебинен гана көбөйүүдө. Мектептеги бир класста алты кыз 17 бала же 14 бала беш кыз окуган деңгээлге жеттик, - дейт Терена Хасанова.

Гинеколог Хасанова айткандай, өлкөдө акыркы жылдары жарыкка келген эркек балдар көп. Дүйнөдө 103 эркекке 107 кыз туура келген тушта, Азербайжанда 100 кызга 115 эркек туура келет.

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Абортко тыюу салынса мигрант кантет?

Орусияда аялдарга аборт жасатууга тыюу салуу жана таштанды балдар үчүн даярдалган бэби-бокс кутуларын жоюу боюнча даярдалган эки мыйзам долбоору кызуу талкууга түштү. Адистер бул мыйзам долбоорлор кабыл алынса, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттарга да таасири тиерин айтышат.

Психолог Даянет Рзаев азери коомунда уул бала тукум улайт, үй-бүлөгө тирек болот деген ишеним бекем орногондон ушул көйгөй жаралганын айтууда:

- Азербайжанда көптөгөн үй-бүлөлөр уул төрөлсө сыймыктанат. Алар эркек баланы арка бел катары сезет. Финансылык кыйынчылык жана билимсиздик төрөлө элек кыздарды өлтүрүүгө себеп болууда.

Амина аборттон кийин күйөөсүн кечире алган жок. Мындан ары аны менен бирге боло албасын да түшүндү. Алты айдан кийин үй-бүлө кыйрап, келиндин үч жана беш жаштагы кыздарын кайын-журту алып калды. Амина азыр “баламды өлтүртпөй эле ажырашып кеткенде эмне” деп бармагын тиштейт.

2010-жылы америкалык Guttmacher Institute Кавказдагы төрөлүүнү иликтеп, Азербайжанда бир жылда 8381 аборт болгонун аныктаган. Ал эми өлкөнүн Юстиция министрлиги жүргүзгөн иликтөөдө 2016-жылдын биринчи кварталында төрөлгөн ымыркайлардын 53 пайызы эркек бала болуп чыккан.

XS
SM
MD
LG