Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:29

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

11:00 27.4.2023

11:08 27.4.2023

11:12 27.4.2023

Аскер Сакыбаева: "Азаттык" ириде элге керек

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

"Авторитардык багытка кетип бараткан бийликке "Азаттыктын" кереги жок болуп турат. Кемчиликти айтып, туура эмес иштерди, коррупцияны ашкерелеп турган медиа аларга жакпайт. Тескерисинче курулай мактап, көкөлөтүп, чыныгы абалды көрсөтпөгөндөрдү уккусу келип атат деп түшүндүм. Бирок, "Азаттык" элге керек. Эл ичинде болуп аткан жашоо-турмуш, окуялар, кемчиликтерди коом угуп, калыс таразалап турмак. "Азаттыктын" көп болсо Юстиция министрлигиндеги катталуу күбөлүгү алынар, Бишкектеги кеңсеси жабылар. Бирок Прагадагы башкы кеңсеси ачык турат, аны түшүнүү керек. Анын үстүнө социалдык тармактар күч алып турганда, калыс, бейтарап, сын көз караштагы маалыматтарын жайылтууну уланта берет. Бизде сөз эркиндиги жеке эле журналисттерге керек деп ойлогондор бар. Ал карапайым адамдардан тарта жеке ишкер, саясатчысына чейин керек. Мындай эркиндик сот органдарына да тиешелүү болуп, алар бийликтин буйрутмасын, кызматын аткарбастан, чечим кабыл алууда эркин болуусу керек. Алардын бүгүн чыгара турган чечими алардын эркин же эркин эместигинен кабар берет. Ал эми "Азаттыктын" эл үчүн кылган кызматын белгилебей койсок болбос. Жалпыга маалымдоо каражаты катары гана эмес, өз алдынча институт катары да калыптанып калган мекеме болуп калды. Иликтөөлөрдү жүргүзүп, тарыхый, маданий иштерди аткарып, кыз-келиндер, балдар боюнча иштеп келе жатат. Демек, бул медианын өз алдынча институт катары турганынын өзү чоң жеңиш".

11:16 27.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG