Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

18:55 25.1.2023

  • 31-октябрда "Азаттык Медиа" мекемесинин "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганын банктан билдиришти. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышты."Азаттык Медиа" мекемеси "Демирбанктагы" эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды.
  • Евробиримдиктин адам укуктары боюнча атайын өкүлү Эймон Гилмор Кыргызстандагы саясатчылар менен активисттердин камалышына жана "Азаттыктын" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүнө терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды. Гилмор Кыргызстандын бийлиги фундаменталдуу эркиндикти сыйлоо жаатында алган өз милдеттенмелерин аткарышы керек экенин эске салды.
  • АКШ Сенатынын Эл аралык карым-катнаштар боюнча комитетинин жетекчиси, сенатор Жим Риш "Азаттык" сайтынын эки айга бөгөттөлүшүн сынга алды. Ал бул тууралуу Твиттерге жазды. Сенатор кыргыз өкмөтү "Азаттык" сайтын эки айга жабуу менен сөз эркиндигине басым кылып жатканын сынга алып, сөз эркиндигин жана адам укуктарын сыйлоого чакырды.
  • Эл аралык Human Rights Watch уюму "Азаттык Медианын" сайтынын эки айга жабылышын сындаган билдирүү таратты. Уюмдун Борбор Азиядагы иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева Кыргызстан көз карандысыз медианы кысымга албай, колдоого тийиш экенин билдирген.
  • 28-октябрда Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын негиздөөчүлөрү жана башкы редакторлору мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңешке, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, баш прокурор Курманкул Зулушевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максүтовго кайрылуу жолдошту. Отуздан ашуун редактор кол койгон кайрылууда Кыргызстанда соңку кездерде көз карандысыз журналисттерге жана маалымат каражаттарына кысым күчөп жатканы белгиленген. Кайрылуу ээлери жакында президенттин аппараты иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорунун 96 пайызы Орусиянын мыйзамынан көчүрүлгөнүн жана андагы айрым беренелер өтө катаал экенин белгилешкен.
  • 28-октябрда Кыргызстандагы эркин медиа каражаттары кысымга каршы #күччындыкта #силавправде хэштегдери менен масштабдуу маалыматтык өнөктүк баштады.

28-октябрда өлкөдөгү медиа каражаттары бир учурда саат 9.00дөн 12.00гө чейин бир дагы жаңылык чыгарбай турду. Бул аралыкта кабарлардын ордуна “Жаңылык чыкпайт. ЖМКга кысым күчөдү” деген текст чыкты.

Ошону менен катар эле маалымат каражаттары күн бою мамлекеттик органдардын пресс-релиздерин чыгарган эмес. Бул өнөктүккө Кыргызстандын алдыңкы журналисттери, редакциялары, укук коргоочулары, коомдогу таасирдүү инсандар жана медиа уюмдары кошулду.

  • 27-октябрда АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Кыргызстандын бийлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө жабуу чечимин айыптаган билдирүү таратты. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды. Нед Прайстын билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Твиттердеги баракчасында бөлүштү.
  • “Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму "Азаттык Медианын" сайттарынын ишинин бөгөттөлүшүн “чектен чыккан цензура” деп атады.

Уюм 27-октябрда тараткан билдирүүсүндө "Кыргыз бийлиги бөгөттөөнү тез арада токтотуп, аткаминерлерге алар үчүн ыңгайсыз репортаждарды чыгарбоого чексиз мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзамды жокко чыгаруусу зарыл” деп белгиледи.

  • "Азаттык" радиосунун сайты кыргыз өкмөтү тарабынан эки айга жабылганын бир катар ЖК депутаттары, коомдук жана саясий ишмерлер сынга алды.
  • 27-октябрда бир катар эркин маалымат каражаттары, журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайттарынын ишин эки айлык мөөнөткө токтотуу чечимин сынга алып кайрылуу таратышты. Кайрылууда чечим "Калкты жалган маалыматтардан коргоо" мыйзамын да тикелей бузары, "Настоящее время. Азия" редакциясынын YouTube каналындагы "Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы оор салгылаш" деп аталган программасын алып салуу талабы "Жалган маалыматтан коргоо" мыйзамына дал келбей турганы белгиленген.
  • “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосунун жана “Настоящее время” телеканалынын айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу билдирүү жасады. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат. Биз суроо жараткан материалды кайра карап чыгып, стандарттарыбыз бузулган жок деген жыйынтыкка келдик. Кремль же кыргыз өкмөтү болобу, тең салмакталган материалды сайттарыбыздан алып салуу талабына моюн сунбайбыз. Журналисттерди коркутуу жана эркин медианын үнүн басуу аракети Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн авторитардык ыкма”, – деп айтылат эл аралык медиа корпорациянын президентининин билдирүүсүндө.
  • 26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылат. Катта 16-сентябрда "Настоящее время" телеканалынын түз эфиринде “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен чыккан берүүсүндө "кастык маанайдагы сөздөр колдонулуп, такталбаган маалымат" айтылганы белгиленген.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыкка" жөнөткөн каты.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттыкка" жөнөткөн каты.
  • 24-октябрда Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесине кат жолдоп, “Настоящее время” телеканалынын Ютуб каналынан “Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу салгылаштар” деген аталыш менен түз эфирге чыккан берүүсүн алып салууну талап кылган. Министрдин орун басары С.Н.Надырбековдун колу коюлган катта бул материал “коомдогу кырдаалды курчутуп, өлкөнүн беделине көлөкө түшүрөт” деп айтылат жана 24 сааттын ичинде ал материалды өчүрүп салуу талабы коюлган.
  • 18-октябрь, 2022-жыл. “Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды. Териштирүү алкагында уюштурулуп жаткан бул экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылды.
  • “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.
  • Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Азаттык Медианын" кеңсесинин алдында экстремисттик билдирүүлөр жасалган акцияга байланыштуу пикирин билдирди.
  • 14-октябрь, 2022-жыл. "Азаттык" журналисттерин коркуткан окуя боюнча милицияга кайрылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына 14-октябрда жазылган арызда Илимбек Исраилов аттуу жаран "кийинки келгенде күч колдонууга чейин барып, имаратка бензин чачарын" айтканы, журналисттерди опузалап, “Азаттык”, “Клооп” жана Кактус Медиа" басылмаларынын дарегине тикелей коркутуу жасаганы белгиленет.

  • 14-октябрь, 2022-жыл. Cөз эркиндигинин колдогон жүрүш. Кыргызстанда жарандык коом, медиа өкүлдөрү "Азаттык", "Кактус Медиа", "Клооп" маалымат агенттиктерине чабуулду айыптап, жүрүшкө чыгышты.
  • Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Азаттык” радиосунун дарегине айтылган дооматтар негизсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал 14-октябрда билдирди.
  • “Медиа полиси институту” уюму “Азаттык” радиосунун кеңсесинин алдында өткөн акцияны өлкөдөгү көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп атап, Ички иштер министрлигинен бул митингге юридикалык баа берүүнү, эгер кылмыш белгилери бар экени аныкталса, айыптууларды жоопко тартууну талап кылды.
  • 13-октябрь, 2022-жыл. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз эркиндигин толук колдой турганын “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ошону менен катар ал өлкөнүн бүтүндүгүнө, биримдигине залака тийгизиши ыктымал аракеттерден этият болуу керек деген оюн кошумчалады.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 13-октябрдагы жыйынында сөз эркиндигине жаралып жаткан коркунуч тууралуу маселе көтөрдү. Ал Кыргызстанда, Баш мыйзамга ылайык, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин жана анын толук кепилдиги бар экенин белгиледи. Акыркы күндөрү айрым депутаттар жана коомдук ишмерлер “Азаттык медиа”, “Кактус”, “Клооп” жана башка эркин медиаларды каралап, аларга бут тосуу болуп жатканын айтты.
  • “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай 13-октябрда Бишкекте “Азаттык-Медиа” мекемесинин алдына келгендер журналисттерди коркуткан окуяга байланыштуу пикирин билдирди. Эл аралык медиа компаниянын президенти кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.
  • 13-октябрь. Бишкекте, “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдына өзүн Илимбек Исраилов деп тааныштырган жаран кырктай кишини ээрчитип келген. Алар “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” басылмаларынын жабылышын, бейөкмөт уюмдардын ишинин чектелишин талап кылышкан.
  • 12-октябрь, 2022-жыл. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова "Клооп", "Азаттык" жана “Кактус” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.
19:04 25.1.2023

  • 26-ноябрь. АКШнын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ – ОБСЕ) элчиси Майкл Карпентер “Азаттыктын” сайтынын бөгөттөлүшүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасында жазды.
  • 25-ноябрда Ош шаарында дагы сөз эркиндигин колдогон акция өттү. Ага отуздай журналист, блогер жана жарандык активисттер катышты.
Ош шаарындагы акция.
Ош шаарындагы акция.
  • 25-ноябрь, 2022-жыл. Бишкекте “Эркиндик үчүн! #REАКЦИЯ” жүрүшү өттү. Жарандык активисттер уюштуруп жаткан акциянын максаты камакка алынган саясатчылар менен активисттерди бошотуу, өлкөдөн чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировду мекенине кайтаруу, сөз эркиндигин сактап калуу экенин билдиришти.
  • 16-ноябрь. Парламент “Азаттыктын” журналисттеринин аккредитациясын убактылуу токтотту. Жогорку Кеңештин Жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) аккредитациядан өткөрүү комиссиясы “Азаттык Медиа” мекемесинин онго чукул кызматкерлерине берилген аккредитациялык ырастамаларды 17-ноябрдан тартып чакыртып алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирип, мындай чектөө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөгөнүнө байланыштуу кабыл алынганы менен түшүндүрдү.
  • "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы кабатыр кылып жатканын 15-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Сөз жана пикир билдирүү эркиндиги, мыйзам түрүндөгү демилгелер" деп аталган тегерек үстөлдө айтты.
  • 15-ноябрь, 2022-жыл. Финансылык чалгын кызматы “Азаттык Медианын” банктык эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрдү. 15-ноябрда мамлекеттик кызмат берген түшүндүрмөдө “Азаттык Медиа” мекемеси “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгени, буга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) каты негиз болгону айтылат. Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде киргизилгенин белгилеп, анын шарттарын көрсөткөн. "Азаттык Медиа" буга чейин эки жолу Финчалгын кызматына жана УКМКга кат жазып, түшүндүрмө менен кошо тиешелүү документтерди сураган. Мамлекеттик кызмат "саналуу гана кишилер көрө алат" деген гриф коюлгандыктан документтердин көчүрмөсү берилбей турганын билдирет.

  • 14-ноябрь, 2022-жыл."Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында 13-октябрда өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын чыгаруунун эки апталык мөөнөтү аяктады. Ленин райондук милициясынан 14-ноябрда билдиришкендей, акциядагы чакырыктардын видеолору жазылган, "Азаттык" берген DVD дискти эксперттер ача албай коюшкан. Бул тууралуу "Азаттыкка" расмий маалымат жана видеоматериалдарды кайра берүү тууралуу өтүнүч да берилген эмес.
  • 14-ноябрда УТРК жана НТС каналы "Азаттыктын" радио, телеберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту.Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын "Азаттыкка" жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.
  • 13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды. Муну мекеменин жетекчилиги оозеки билдирген жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынганы расмий айтыла элек. "Азаттык" НТСтин жетекчилигине кайрылып, соңку жагдай тууралуу расмий түшүндүрмө сурады. НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакция менен байланышып, "Азаттык" радиосунун "уктуруу, көрсөтүүлөрүн силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче кое албайт экенбиз" деген маалыматты айтуу менен чектелген. Кимден көрсөтмө алганы жана эфирди токтотууга эмне негиз болгону, ал үчүн тиешелүү расмий кагаздын бар-жогун маалымдай албай турганын айткан. "Азаттыктын" таңкы жана кечки радио берүүлөрү "Санжыра" аркылуу 2018-жылдан тартып обого чыгып турган. Мындан тышкары “Данисте”, “Эже-сиңдилер”, “Азаттык+” жана “Бийлик сырлары” телепрограммалары НТС телеканалынан чыгып келген.
  • 3-ноябрь. "Азаттык Медиа" мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген "Демирбанктын" катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере элек. 2-ноябрда "Демирбанк" "Азаттык Медианын" эсеби "Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө" мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

"Азаттык Медиа" банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

  • 2-ноябрь. Журналисттерге каршы кылмыштар үчүн жазасыз калууну токтотуунун эл аралык күнүнө карата Кыргызстандагы АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылды. Биргелешкен билдирүүдө эркин журналистика өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экени белгиленген.
  • 2-ноябрь, 2022-жыл. Жогорку Кеңештин 2-ноябрдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев "Азаттык Медиа" мекемесинин банктагы эсебинин сот чечими жок бөгөттөлүшү тууралуу маселе көтөрдү.
  • 2-ноябрь, 2022-жыл. "Азаттык Медиа” мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин алдында өткөн акциядагы билдирүүлөр жана чакырыктар боюнча дайындалган лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан "Азаттыкка" билдиришти. Буга чейин экспертизанын жыйынтыгы эки аптада чыгары айтылган.
  • 1-ноябрда "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык Медианын" банк эсептеринин эч түшүндүрмөсүз бөгөттөлүшү боюнча билдирүү жасады.
19:10 25.1.2023
  • 25-январь, 2023-жыл. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы "Азаттык Медиа" мекемесинин банк эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши "жашыруун грифи" бар деген негизде ачык маалымат берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу министрликтин "Азаттык" буга чейин жөнөткөн катына берген жообунда айтылат. Анда "Азаттыкка" байланыштуу Кылмыш кодексинин 222-беренеси ( Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча кылмыш иши тергелип жатканы көрсөтүлгөн.
  • 25-январь, 2023-жыл.“Чек арасыз кабарчылар” уюму (Reporters Without Borders) Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айыптады. Уюмдун 24-январда сайтына жарыялган билдирүүсүндө бул "Кыргызстанда ансыз да кысымга кабылып жаткан басма сөз эркиндигине чоң тоскоолдук болору" жазылган. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы Жанна Кавельенин билдирүүсүндө "мындай көрүнүш мамлекеттин жеке каалоосу мыйзамдан жогору турганын" көрсөтөрүн айтты.
  • 24-январь, 2023-жыл. Кыргызстандагы 25тен ашуун медиа уюм, жалпыга маалымдоо каражаты жана журналисттер Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин “Азаттыкка” каршы доо арызын соттон чакыртып алууну талап кылды. 24-январда жарыяланган билдирүүсүндө алар министрлик ушу тапта “Азаттык Медианын” доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер экенин, бирок ал соттун чечими чыга электе эле “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишин токтотууну суранып сотко кайрылып жатканы мыйзамга каршы келерин белгилешти. Билдирүүдө “Азаттык Медианын” ишин токтотууга негиз катары коюлуп жаткан “согушту, зомбулукту, кастыкты үгүттөө” деген мүнөздөгү жүйө өтө олуттуу айып экени, андай кине кастык атайылап, системалуу түрдө жайылтылып жаткан учурда гана орундуу болору, ал эми редакция андай кылбаганы, болгону кеп болуп жаткан видео материалында эки өлкөнүн мамлекеттик расмий органдарынын маалыматын гана бергени белгиленди.
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү тууралуу арызы 9-февралда саат 9:30да Ленин райондук сотунда каралат. Бишкек шаардык соту отурумдун мөөнөтү боюнча 24-январда тактоо киргизди. Мындан бир күн мурда соттук отурум 8-февралда каралары кабарланган эле.
  • "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттык" радиосуна байланыштуу соңку жагдайга комментарий берип, көз карандысыз журналисттердин ишмердигине болгон чабуулдарды айыптады.
  • Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз өкмөтүнүн "Азаттык" радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин айыптаган билдирүү таратты. Уюм 23-январда тараткан билдирүүдө кыргыз бийлигин радионун сайтына коюлган бөгөттү алып салууга, банк эсебин ачууга жана маалымат каражаттарын ооздуктоону токтотууга чакырды. Комитет "Азаттыкка" байланыштуу жагдайдан улам Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жана Юстиция министрлигине кат жолдоп, комментарий сураганын, бирок ал жоопсуз калганын белгиледи.
  • 23-январь, 2023-жыл. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу министрликтин "Азаттыкка" жөнөткөн маалымкатында айтылат. Катта сотко мекеме качан кайрылган датасы көрсөтүлгөн эмес. Сотко жолдогон доо арызында министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. Дал ушуну негиз кылып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.
  • 22-январь, 2023-жыл. Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу АКШ сенаторлорунун "Азаттык Медиа" тууралуу кайрылуусуна жооп берди.
  • 21-январь, 2023-жыл. АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошту. Бул тууралуу маалымат 20-январда Сенаттын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин расмий интернет барагына чыкты. Анда америкалык сенаторлор кыргыз өкмөтүн өзүнүн "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамын көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.
  • 12-январь, 2023-жыл. Адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча берген убадаларына карабастан кыргыз бийлиги соңку жылы сын айткандарды жана жарандык коомду чектеп келгенин 12-январда 2022-жылдын жыйынтыгына арналган баяндамасында эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму билдирди.
"Азаттыктын" кабарчысы Бишкектеги акцияны чагылдырып жүргөн учуру. 10-январь, 2023-жыл.
"Азаттыктын" кабарчысы Бишкектеги акцияны чагылдырып жүргөн учуру. 10-январь, 2023-жыл.
  • 11-январь, 2023-жыл. Эл аралык "Жарандык тилектештик платформасынын" мүчөлөрү "Азаттык" радиосу кабылган жагдайды сындап, Кыргызстандын бийлигин сөз эркиндигин сактоого үндөштү. Ар кайсы мамлекеттердеги отузга чукул уюмдун башын бириктирген платформа Кыргызстандын бийлигин "Азаттыктын" сайттарын бөгөттөн чыгарууга, радио берүүлөрүн калыбына келтирүүгө жана банк эсебин ачууга чакырды. Кайрылуу 11-январда Норвегиянын Хельсинки комитетинин сайтына жарыяланды.
  • 26-декабрь, 2022-жыл. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медианын" сайтын бөгөттөө боюнча чечими күчүндө калды. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, буга чейин көрсөтүлгөн материал өчүрүлмөйүнчө, сайт бөгөттөлгөн бойдон кала берет.
  • 22-декабрь, 2022-жыл. Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок. Арызда коопсуздук комитетинин Финансылык чалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын бул кайрылуусу "Азаттык Медианын" банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон. Соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бекенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырды. Соттун чечимин улай “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү таратты. “Райондук соттун “Эркин Европа / Азаттык” радиосунун ар бир өтүнүчүн четке каккан бүгүнкү чечими мыйзам үстөмдүгүнө негизделгендей көрүнбөйт, бирок эркин медианы сыйлабагандыкка жатат. “Эркин Европа / Азаттык радиосу өкмөттүн биздин ишмердикке болгон туруктуу чабуулдарына жооп катары мүмкүн болгон бардык мыйзамдык чараларды караштырууну улантат”, - деп айтты Жейми Флай.
  • 13-декабрь, 2022-жыл. Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Грузиянын, Литванын, Молдованын бир катар журналисттери, баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитети” жана “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму кыргыз бийлигине кайрылды. Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп, демократиялык баалуулуктардан артка чегүүнү болуп жатканын билдирип, өлкөдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жабууга, мыйзамсыз кармоолор жана токулган иштер менен сайттарды бөгөттөө үчүн мыйзамдар кабыл алынып жатканын сынга алышты.
  • 13-декабрь, 2022-жыл. Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, журналисттер жана жарандык коом өкүлдөрү президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоп, “Азаттык” радиосунун толук иштөөсүнө шарт түзүүгө үндөштү. 120га жакын ага кол койгон инсандардын арасында академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, коомдук ишмерлер Тилектеш Ишемкулов, Роза Айтматова, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Муратбек Мукашев, Абдывахаб Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, жазуучу Кален Сыдыкова, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Элвира Сурабалдиева, Гуля Кожокулова, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо, Жалолидин Нурбаев, Сеидбек Атамбаев, Нилуфар Алимжанова, Эмил Токтошев, Винера Раимбачаева жана башкалар бар. Кайрылууга кол койгондор “Азаттык” өзүнүн дээрлик 70 жылдык тарыхында Кыргызстандын өз алдынча, эгемендикке ээ болушу үчүн советтик системанын тушунда талыкпай күрөшүп, кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигине жетишине зор салым кошконун, Кыргызстан эгемен, сөз эркиндигин туу туткан мамлекет катары курулушуна, өнүгүшүнө «Азаттык» аркылуу жанын үрөп кызмат кылгандардын башында Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Мамашарип Казы, Салижан Жигитов өңдүү мекенчил инсандар турганын белгилешти.
  • 2-декабрь. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин административдик даттануусун карап, аны канааттандыруусуз калтырды. 30-ноябрда кабыл алган чечиминде министрлик "маалыматтык мейкиндикти анализдөө жана мониторинг жүргүзүү, терс жана кооптуу делген кырдаал түзүлгөнүн көргөн болсо ошол замат административдик акт түзүү укугу бардыгын" белгилейт. Ошону менен катар эгер "жалган" деп таанылган маалымат "Азаттыктын" сайтынан алынса же соттун тийиштүү чечими күчүнө кирсе, веб-сайттын ишине кайрадан уруксат берилиши мүмкүн экени, бирок “Азаттык Медиа” кеп болуп жаткан видеоматериалын сайтынан өчүрбөгөндүктөн административдик даттануу канааттандырылбаганы жазылган
  • 1-декабрдан тартып 9-декабрга чейин социалдык тармактарда Кыргызстандын журналисттерин жана жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) колдоо боюнча маалыматтык өнөктүгү жүрдү. Акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын жеткирүү болду. Кыргызстандагы журналисттерге жана ЖМКларга басым жасалган фактылар түрдүү өлкөлөрдүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан #ForKyrgyzJournalist, #ForKyrgyzMedia деген хэштегдер менен жарыялашты. Маалымат өнөктүгүнө Грузия, Молдова, Украина, Казакстан, Литва жана башка өлкөлөрдөн журналисттердин катышкан. Өнөктүк учурунда change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана ЖМКларды колдоо максатында кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылган.
09:42 26.1.2023

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG