Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

12:03 27.4.2023

Эмилбек Каптагаев: "Азаттыкты" жабуу аракети бийликтин интригасы

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев
"Азаттыкка" карата ушундай саясат болуп атканы өкүнүчтүү. Мунун себеби президенттин тегерегинде иштегендердин бир чоң интригасынан эле чыкты деген пикирдемин. Анткени "Азаттыкты" сынга алуу жана аны жабуу аракети мамлекеттик түпкүлүктүү кызыкчылыкка жооп бербейт. Мамлекеттин сырткы имиджине, негизи эле мамлекеттик ички саясатын декларациялуу айтылган өңүтүнө каршы иштер. Албетте, көпчүлүк "Азаттыкты" угуу, окуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырагандай болуп сезилет, бирок, азыркы заманда радионун материалдары коомго толук жетип атат. Ошол эле бөгөт коюлган сайтка кирүүнүн толгон жолдору ачык турат. Ошондуктан анын иши, багыты, таасири өзгөргөн жок. "Азаттыкты" басуу, кысымга алуу боюнча мамлекеттик машина иштеп калды, бул ачыктан ачык эле болуп атпайбы. Ошол кысым коомдук пикир жараткан айдыңда, сотто, айтор төрт тарабынан тең болуп жаткан басымды коом көрүп эле турат. Бүгүн сот такыр эле кара өзгөйлүккө салып "Азаттык" жабылсын деп туруп алса, бул Кыргызстанга эч кандай аброй алып келбейт. "Азаттыктын" үнү өчпөйт, бул медиа Советтер союзунун учурунда деле кыйын күндөрдү көрүп иштеп келген. Алтургай ошол кезде жогорку деңгээлдеги партиялык кызматкерлер деле жашынып алып "Азаттыкты" угуп отурчу. Азыркы тапта радио өлкөдөгү маалымат каражаттарынын эрежесине жараша иштеп, ошого ылайыкталган материалдарды чыгарып жатат. Өлкөдө болуп аткан саясатка кайсы бир деңгээлде жумшагыраак мамиле жасап, оңолуп кетер дегендей мамиле болуп атса, ал эми "Азаттык" жабылып, маалыматты сырттан айтып калганда абал өзгөрөт. Алар берген жаңылыктардын маанайы да, багыты да кескин өзгөрүп кетиши мүмкүн. Сын көбөйүп, жалаң гана кемчиликтерди айтууга өтсө, бул мамлекет үчүн =жакшы жагдай эмес. Сотто териштирилип, ошого байланыштуу "жабылсын" деп аткан материалдын чыгышы коомчулукка да, эл аралык жана башка мамилелерге да эч кандай таасирин тийгизген эмес. Андан катуу сөздөрдү айтып, ошол эле согуш тууралуу таптакыр тескери пикирди айткандар азыр жогорку бийликте иштеп эле отурушпайбы. Ошондуктан "Азаттыктын" тегерегиндеги чууну мыйзам чегинде эле карап, мыйзам чегинде басканы оң".

12:03 27.4.2023

12:32 27.4.2023

12:33 27.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG