Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

10:12 27.4.2023

10:45 27.4.2023
Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты:
Абдывахаб Нурбаев.
Абдывахаб Нурбаев.
"Азаттык" Cоветтер союзунда деле Кыргызстандын эгемендик алышына, улуттук саясатты жүргүзүүдө өтө чоң ролун ойноп, салымын кошуп келген. Эгемендикке ээ болгондон кийин да кыргыз тилин өнүктүрүүдө жасаган иши зор. Демократиянын негизги шарттары болгон сөз эркиндиги, адам укугу, таза шайлоо үчүн күрөшүн да эске алуу керек. Азыркы тапта илим өнүгүп, заманбап технологиялар алдыга озуп чыгышы - "Азаттыкты" жабууга жол бербейт.
Кыргызстанда "жабылды" дегени менен башка жерде туруп өз берүүлөрү менен кыргыз элинин, коомчулуктун өнүгүүсүнө, демократиянын калыптанышына салымын кошо берет. Буга чейин канча бийлик болсо, ошол бийликтин баарынын кылган туура эмес иштерин ачык айтып, каталарын белгилеп келген. Мындан улам алар бул маалымат каражатын жаап, ишин токтотууну көздөгөн. Бирок эң кызыгы - алардын айрымдары бийликтен кетип, кайра эле "Азаттык" аркылуу үнүн элге жеткирип турганына биз күбө болдук. Эл аралык коомчулуктун арасында медианын жабылышы "Кыргызстан демократиялык процесстерин артка кайтарып, сөз эркиндигине басым жасап атат" деген ойду калыптандырып, өлкө аброюна шек келтирет. "Азаттык" журналистиканын эл аралык стандарттарын сактап иш алып барган алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири. Ал аркылуу бир маселени эки тараптуу угуп, окурман өз пикирин, оюн калыптандырып алып атат".
10:57 27.4.2023
"Азаттыкты" ордуна коюп койгула!"
Токтомуш ажы 86га келди. Чоң энемдин бир тууган агасы.
Жашынан жетим өскөнгөбү өзүнө гана ишенген, жемин жедирбеген, тың киши. Убагында муштуму менен да, сөзү менен да далайды жыккан.
Бул ирет Айтта, Жылдыкта көрүштүк. "Кимсиң?" деди. Ичим тыз этти. "Тагам карылыкка алдырганбы?" дегенче өзүмдү тааныштырдым.
"Эй "Азаттык", бери жакын отур!.." Кыйладан бери ал жакта иштебей калганым менен иши канча. "Аа баягыдай эле өткүр тура."
Көңүлүм жайланды. Телефонго тартып калууга ашыктым.
"Амалпараздар менен жеп-ичкичтер эле жаптырып атат, "Азаттыкты" ордуна коюп койгула" деди. "Кемчилик Кудайда гана жок. Пенденин кемчилигин айтып түздөп турушу керек, анан ошентип мамлекет оңолот" деп Садыр Жапаров, сизге салам жолдоду. Калган кеп видеодо.
Президент мырза, "Азаттык" Токтомуш ажыга керек. Мага керек. Бийликтен кеткенде сизге керек. Жалпы Элге керек.
"Азаттык" бураса акпай калчу кран эмес. Компьютерин түйүп кетип дүйнөнүн каалаган бурчунан сындай/мактай берет. Соттоп, Минюст каттоосун үзсө накта колу бутун бошотосуңар. Дагы курч, дагы катуу жазгысы келгендер ошондо чыгат. Аны бирөө токтотобу? Анткени "Азаттык" жетекчиликтен эмес - кашкөй журналисттерден турат.
"Азаттыктын" билинбеген далай Уланы бар, алардын таза Кыргызстаным деген урааны бар.
Жеңе албайсыңар.
"Азаттыкты" ордуна коюп койгула.

10:59 27.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG