Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

20:01 17.3.2023

Адвокат Тимур Султанов өтүнүч келтирүүдө. Ленин райондук соту. 2023-жылдын 17-марты.
Адвокат Тимур Султанов өтүнүч келтирүүдө. Ленин райондук соту. 2023-жылдын 17-марты.

Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият министрлигинин “Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча арызы каралды. Анда “Азаттыктын” жактоочулары доо арыз жазууга себеп болгон берүү жөнүндө баяндап, мыйзам бузулбаганын негиздеп беришти.

Чек ара чатагы бейтарап чагылдырылган

17-марттагы сот отурумун фото-видеого тартуу маселеси талаш-тартыш менен чечилди. Адегенде министрликтин өкүлдөрү соттук териштирүүнү чагылдырууга каршы болуп, судья Чолпон Каримбаева 10-20 мүнөт гана видеого түшүрүүгө уруксат берди. Бирок, “Азаттыктын” жактоочуларынын кайталап берилген өтүнүчүн судья канааттандырды.

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бектур Ибрагимов "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамы бузулганын жүйө кылып, "Азаттык Медиа" мекемесин массалык маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн доо арыз берилгенин билдирди.

“Азаттыктын” адвокаты Тимур Султанов сайтты бөгөттөөгө жана доо арыз берүүгө себеп болгон кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал бейтарап даярдалганын баяндап, министрликтин өкүлүнө “Азаттык Медиа” мекемеси жаңжалды кантип чагылдырганын сурады.

Министрликтин өкүлү Бектур Ибрагимов чек ара чатагын чагылдыруу боюнча өлкө жетекчилигинин ыраазычылык айткан ЖМКлардын арасында “Азаттык” болгонун тактады.

Бектур Ибрагимов: Ал жакта мамлекеттики (ред: мамлекеттик медиалар) гана иштеген жок. Эркин массалык маалымат каражаттары дагы иштегенин моюнга алыш керек. Биримдикке иштешкен.

Тимур Султанов: Ыраазычылык алган массалык маалымат каражаттарынан ичинде “Азаттык” бар беле?

Бектур Ибрагимов: Бар болчу.

Сот жүрүшүндө талашка себеп болгон “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал көрсөтүлдү.

Экспертиза өтүнүчү жана министрликтин жүйөсү

Соттогу суроо-жооп учурунда министрликтин өкүлү “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес экенин белгиледи. Министрлик эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалын улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирилди. "Азаттыктын" адвокаттары экспертиза боюнча өтүнүч менен таанышууга убакыт сурады. Ошентип, сот 24-март саат 14:00гө жылдырылды.

Министрликтин өкүлү Бектур Ибрагимов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мекеме бир дагы ЖМКны жабууга ниети жок экенин белгиледи.

“Албетте, жабуу максаты жок. Мыйзам бар, мыйзамды баарыбыз аткарышыбыз керек. “Азаттык” жыйырма жылдан бери өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Баткендеги окуялар боюнча дагы жардам бергенин айтпадыкпы. Ошол эле учурда бардык массалык маалымат каражаттары мыйзамды сакташы керек”, - деди ал.

"Эч кандай мыйзам бузулган эмес"

"Азаттыктын" адвокаты Тимур Султанов сот отурумда министрлик арыз берүүдө таянып жаткан "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамы бузулбаганын баса белгиледи.

"Маданият министрлиги доо арызда "Азаттыкты" массалык маалымат каражаты катары жабуу боюнча талабын коюп жатышат. Соттук териштирүү учурунда өздөрү башка позициясын билдирип жатышат. Биз өзүбүздүн позицияда калабыз. Журналисттер бул сюжетти объективдүү даярдашкан жана Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнөн алган маектер дагы болгон. Эмки соттук териштирүүдө келтирилген өтүнүч боюнча позициябызды билдиребиз", - деди жактоочу Тимур Султанов.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.
Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

14:15 23.3.2023

Бишкек шаардык соту "Азаттыктын" банк эсептеринин бөгөттөлүшүнө байланыштуу арызын канааттандырган жок. Мындай чечимди ишти жабык режимде караган соттук коллегия 23-мартта кабыл алды. Маалыматка ылайык, былтыр 21-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ички иштер министрлигинин кайрылуусунун негизинде "Азаттыктын" "Демирбанктагы" эсебин камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМ сотко кайрылуусуyна негиз катары 2021-жылы Кылмыш кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешени адалдоо") боюнча козголгон ишти көрсөткөн. Бирок ал кылмыш ишинде "Азаттык" кандай макамда өтүп жатканы Ички иштер министрлиги "жашыруун грифи" бар деген негизде ушул күнгө чейин маалымат бербей келет.

Биринчи Май райондук соту "Азаттыктын" банк эсебин камакка алуу чечимин кабыл алганы менен бул тууралуу радиого эч кандай расмий маалымат берген эмес. Мындан улам "Азаттыктын" юристтери райондук сот кабыл алган чечимдин үстүнөн даттанууга мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот жактоочулардын бул арызын канааттандырган жок. "Азаттыктын" адвокаты Нурбек Сыдыков соңку жагдайды "Азаттыктын" укугун бузуу деп атады:

“2022-жылы 21-декабрда эсеп бөгөттөлүптүр. Ал учурда "Азаттыкка" жана расмий өкүлдөрүнө сот да, ИИМ да расмий маалымат бербей койгон. Мыйзам боюнча соттун чечими чыккан соң бир айдын ичинде шаардык сотко даттанууга болот. Бирок ал мөөнөттү райондук соттун чечимин 2-мартта гана ала алдык. Андан соң ушул укукту калыбына келтирүү арызыбызды шаардык сотко кайрылсак бүгүн мыйзамсыз чечим чыгарып койду”,-деди.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катышы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган. Буга карабай "Азаттыктын" банк эсептери ачылбай келет.

Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы "Азаттыктын" юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес.

"Азаттык" радиосунун жетекчилиги укук коргоо органдарынын бул аракетин мыйзам бузуу жана маалымат каражатынын ишмердигине атайлап тоскоолдук катары атаган.

Буга чейин бир нече эл аралык уюмдар, саясатчылар жана Кыргызстандык жүздөгөн ишмерлер "Азаттыктын" чектөөсүз иштешин талап кылып, бийлик органдарына кайрылган.

14:34 24.3.2023

Бүгүн 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу доо арызы каралып жатат.

"Азаттыктын" адвокаттары Маданият министрлигинин экспертиза боюнча өтүнүчүн четке кагууну суранды. Сот кеңешүүгө кетти.

17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалында улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирген.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

15:00 24.3.2023

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева бүгүн, 24-мартта Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык” боюнча арызын карап, 2022-жылдын 16-сентябрындагы “Настоящее время” телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Анда “Настоящее время” телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козуутунун жана согушту пропагандоолонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлат.

"Азаттык Медианын" адвокаттары мындай экспертизанын коюлушуна каршы болушкан. Алар Маданият министрлиги аны "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөгө чейин тактап алышы керек болгонун, бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин белгилешкен.

Эми экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин соттук иш убактылуу токтолулат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG