Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:21

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

18:15 24.3.2023

Бишкектин Ленин райондук соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун курамындагы “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалды лингвистикалык экспертиза өткөрүү боюнча маданият министрлигинин өтүнүчүн колдоду.

"Экспертизага негиз жок"

24-марттагы соттук отурумда “Азаттык Медиа” мекемесинин адвокаты Нурбек Сыдыков Маданият министрлигинин лингвистикалык экспертиза боюнча өтүнүчүн четке кагууну суранды.

Адвокат министрлик аталган материалды "Азаттыктын" сайтын бөгөттөөгө жана сотко доо арыз бергенге чейин экспертизадан өткөрүп, тактап алышы керек болчу деди.

“Демек, доогер тарап өздөрү айтып жаткан “улут аралык кастык, согушту пропагандалоо” бар экенинен шек санап жатышат. Сайтты бөгөттөөдө кандайдыр бир тиешелүү экспертизанын корунтундусу жок кабыл алышкан. Алар (ред: Маданият министрлиги) сотко кайрылаар алдында көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы, далили менен келиши керек болчу. Эгерде биз макул болбосок, кошумча экспертизага берилмек. Сайтты бөгөттөөдө “кастык тили бар” деп чечимин кабыл алып, ал эми сотко келгенде лингвистикалык экспертизаны суранып жатышат. Буга чейин эмнеге дайындашкан жок?", - деди жактоочу.

Судья Чолпон Каримбаева жарым сааттан ашык кеңешүүгө кетип, 2022-жылдын 16-сентябрындагы “Настоящее время” телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчтү канааттандырды. Тактап айтканда, улут аралык кастыкты козутуунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлат.

“Ушундай экспертиза талап кылынып жатат деп өтүнүч бердик. Анткени көпчүлүк материал бейтарап берилген деп жатышат. Ошол себептен тактоо үчүн, маселе болбошу үчүн өтүнүч менен кайрылдык”, - деди министрликтин өкүлү Бектур Ибрагимов.

Мамлекеттик экспертизанын корутундусу качан чыгат азырынча белгисиз. Анын жыйынтыгы чыкканга чейин соттук иш убактылуу токтотулат. Адвокат Нурбек Сыдыков жарандык иштерде кылмыш ишиндегидей укуктук маселер каралбашы керек деп эсептейт.

"Кылмыш иши болбогондуктан мындай суроону койгонго мүмкүн эмес. Ал видео материалдын чыкканына алты ай өттү. Ал жарыялангандан кийин кандайдыр бир чыр же согуш чыгып кеткен жок. Кылмыш иши дагы жок. Андыктан жарандык иште мындай өтүнүч киргизилбеши керек. Тилекке каршы, сот мамлекеттик экспертиза дайындады. Эми анын чечимин күтөбүз”, - деди Сыдыков.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон. Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

“Азаттыктын” сот иштерине жалпыга маалымдоо каражаттарынан сырткары, угармандар, жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоо салууда.

“Орусияда массалык маалымат каражаттарын куугунтуктап эмне болду? Өзүнө көйгөйлөрдү үйүп алды. Ошондон сабак алышы керек болчу. Өткөндө сотко атайын бардым, эмне күнөө бар экен деп. Эч нерсе жок. Убагында ажобуздун жакындары "Азаттыкка" кайрылып, акыйкаттыкты айтат деп жүрүшкөнүн эске салам", - деди укук коргоочу Сапарбек Аргынбаев.

Бир күн мурун, 23-мартта Бишкек шаардык соту "Азаттыктын" банк эсептеринин бөгөттөлүшүнө байланыштуу арызын канааттандырган эмес. Былтыр 21-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ички иштер министрлигинин кайрылуусунун негизинде "Азаттыктын" "Демирбанктагы" эсебин камакка алуу чечимин чыгарган.

ИИМ сотко кайрылуусуна негиз катары 2021-жылы Кылмыш кодексинин 222-беренеси ("Кылмыштуу кирешени адалдоо") боюнча козголгон ишти көрсөткөн. Бирок ал кылмыш ишинде "Азаттык" кандай макамда өтүп жатканы Ички иштер министрлиги "жашыруун грифи" бар деген негизде ушул күнгө чейин маалымат бербей келет.

Биринчи Май райондук соту "Азаттыктын" банк эсебин камакка алуу чечимин кабыл алганы менен бул тууралуу радиого эч кандай расмий маалымат берген эмес. Мындан улам "Азаттыктын" юристтери райондук сот кабыл алган чечимдин үстүнөн даттанууга мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Сот жактоочулардын бул арызын канааттандырган жок. "Азаттыктын" адвокаттары соңку жагдайды "Азаттыктын" укугун бузуу деп атаган.

11:12 13.4.2023

Бүгүн, 13-апрелде Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын карап жатат. Анда “Азаттыктын” адвокаттары Финчалгын кызматынын былтыр октябрь айында радиону "Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын" тизмесине киргизилишин жана “Демирбанктагы” банк эсеби бөгөттөлөшүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүүдө.

Буга чейин бул арызды караган Бишкектин Административдик соту адвокаттын арызын канааттандырбай, ишти кыскартып салган.

Шаардык сотто “Азаттыктын” арызын курамына судьялар Болот Сатыбалдиев, Нурия Бекбаева, Антониа Рыбалкина кирген соттук коллегия карап жатат.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Бирок бүгүнкү сотто Финансылык чалгын кызматынын өкүлдөрү "Азаттык Медианы" былтыр 28-декабрда "Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын" тизмесинен чыгарылганын айтып, буга байланыштуу ишти кароого негиз жоктугун билдирди.

Финчалгын кызматы былтыр жыл аягында «Азаттыкты» шектүү уюмдардардын катарынан чыгарса да радионун "Демирбанктагы" банк эсептери ачыла элек. Буга чейин Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишинин алкагында "Азаттыктын" эсептери соттун чечими менен камакка алынганы белгилүү болду.

Бирок аталган иште “Азаттыктын” юридикалык макамы беймаалым. Бул иш боюнча толук маалыматты ИИМ кылмыш ишинде жашыруун гриф бар деген негизде бербей келет.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

09:53 27.4.2023

“Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон эфир боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис 26-апрелдеги соттук отурумда көрсөтмө берди. Ал экспертизага коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирип, ага юристтер гана аныктама бериши керектигин айтты.

“Азаттыктын” адвокаттары буга байланыштуу сотту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин арызын четке кагууга чакырды. Отурум 27-апрелде, саат 14:00до уланат. Анда чечим чыгышы мүмкүн.

09:59 27.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG