Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:24

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

10:18 7.3.2023

"Азаттык Медиа” мекемесинин арызы

Бишкектин административдик соту 7-мартта "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын карап, аны канааттандырган жок.

Бүгүнкү процессте тараптардын жарыш сөзү болду. "Азаттык Медианын" жактоочулары сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирбегенин, материал бейтарап берилгенин белгиледи. Жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды.

Министрликтин өкүлдөрү "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгө негиз болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөгөндүктөн сайты бөгөттөө улантылып жатканын айтты. Алар видеоматериалда бейтараптуулук сакталганын белгилеп, бирок тажик тарап басымдуулук кылганын жүйө кылды.

"Азаттыктын" адвокаттары Бишкектин административдик сотунун чечимге каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрылат.

Буга чейин, 2-мартта Бишкектин административдик соту "Азаттык Медиа” мекемесинин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызы боюнча жараянды 7-мартка жылдырган.

Буга “Настоящее время” телеканалынын Кыргызстанда юридикалык жак болуп катталып-катталбаганы боюнча Юстиция министрлигинен сотко жооп келбегени негиз болгон.

Ага чейинки, 17-февралдагы сотто “Настоящее время” каналынын юридикалык макамын аныктоо боюнча Юстиция министрлигине кат жөнөтүлгөн.

Аталган министрлик 26-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

"Азаттык Медиа" бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилөөдө.

Министрликтин "Азаттыкка" каршы арызы

6-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча Бишкектин Ленин райондук сотундагы отурумда 17-мартка чейин тыныгуу жарыяланган.

Буга министрлик “Азаттыктын” каттоо документтерин Юстиция министрлигинен тактоо керектигин билдирип, судья өтүнүчтү канааттандырганы негиз болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болгон.

20-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум өткөн. Анда “Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев доогер тараптын арызы так жазылбаганын кабарлаган.

“Өздөрүнүн доо арызында кандай талап коюлганы так жазылган эмес. Жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу же “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу талабы жазылганбы? Ошол так болбой калган. Мурунку отурумда доогер тарап экспертиза дайындоо жөнүндө өтүнүч болгон. Ал экспертизада кандай суроолор болоору дагы аныкталган эмес. Биз соттон ошолорду тактоону өтүндүк”, - деди Алагушев.

Сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, министрликти арыздагы талапты жана экспертизанын суроолорун тактап жазып келүүнү тапшырды. Сот отуруму 6-мартка жылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева сот отурумунан кийин журналисттерге комментарий берип, арыз толукталарын маалымдады.

“Жоопкер тараптан арыз түшүнүксүз болуп жатканы айтылды. Биз өзүбүздүн доо арызыбыз боюнча маалыматтарды толуктап, сотко жөнөтөбүз”, - деген ал.

“Азаттыктын” адвокаты Акмат Алагушев соттук отурумду ЖМКларга видеого тартууга уруксат берүүнү суранган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү бул өтүнүчкө каршы болуп соттун башында 10 мүнөт гана тартууга уруксат берүү керектигин билдирди. Ишти карап жаткан судья Чолпон Каримбаева министрликтин өтүнүчүн канааттандырып, соттук жараянды башында 10 гана мүнөт тартууга уруксат берген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданганы 23-январда маалым болгон.

Министрлик доо арызда эл аралык компаниянын "Настоящее время" телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

"Азаттык Медиа" мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

9-февралда Ленин райондук сотунда арызды кароо башталып, министрликтин экспертиза дайындоо өтүнүчү менен 20-февралга жылдырылган.

"Азаттыктын" эсебинин жабылышы: тергөөчү маалыматтарды бербей жатат

22-февралда “Азаттык Медиа” мекемесинин жактоочусу Нурбек Сыдыков ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапеков кылмыш ишинин материалдарын бербей жатканын кабарлаган. Адвокаттын айтымында, тергөөчү ИИМдин жетекчилигинен уруксат алуу керек экенин билдирген.

Андан бир күн мурда, 21-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту банк эсептерин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш ишинин материалдарын "Азаттыкка" берүүгө Ички иштер министрлигин милдеттендирген.

Судья Тилек Турдукулов чыгарган чечимге ылайык, "Азаттык" үналгысынын "Демирбанктагы" банк эсептерин камакка алууга негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды радиого берүүдөн баш тарткан ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетинде "мыйзам бузуу бар" деп табылды. Иш менен "Азаттыктын" адвокаттарынын таанышуусуна уруксат берилди.

"Азаттыктын" банк эсебин бөгөттөө боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетине каршы арызында банк эсебин бөгөттөөгө негизделген документтерди тааныштырууга мүмкүнчүлүк бербеген Жапековдун аракеттеринин мыйзамдуулугун кароо өтүнүчү келтирилген. Жараянга ИИМдин тергөө тобунун тергөөчүсү Азамат Абдиев келип, ишти жабык кароо өтүнүчүн келтирди. Муну иште купуя сырды камтыган материалдар бар экени менен түшүндүрдү. “Азаттык Медианын” адвокаты Нурбек Сыдыков буга каршы болуп, ишти ачык кароону суранган. Бирок судья Тилек Турдукулов кеңешүү бөлмөсүнө барып келгенден кийин иш жабык карала баштаган.

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин жарыялаган. Былтыр декабрда Финчалгын кызматы атайын текшерүүдөн кийин буга чейинки шектенүүлөр аныкталбай, "Азаттыктын" "Кылмыштуу кирешени адалдоого шек саналгандардын тизмесинен" чыгарылганын расмий жарыялаган.

Буга карабай "Азаттыктын" банк эсептери ачылбай келет. Бул Ички иштер министрлиги тергеп жаткан кылмыш ишке байланыштуу экенин расмий органдар кабарлаган. Аталган кылмыш иши, андагы "Азаттыктын" юридикалык статусу боюнча эч кандай маалымат берилген эмес. "Азаттык Медианын" адвокаттары ишти тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековго бир нече жолу кайрылганда, ал документерди берүүдөн баш тарткан.

Буга байланыштуу радионун адвокаттары Биринчи Май райондук сотуна кайрылып, ишти кароо башталган.

"Азаттыктын" банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

17:05 17.3.2023

17:34 17.3.2023

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес. Бул тууралуу министрликтин өкүлү бүгүн 17-мартта Ленин райондук сотунда "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызы каралып жатканда айтты жана экспертиза боюнча өтүнүч келтирерин билдирди. Эмне экспертиза тууралуу сөз болуп жатканы айтыла элек.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызында ал эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. “Азаттык Медиа” мекемеси “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесинин “согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат” деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Азаттык” “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп комментарий берген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банк эсептери боюнча бир нече сот иштери уланып жатат. “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсептери жана сайтынын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап келет.

18:36 17.3.2023

Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арызын кароо Бишкектин Ленин райондук сотунда 24-мартта уланат.

17-марттагы соттук териштирүү учурунда министрликтин өкүлү эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалын улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн келтирилди. "Азаттыктын" адвокаттары экспертиза боюнча өтүнүч менен таанышууга убакыт сурады.

"Маданият министрлиги доо арызда "Азаттыкты" массалык маалымат каражаты катары жабуу боюнча талабын коюп жатышат. Соттук териштирүү учурунда өздөрү башка позициясын билдирип жатышат. Биз өзүбүздүн позицияда калабыз. Журналисттер бул сюжетти объективдүү даярдашкан жана Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнөн алган маектер дагы болгон. Эмки соттук териштирүүдө келтирилген өтүнүч боюнча позициябызды билдиребиз", - деди жактоочу Тимур Султанов.

Мунун алдында соттук териштирүү учурунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыкты” жабууга кызыкдар эмес экенин аталган мекеменин өкүлү билдирген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG