Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:25

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

17:15 26.1.2023

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму Кыргызстандын бийлигин “Азаттык Медиа” мекемесине байланыштуу доо арызды соттон чакыртып алууга үндөдү

Аталган уюмдун 25-январда жарыяланган баяндамасында "Азаттыктын" сайтын бөгөтөө чечимин жокко чыгарууга да чакырык ташталган.

Бишкекти адам укугу багытындагы эл аралык милдеттемелерин сактоого үндөгөн. Билдирүүдө уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс “Азаттыктын” жабылышы журналисттерге каршы репрессияны уланышын шарттайт деген пикирин айткан.

14:52 31.1.2023

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Азаттык” радиосунун айланасындагы иштер боюнча суроого жооп берди.

Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү боюнча прокуратура сотто кайсы бир тарап катары катышпагандыктан комментарий бере албай турганын айтты.

18:12 31.1.2023

Финансылык чалгын кызматы “Азаттык Медианы” былтыр 28-декабрда “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга” катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесинен чыгарганы белгилүү болду. Бул тууралуу аталган орган 31-январда “Азаттыкка” жөнөткөн катында айтылат. Анда былтыр жыл аягында Финчалгын кызматы өз буйругу менен “Азаттыкты” кылмыштуу кирешени адалдаган уюмдардын тизмесинен Ички иштер министрлигинин кайрылуусунун негизинде чыгарганы белгилүү болгон.

“Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы 31-октябрда кабарланган. 15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.

Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет.

Финчалгын кызматы былтыр жыл аягында “Азаттыкты” шектүү уюмдардардын катарынан чыгарса да радионун “Демирбанктагы” банк эсептери ачыла элек. Буга чейин “Демирбанкка” кайрылган учурда “Азаттыктын” эсептери соттун чечими менен камакка алынганын билдирген. Бирок аталган мекеме кайсы иш жана кандай чечимдин негизинде болгонун түшүндүрбөй жатат.

"Азаттык Медиа" банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

01:02 9.2.2023

Amnesty International: Кыргыз соту "Азаттык" аркылуу сөз эркиндигинин тагдырын чечет

9-февралда Бишкектин Ленин райондук соту Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык» радиосунун ишмердигин токтотуу тууралуу арызын карайт. Буга утурлай баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Amnesty International (Эл аралык мунапыс) уюму билдирүү таратып, кыргыз бийлигин соттон арызын кайтарып алууга, журналисттерди коркутуп-үркүтүүнү токтотууга, сөз жана ой-пикир эркиндигин чектебөөгө чакырды.

“Эртең (ред. 9-февралда) Бишкектеги сот бир гана “Азаттык” радиосунун эмес, иш жүзүндө өлкөдөгү сөз эркиндигинин тагдырын чечет. “Азаттык” радиосунун улуттук бюросу жабылса, Кыргызстандын бийлигинин мындай аракети сөз эркиндигине каршы масштабдуу ачык чабуул жана өлкөдөгү окуяларды ар кандай сынчыл көз караш менен чагылдырууга чыдамсыз мамиле катары бааланат. Amnesty International (“Эл аралык мунапыс” уюму) өлкө бийлигин бул арыздан баш тартууга, журналисттер жана өкмөттү сындагандарды куугунтуктап, опузалоону токтотууга, ойду эркин айтуу укугун толугу менен урматтоого, алга сүрөөгө жана аны ишке ашырууга көмөктөшүүгө чакырат», - деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Денис Кривошеев. 9-февралда Бишкекте “Азаттык” радиосуна байланыштуу эки соттук отурум өтөт. Саат 9:30да Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин Кыргызстандагы ишмердигин токтотуу боюнча арызын карайт. Саат 9:00дө Бишкектин Административдик сотунда “Азаттык Медианын” жергиликтүү банк эсебинин бөгөттөлүшүнө байланыштуу Финансылык чалгын кызматына каршы арызы териштирилет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG