Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

09:47 9.2.2023

Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту “Азаттык Медианын” мекемесин Жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырды. Буга аталган министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүнчү себеп болду. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген жок.

10:08 9.2.2023

Бүгүн, 9-февралда Бишкек шаарынын административдик соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырды. Процессте аталган медианын адвокаты Нурбек Сыдыков Чалгын кызматынын "Азаттыктын" банктагы эсебин бөгөттөө тууралуу буйругун берүүнү өтүндү жана судья бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок жоопкер тараптын жанында бул документ жок болгондуктан судья бул документти "Азаттыктын" юристерине берүүнү тапшырып, жараянды 16-мартка жылдырды.

11:02 9.2.2023

"Азаттык радиосуна" байланыштуу соттук иштер:

1. "Азаттыктын" Маданият министрлигининин сайтты бөгөттөө боюнча чечимине каршы арызы

"Азаттыктын" юристтери даярдаган арыз Бишкек шаарынын административдик сотунда каралат. Арызда "Азаттыктын" сайтынын бөгөттөө боюнча чечимин мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирип, мыйзамсыз деп табуу суранган. Бул боюнча кийин процесс 17-февралга белгиленген.

2. "Азаттыктын" банк эсебин бөгөттөө боюнча УКМКнын аракетине каршы арызы

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.
"Азаттык Медиа" УКМКнын мындай аракети мыйзамсыз деп Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Бирок сот радионун арызын канааттандыруудан баш тарткан. Райондук соттун чечимине каршы доо арыз менен «Азаттык» Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бул боюнча алгачкы соттук жараян 26-январга белгиленип, процесстин жүрүшүндө "Азаттыктын" адвокаттары радионун банк эсептерин бөгөттөөгө байланыштуу кылмыш ишин учурда иликтеп жаткан Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүн чакыруу өтүнүчүн келтирген.
Соттук коллегия бул сунушту канааттандырганы менен кийинки жараянга ИИМдин тергөөчүсү эч себепсиз келген жок. Буга карабай шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып, «Азаттыктын» арызын канааттандырган жок.
Бул чечимди «Азаттыктын» адвокаттарынын бири Тимур Султанов төмөнкүчө комментарийледи:
“Соттун токтомунун негизинде “Азаттык Медиага” каршы кылмыш ишин тергеп жаткан тергөөчү сотко чакырылган. Андан тышкары сот козголгон кылмыш ишин да карашы керек эле. Тилекке каршы тергөөчү келген жок. Ага эмне себеп болгонун прокурор да айта алган жок. Соттук коллегия болсо кылмыш ишин карабай туруп чечим чыгарды. Судьялар кылмыш ишин изилдебей, тергөөчүнү сурабай туруп эмненин негизинде чечим чыгарды биз түшүнгөн жокпуз”, - деди Тимур Султанов.

3."Азаттыктын" Финансылык чалгын кызматынын банк бөгөттөө чечимине каршы арызы

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон. Ал учурда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизген. Бул чечимге каршы биздин юристтер арыз даярдашкан. Алгач бул арызды жарандык негизде Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылган. Ал учурда арызды кароодон баш тарткан.

Мындан кийин административдик негизде Бишкек шаардык Админстративдик сотуна кайрылып, алгачкы процесс 9-февралга белгиленген. 9-февралда Бишкек шаарынын административдик соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Финансылык чалгын кызматына каршы арызын кароону 16-мартка жылдырды. Процессте аталган медианын адвокаты Нурбек Сыдыков Чалгын кызматынын "Азаттыктын" банктагы эсебин бөгөттөө тууралуу буйругун берүүнү өтүндү жана судья бул өтүнүчтү канааттандырды. Бирок жоопкер тараптын жанында бул документ жок болгондуктан судья бул документти "Азаттыктын" юристерине берүүнү тапшырып, жараянды 16-мартка жылдырды.


4. Маданият министрлигинин "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу боюнча арызы

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 23-январда, "Азаттыктын" маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна кайрылды. Министрлик негиз катары "Настоящее время" каналында чыккан материалды өчүрбөгөнүн жана ЖМК жөнүндө мыйзамдын 23-беренесиндеги "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат" деген беренесин көрсөткөн. Бул арыз Ленин райондук сотунда 9-февралга белгиленген.

9-февралда Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту “Азаттык Медианын” мекемесин Жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырды. Буга аталган министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүчү себеп болду. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген жок.

10:45 10.2.2023

Бүгүн, 9-февралда "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда депутаттар Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев жана Эмил Токтошев катышып, “Азаттык Медиа” мекемесине байланыштуу соңку окуялар талкууланганы айтылат.

Жогорку Кеңеш тараткан сүрөт.
Жогорку Кеңеш тараткан сүрөт.

Депутаттар менен жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай, Борбор Азия боюнча программалык редактору Толкун Умаралиев, “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева жана Бишкектеги бюросунун башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Асанов катышты.

“Депутат Жанарбек Акаев демократиялык баалуулуктарды жайылтууда жана эркин коомду түзүүдө “Азаттык” радиосунун салымы чоң экенин айтса, депутат Эльвира Сурабалдиева өлкөнү өнүктүрүүдөгү көз карандысыз медиалдардын ролу боюнча кеп кылды. Жолугушууга катышкан башка депутаттар да эркин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү жана бул жааттагы мыйзамдык база тууралуу сөз кылышып, ар кандай жагдайларга карабай Кыргызстан демократиялуу, ачык коом бойдон кала берерин белгилешти", - деп айтылат билдирүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG