Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

18:18 27.4.2023

Мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Феликс Кулов "Азаттыкты" жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук сотунун чечими тууралуу пикирин билдирди. Саясатчы "Азаттыкты" жабуу тууралуу чечимди негизсиз деп эсептейт:

"Мен лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын угуп, бир да көзгө басарлык аргумент таба албадым. Мындан улам "Азаттыкка" эскертүү берилип же башка материалдык санкциялар менен иш жабылат деп ойлогом. ЖМКны жабуу - бул аша чапкандык. Юрист катары "бул чечим - бийликтин буйругу" деп далилсиз божомолдорду айтып, жоопкерчиликти башкаларга жүктөгүм келбейт. Анткени биз аткаруучуларды айыптаганды үйрөнүшүбүз керек. Мисалы, сот туура эмес чечим чыгардыбы, аны коомчулук катуу сындап, уяткарып, ал эртеби-кечпи жоопкерчиликке тартылса, башкаларга сабак болмок. "Азаттыкты" жабуу боюнча чечимдин саясий жагын алганда да, эл аралык коомчулуктун алдындагы абройду эске алганда да - бул бийлик үчүн чоң минус. Мамлекетте ар тараптуулук болушу керек, ошондо каталар азыраак болуп, өнүгүү орун алат".

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.

Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

18:17 27.4.2023

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун "Азаттык Медианын" ишмердигин токтотуу тууралуу "чектен чыккан" чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.

"Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат", - деди Флай.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

Министрликтин "Азаттык Медианын" үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

17:43 27.4.2023

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ленин райондук сотунун "Азаттыкты" жабуу чечимин сындап, бийлик өзү киришкени үчүн ушундай жыйынтык болору күтүлүп жаткан деп эсептейт. Анын оюна караганда, акыркы тенденциялар менен "Азаттыктын" тегерегиндеги окуяларды байланыштырып кароо керек.

"Чечим мен үчүн жаңылык болгон жок. Себеби сентябрь айынын этегинен тарта кысым башталган. Бийлик өзү муну чоң маселе катары көтөргөн жана доомат койгон.

Мамлекеттик органдар өз алдынча сотко бербейт эле, демек бул тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Азыр райондук соттун чечимине каршы даттануу болуп, ал барып отуруп Жогорку Сотко жетет. Бирок менимче ушу чечимден айырмаланбаган жыйынтык болушу мүмкүн. Азыркы тенденцияны өзүңөр көрүп тургандай, активисттерге, блогерлерге, журналисттерге, медиаларга, сөз эркиндигине басым болуп атат. "Азаттыктан" башталган маселе башкалары менен бүтөт. Менимче коомчулук муну олуттуу маселе катары карап, көңүл бурбай жатат", - деди Бекешев.

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.

Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

17:43 27.4.2023

Коомдук ишмер Жылдызкан Жолдошева Бишкектин Ленин райондук сотунун "Азаттыкты" жабуу чечими тууралуу комментарий берип жатып, Кыргызстанда "Азаттыктын" орду өзгөчө экенин белгиледи.

"Укугу тебеленген, айрыкча куугунтукка кабылган саясатчыларга акыйкаттыкка жетүүдө көмөк көрсөтө алган. Ошол эле президент Садыр Жапаров камалганда "Азаттык" радиосу ал мыйзамсыз, акыйкатсыз, адилетсиз кармалып калганын дүйнө жүзүнө жар салган. Мен өзүм да Жапаровдун мурдагы тарапташы, саясатчы жана депутат катары анын укугун коргогон маектерди берип жүрдүм. Ошондуктан демократиялык өлкөдө, айрыкча Кыргызстанда "Азаттыктын" орду өзгөчө. Кыргыз эли башынан эле эркиндикти сүйгөн эл. Бүгүнкү соттун чечими туура эмес болуп калды, сөз эркиндигин эч ким чектебеши керек. Мекеме чындык издеген узак жолго чыгып, өз акыйкаттыгына жетет деп ишенем. Бишкек шаардык сотунда да иштерди коллегиялык негизде карагандыктан, көз карандысыз чечим чыгарат деп ишенем".

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.

Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG