Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:27

“Азаттыкка" каршы сот иштери токтотулду

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген. Ал “Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат”, - деп белгилеген.

Бир катар эл аралык уюмдар соттун чечимин айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатышат. Ушундай эле пикирди саясатчылар менен коомдук ишмерлер айтып, бийликти журналисттердин ишмердигине шарт түзүп берүүгө үндөөдө.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

17:04 27.4.2023

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев "Азаттыкты" жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук соттун чечими тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына аталган медиа калыстык издеген жарандардын үнүн угузган медиа экенин белгиледи.

“Азаттык” дайыма акыйкаттык тарапта болуп келген, калың элге кадыры сиңген, эл сүйүп уккан, көргөн маалымат каражаты. Мындан ары да ошол бойдон калышына бөркүмдөй ишенем. Калыстык издеген далай жарандарыбыздын үнүн коомго да, бийликке да жеткирген саналуу медиалардын бири. Анда иштеген кесиптештердин баары билимдүү, ак ниет кыз-жигиттер. Акаев, Бакиевдин мезгилинде да радио, ТВларын чектешкен. Бирок “Азаттыкты” жаап, журналисттерин чилдей таратсак, чындыкты эл билбей калат деген өтө жаңылыш пикир. “Азаттык” жабылып, жок болуп кетет деген ойдон алыс бололу, азыр технология өнүккөн заманда маалымат таратууну чектеп коюуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө кыргыздар тыйган нерсени тескерисинче издеп жүрүп таап көрөт эмеспи.
Райондук соттун “Азаттыкты” жабуу чечими күчүнө кирбейт, шаардык сотко чейин бийликтер терең талдап, ойлонор. Менимче, шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарса керек, анан Жогорку Сот карайт. Бул мышык-чычкан оюну да, жүдөтүү максатын көздөйт деп түшүнөм.
“Азаттык” бир ууч кишиге жакпашы мүмкүн, бирок калың элибиздин ишеничи, үмүтү артып тургандан өткөн нерсе барбы!",-деп жазды Акаев.


Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.

Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышты.

"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

15:36 27.4.2023

15:36 27.4.2023

Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Азаттык Медиа" мекемесине каршы арызын канааттандырды. 27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышты. Андан соң судья бул ишке байланыштуу чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кетти.

Бул соттук отурумга Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова, жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышууда.

Соттук жараянды фото-видеого тартууга уруксат берилди. Судьяны жана соттун катчысын тартууга тыюу салынды. Ишти судья Чолпон Каримбаева карап жатат.

26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырган.

“Урматтуу судья, сиз экспертиза дайындап жатканда “Бул видеоматериалда улут аралык кастыкты козутуунун жана согушка үгүттөөнүн лингвистикалык белгилери барбы?” деген эки так суроо коюлган. Лингвист эксперт бул суроолорго жооп бере алган жок. Биз азыр баарыбыз анын “Бул эки суроого мен жооп берген жокмун, себеби алар менин компетенцияма кирбейт” деген ачык жана так жообуна күбө болдук. Ошондуктан доо арыз эч негизсиз жана аны четке кагуу зарыл. Анткени доогер тараптын “Эгер ЖМК согушка үгүттөгөнү аныкталса, аны жабуу керек” дегенин бүгүнкү эксперт корутундусу менен да, көрсөтмөсү менен да бекемдеп бере алган жок”.

Доогер тарап – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки отурум 27-апрелге дайындалган эле. Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

"Азаттыктын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондон кийин мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

14:56 27.4.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG