Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

"Айыл чарба реформасынын кемчилигин ачык айткам"


"Айыл чарба реформасынын кемчилигин ачык айткам"
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:19 0:00

"Айыл чарба реформасынын кемчилигин ачык айткам"

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, советтик-партиялык кызматкер Азим Карашев болду.

Ал маегинде советтик чарбадагы “жел козулар”, айыл чарба реформага мамилеси, кантип районго жетекчи болгону, баласы Аалыга таасири, Баекова менен туугандык байланышы, Жээнбековдун президенттик дарамети ж.б. суроолорго жооп берет.

- Азим Карашевич, илгери совет заманында 100 тубар койдон 180-190дон козу алуу деген “социалисттик мелдеш” курулай убада, реалдуу эмес көрүнүш экендигин сезчү белеңиз?

- Мен совет заманында тогуз жылдан ашуун чарбаларда жетекчи болдум. Болгон мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуп, аракеттерди көргөндөн кийин реалдуу алганда ар бир 100 тубар койдон 140-150дөн ашык козу алууга мүмкүн болгон жок. Биз төл маалында күнү-түнү иштейт элек, сиз айткандай көрсөткүчтү жарата алган эмеспиз, андай болгон жок.

- Анда “жел козулар болчу” деген чын экен да?

- “Жел козулар болчу”, чарбада башка дагы “уурулуктар” бар эле...

- Кандай уурулукка жол берилген?

- Мисалы, чабандын өзүнүн 100 кою болсо, анын төлүн (козусун) да колхоздун эсебине кошуп жаздырышчу.

- Ошондой жолго барууга ал кездеги бийлик аргасыз кылчу беле?

- Аны мындай түшүнсөк болот. Айталы, чабан чарба эсебине кошкон өзүнүн козуларын кийин сыйлык катары алчу. Баары орду-ордунда эле калчу, анын сыры мына ушунда...Андай жакшы көрсөткүчтү берген чабандар орден-медалдарга көрсөтүлчү.

- Сизди убагында айыл чарбасынын реформатору болгон Талгарбековго каршы чыккан деп уктум, ушул чынбы, чын болсо сиздин негиздериңиз кандай болгон?

- Мен айыл чарбасын реформалоого каршы чыккан эмесмин, жер-жерлерде реформанын туура эмес жүргүзүлүп жатканын Талгарбековдун бетине айткам.

- Эмнеси туура эмес эле?

- Коомдук мал, кыймылсыз мүлктөр, колхоз-совхоздун айыл чарба техникалары туура эмес таркатылып, ойлонулбай бөлүштүрүлүп жатканын айткам. Мисалы, алты совхоздун тракторлорунун баарын жеке адамдарга берип жиберишти. Техника деген бузулат, сынат, жеке адам анын тектиктерин кайдан, кантип таап келет, кантип оңдойт? Техниканы таркатпайлы, чогултуп машина-трактор станцияларын (МТС) уюштуралы десем, Талгарбеков “жок, болбойт, аны ар бир киши өзү чечет” деп болбой койду. Мындай кадам туура эмес болот деп өз аргументтеримди ага айткам. Мен реформанын өзүнө эмес, анын аткарылышындагы катачылыктарга каршы чыккам.

- Сиз Кара-Кулжа районунда аким болуп турганда акимчиликтин "көмөкчү чарбасын уюштурам" деп менчиктештирүүгө кетип жаткан койлордон 350 башты бөлдүрүп алып бактырган экенсиз. “Кийин Азим Карашев акимден түшкөндө баягы 350 койду машинага жүктөп кеткен” деген элде кеп бар экен. Буга эмне дейсиз?

- Ага жөн эле жооп берем. Мен 52 жыл мамлекеттик кызматта иштесем, анын көпчүлүгүндө жетекчи болуп жүрдүм. Төрт районду жетектедим. Эгер ошол төрт райондон төрт “КамАЗ” эле алсам, мени өмүр бою бакмак. Мен 350 кой эмес, “эшек араба” да алган эмесмин. Бул маалыматтар менден кийин келип иштеген акимдин, мени көрө албаган башка адамдардын атайын уюштурган “оюндары” экени билинген.

- Мамлекеттик мүлктү, жерди менчиктештиргенде элдин баары өз үлүштөрүн алышкан. Азим Карашевге тиешелүү мүлк, жер, кафе ж.б. мүлктөрү барбы?

- Айылда 1 гектар 25 сотых жер үлүшүм бар. Кийин акимдик кызматтан кеткенден кийин Өзгөн шаарында таштанды төгүлгөн жерди сатып алып, чайкана кургам. Азыр жакшы иштеп жатат, өзгөндүктөрдүн баары жакшы билет. Анын менчиктештирүүгө эч тиешеси жок.

- Уулуңуз Аалы Карашев мамлекеттик чоң кызматтарда: президенттин администрациясында, губернатор, министр, вице-премьер министр болуп иштеди, ага сиздин таасириңиз, жардамыңыз болгонбу?

- Балам Аалынын мамлекеттик кызматка келишине, даражасынын көтөрүлүшүнө эч кандай таасирим, жардамым болгон эмес. Убагында анын айыл чарба институтуна өтүшүнө да жардам берген эмесмин. Аалы мектепти кызыл аттестат, институтту кызыл диплом менен бүткөн.

- “Аалы Карашевдин чоң кызматтарга жетишине убагында Конституциялык сот, баш прокурор болуп иштеген Чолпон Баекованын таасири бар, анткени ал Азим Карашевдин кудагыйы” дегендерге эмне дейсиз?

- Ошондой сөздөрдү тараткандар көп маселелерди туугандык, куда-сөөктүк мамиле менен чечип жүргөндөр. Өз эмгеги менен баар тапкан адамдар андай сөздөрдү айтпайт. Ооба, Чолпон Баекова менин кудачам, кудагыйымдын эжеси. Эгер мамлекеттик кадрдын билими болбосо, башынан бир нерсе чыкпаса миң тууганыңды сал, жетекчи болуп көпкө иштей албайт. Азыр тааныштыкка салып, базардан алып барып койгондор эмне болгонун көрүп жатабыз. Бир-эки жыл иштей албай канча аким, канча министрлер кетти? Аалы бардык кызматтарда өзүнүн гана күчү менен келатат. Баекованын атына байланыштырып жаткандар, аны көрө албагандар. Кимдер ага бут тосуп келгенин беш колумдай билем.

- Уулуңуз Аалы Карашевге президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу болгонбу?

- Сооронбай Жээнбеков – жакшы атанын баласы. Атасы Шарип аке кадыр-барктуу адам болгон. Сооронбай менин кол алдымда өскөн, тарбияланган жигит. Мен Кара-Кулжага аким болуп барганда жер комитетинин башчысы болуп иштеп жатыптыр. Ал колхоздун башкармасы болгон эмес... Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда Аалыга жардамы тийген эмес, тескерисинче ага ачык бут тоскон учурлары болгон.

- Себеби барбы?

- Себебин билбейм, ал менден эч жамандык көргөн эмес...

(Маектин толук вариантын видеодон көрүңүз)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG