Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Сот Аспековду №1 тергөө абагына которду


Мелис Аспеков "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери менен айыпталып жатат.
Мелис Аспеков "Опузалап талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери менен айыпталып жатат.

Январь айынан бери Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган активист Мелис Аспековду Бишкектеги Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагына которуу тууралуу чечим чыгарды. Мындай чечим “алдамчылык” беренеси менен козголгон жаңы кылмыш иши боюнча Аспековдун бөгөт чарасын караганда учурда кабыл алынды. УКМК активистти "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде быйыл январда кармап, андан бери ал атайын кызматтын тергөө абагында болчу. Мелис Аспеков аны №1 тергөө абагына которуу чечимин "басым" катары баалады.

Экинчи кылмыш иши

14-майда атайын кызмат активист Мелис Аспековго Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгоп, тергөөчү аны №1 тергөө абагына которуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Мелис Аспеков 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.

21-майда Мелис Аспеков сот залынан алып чыгып баратканда экинчи кылмыш ишин "жасалма" деп айтып, №1 тергөө абагына которулушун "коркутуу" деп баалады.

“Мени №1 тергөө абагына алып кетип жатат. Билесиңер да Садыр Жапаровго ал жактан кол салуу болгон. Мага дагы кол салуу болушу мүмкүн. Мени №1 тергөө абагына которууга негиз жок болчу. Коркутуш үчүн алып кетип жатат. Жалган эле бир ишти токуп, ошол жакка которууда”.

Буга чейин "Азаттыктын" “Абак азабы” деп аталган берүүсүнө келген саясатчылар №1 тергөө абагында кримчөйрөнүн таасири күч экенин, буга чейинки бийликтер атаандаштарын сындыруу максатында бул абакка каматкан учурлар болгонун айтып беришкен.

Активисттин иниси Азамат Аспековдун айтымында, агасы чындыгында эле 2016-жылы Кара-Балта шаарынан 12 миң долларга бааланган эки бөлмөлүү батир алган.

Ал үйдүн ээси Аспековдон карызга акча алып, аны төлөй албай калгандыктан үйүн Аспековдун жубайына өткөрүп бергенин кошумчалады. Кийин бул турак жай башка бирөөлөргө сатылган.

Азамат Аспеков агасынын өмүрү коркунучта экенин айтууда.

Азамат Аспеков
Азамат Аспеков

“Менин агам Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берген. Бийлик ошондон кийин эле бир адамды таап, арыз жаздырып жатат. Бул күлкү келе турган окуя. Анткени беш жыл мурда биз сатып алган батирдин ээсин кысымга алышыптыр. Ал аргасыздан арыз жазганга мажбур болгон. Арыздануучу “бир дагы тыйын берген эмес” деп жазып жатат. Такыр акча бербесек, кантип эле бизге үйүн өткөрүп берсин? Агамды атайын №1 тергөө абагына жиберип жатышат. Мелис Аспековдун өмүрү коркунучта. Бир нерсе болсо бийлик жооп берет”.

"Аспековдун айткандары калп"

Айыпталуучунун адвокаты Сергей Манукян Мелис Аспековдун Бишкектеги №1 тергөө абагына которулушуна негиз болгон иш 14-майда козголгонун айтууда. Даш ушул күнү Аспеков “Фейсбуктагы” баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Аспеков анын 1 миллион долларын Чүй өрөөнүндөгү үгүт иштерине коротконун, акчаны Садыр Жапаров "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ага өз колу менен бергенин билдирген.

Президенттик аппарат Аспековдун айткандары боюнча маалымат таратып мындай деп төгүндөгөн.

“Пара талап кылганы үчүн шек саналып кармалган Мелис Аспеков мамлекет башчынын кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат. Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасаганга көнүп алган, бирок бардык нерсенин чеги болушу керек. Калп жана жалаа жапканы үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек. Өздөрүн олуттуу саясатчы катары эсептеген айрым ишмерлер бул окуяны өрчүтүп, президент Садыр Жапаровду жана анын жүргүзүп жаткан реформаларын жаманатты кылууга аракеттенип, маалыматты манипуляция жасап жатканы өкүндүрбөй койбойт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров да Аспековдун билдирүүсүнө жооп кайтарып, аны "карандай калп" деп атаган. Билдирүүдө экс-президент жалган жалаа жапканы үчүн Аспековду сотко бере турганы айтылган:

“Бул билдирүү карандай калп, коомчулуктун көңүлүн өзүнүн ыплас иштеринен алаксытып, башка жакка бурууга жандалбас уруп жатканы кимге болбосун түшүнүктүү. Аспеков жалган билдирүү таратып, өлкөдөгү таанымал адамдардын ысымын колдонуу жолу менен элди алаксытууга аракет кылууда. Жалаа жапканы үчүн аны сотко беребиз”.

Ушул жумада эки адамдын "WhatsApp" түйүнүнө жазышканы тартылган видео жарыяланды. Интернетте кат жазышкандар Мелис Аспековдун иниси Азамат Аспеков менен президенттин жубайы Айгүл Асанбаева экени айтылууда.

"Кактус медиа" басылмасы видеодогу номерлерди “GetContact” тиркемеси аркылуу текшергенде “Айгүл Жапарова, Садыр Жапаровдун аялы” деп чыкканын жазган. Анда Мелис Аспековду абактан чыгаруу жана акча каражаты жөнүндө сөз болот. Азырынча президенттик администрация бул маалыматка комментарий бере элек.

Журналист Тынчтык Алтымышев Аспековдун билдирүүлөрүнө толук ишенүүгө негиз жок экенин айтып, анын басып өткөн жолуна токтолду:

Тынчтык Алтымышев
Тынчтык Алтымышев

“Эсиңерде болсо Мелис Аспеков маркум Чыныбай Турсунбековго “мага пара сунуштады” деп көө жапкан. Андан кийин “Канат Исаев Чүй облусунун балдары менен бийликти басып алганы жатат” деген маалымат тараткан. Андыктан Аспековдун акыркы кездеги билдирүүлөрүнө ишенген жокмун. Бирок ошол эле учурда Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо штабындагы эки адамдын бири болгону чын. Тыңчыкмалардын баары Аспеков менен сүрөткө түшкөнү да чын. Ошон үчүн Садыр Жапаров азыркы сөздөрдөн тазаланам десе, анда шайлоо убагындагы каржылык иштердин документтерин ачык жарыялаганы оң. Коомчулук ишенгидей деңгээлде Аспековдун сөздөрүн четке кагышы керек. Болбосо шек жараткан ойлор көбөйө берет. Анткени Аспеков Жапаровго жакын адамдардын бири болчу”.

Улуттук коопсуздук комитети Мелис Аспековду 8-январда кармаган. 10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев экөө "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышканы маалым болгон.

УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Мелис Аспеков президенттик шайлоо учурунда Чүй облусунда бир катар жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүп, жергиликтүү тургундарды Садыр Жапаровду шайлоого үндөп жүргөн. Ошол маалда Аспеков талапкер Садыр Жапаровдун Чүй облусу боюнча штабын жетектей турганы айтылган. Жапаров бул маалыматты жокко чыгарган. Аспеков 10-январлагы президенттик шайлоонун алдында кармалган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG