Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешти. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайид" стадионунда өттү.

Азия кубогу: Кыргызстан-БАЭ беттешинин экинчи таймы башталды

Азия кубогунда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираты командаларынын оюнунун биринчи бөлүгү 1-1 менен аяктады. “Ак шумкарлардан” голдун автору 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев болду. Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан.

Кыргызстандык футбол баяндамачылардын айтымында, оюн дээрлик тең деңгээлде жүрүп жатат. Беттештин башында талаанын ээлери үстөмдүк кылып жатканы байкалган.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Азия кубогу: Кыргызстан эсепти теңеди

Кыргызстан менен БАЭ оюнунун 26-мүнөтүндө “ак шумкарлар”гол киргизип, эсепти теңеди. Натыйжада эки команда 1:1 болуп тең келатат.

Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ачкан.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанга бир гол киргизди

Бириккен Араб Эмираттары 1:0 эсеби менен алдыда келе жатат. Алар Кыргызстан менен оюндун 13-мүнөтүндө гол киргизип, эсепти ача алды.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. 5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстан Азия кубогуна биринчи жолу катышып жатат. Тайпадагы алгачкы оюнунда кыргыз футболчулары Кытайдын командасына 2:1, экинчи оюнунда Түштүк Кореяга 1:0 эсебинде утулуп калган. Ал эми филиппиндиктерди 3:1 эсебинде утуп финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG