Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешти. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайид" стадионунда өттү.

Кыргызстан менен БАЭнин футболчуларынын беттеши башталды

Футбол боюнча Азия кубогунда беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын оюну башталды. Таймаш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайед” стадионунда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталды.

1/8 финалдыык оюндар 20-январда башталган. Андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот.

Бүгүнкү мелдеште Өзбекстан Австралияга 2:4 эсебинде утулуп калды. Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү тең-тең аяктады. Бирок Өзбекстан Австралияга пенальти тебүүдө утулду.

Эми Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлигинин улуттук командаларынын жеңгени чейрек финалда Австралиянын курама командасы менен беттешет.

5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Крестинин: Биз өзүбүзгө ишенебиз

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу 1/8 финалында ойноп жатат. Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу. Бул жолу Азия кубогунда ойноп гана тим болбостон, плей-офф баскычына чыкты.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен болчу оюнга мындайча баасын берген:

- Биз үй ээси БАЭнин курама командасы менен ойнойбуз. Баарыбызга белгилүү, 2015-жылы өз үйүндө ойногон Австралия Азия кубогун жеңип алган. Бирок мелдеш өткөргөн өлкө сөзсүз түрдө кубокту утат же дүйнө, Европа чемпионаттарында чемпион болот деген эч кандай кепилдик жок. Ооба, өз оюн талаасы, күйөрмандарынын колдоосу сөзсүз түрдө Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасына жардам берет. Бирок биздин да күйөрмандар бар. Аларга ыраазычылык билдиргим келет. Алардын колдоосу биздин жеңишке жетишибизге жакшы жардам берет.

Башкы машыктыруучу БАЭнин командасы күчтүү атаандаш экенин айтып, алардын оюндарын кунт коюп карап чыкканын да кошумчалады.

- Бириккен Араб Эмираттарынын машыктыруучусунун тактикасы башкача. Менин тактикам - чабуул менен коргонуудагы балансты сактоо. Бул эң башкысы. Чабуулда жакшы ойноп, жеңишке жетүүгө аракет кылабыз. Атаандашыбыз оңой эмес, күчтүү команда. Бирок биз өзүбүзгө ишенебиз. Эртең баарын таң калтырабыз, - деди Александр Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 16-январда "С" тайпасындагы акыркы беттешин өткөрүп, Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңген. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди. Бул жыйынтык Кыргызстанга үч упай алып келип, “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздоого шарт түзгөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG