Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Араб өлкөлөрүнүн саммитиндеги ажырым


Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешине кирген араб өлкөлөрүнүн Эр-Рияддагы саммитке чогулган лидерлери. 9-декабрь, 2018-жыл.
Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешине кирген араб өлкөлөрүнүн Эр-Рияддагы саммитке чогулган лидерлери. 9-декабрь, 2018-жыл.

Сауд Арабиясы менен Иран кайрадан бирин бирин айыпташты. Расмий Эр-Рияд Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин кезектеги саммитинде Иранды "чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип жатат" деп сынга алды.

Тегеран мындай дооматтарга макул болгон жок жана дароо эле жооп кайтарды.

Сауд Арабиясы баштаган суннит араб мамлекеттери менен Ирандын аймактагы кызыкчылыктары түз кагылышкан өлкө азыр жарандык согуштун кучагындагы Йемен болуп турат.

Cуннит араб мамлекеттеринин башын кошкон Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин кезектеги жылдык саммитти бул жолу Эр-Риядда өттү.

Падыша Салма́н ибн аль-Сауд оз өлкөсүнүн атаандашы Иранды “кастык саясатын токтотпостон, аймактагы өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишип жатат” деп ушул саммитте кайрадан айыптады:

Падыша Салман өз уулу, тактынын мураскери Мохаммед бин Салман менен.
Падыша Салман өз уулу, тактынын мураскери Мохаммед бин Салман менен.

- Иран режими өзүнүн агрессивдүү саясатын, башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишүүсүн улантууда. Мындай кырдаал бизден аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздукту, туруктуулукту сактоо үчүн өнөктөштөрүбүз менен иштешүүнү талап кылат. Бизге Ирандын өзөктүк программасы менен баллистикалык ракеталарды жасашына алдын-ала бөгөт коюларына кепилдик керек.

Сауд падышасынын ушул жана башка сөздөрүнө Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф "Твиттердеги" баракчасы аркылуу дароо жооп кайтарып, бул аймакта “согушту жана бактысыздыкты жараткан адамдар” көп болгонун, бирок келечекте "күчтүү адамдар эмес, күчтүү аймак" зарыл экенин белгиледи.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин акыркы саммитинин алдында Иран кезектеги баллистикалык ракетасын сынаганы белгилүү болгон эле. Тегерандын аракетин Батыш өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу деп баалашкан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иран сынаган баллистикалык ракета бир нече дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин, ал Жакынкы Чыгыштын бүткүл аймагы менен Европанын бөлүктөрүнө жете алаарын билдирген болчу.

“Иранда жасалды” деген баллистикалык ракеталар жарандык согуш жүрүп жаткан Йеменден буга чейин Сауд Арабиясын карай атылган учурлар да катталган. Аймактан суннит араб мамлекеттери менен Ирандын кызыкчылыгы түз кагылышкан өлкө азыр дал ушул Йемен болуп турат.

Иран Йемендеги шийит жамааты хуситтерди колдосо, Сауд Арабиясы баштаган коалиция Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин саммитине чогулган араб лидерлери. Эр-Рияд, 9-декабрь, 2018-жыл.
Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинин саммитине чогулган араб лидерлери. Эр-Рияд, 9-декабрь, 2018-жыл.

Перс булуңундагы ажырым

Ирандын Жакынкы Чыгыштагы таасирина тең салмак жаратыш үчүн 1981-жылы түзүлгөн Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешине АКШга өнөктөш болуп жүргөн Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Кувейт, Оман, Катар кирет.

Бирок Эр- Рияддагы саммитке Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад аль-Тани келген жок. Анткени Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Египет былтыр июндан тартып Катар менен экономикалык жана дипломатиялык алака-катышын үзүп, расмий Доханы аймактагы терроризмди колдоп, Иран менен байланыштарын күчөтүп жатат” деп күнөөлөшкөн. Катар мындай дооматтарды четке каккан.

Британдык “The Guardian” басылмасы жазгандай, Катар эмиринин самитке катышпай коюшу - Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинде ажырым күчөгөнүнүн белгиси.

Быйыл 2-октябрда саудиялык журналист Жамал Хашогжи (Хашогги) Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда өлтүрүлгөнү глобалдык нааразылык жараткандан кийин АКШ өз өнөктөшү Эр-Риядга Йеменде ачарчылык менен коштолгон жарандык согуш токтотушу жана Катар менен мамилени калыбына келтириши үчүн басым жасаганы байкалууда.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад аль-Тани АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолуккан учур. Вашингтон, 10-апрель, 2018-жыл.
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад аль-Тани АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолуккан учур. Вашингтон, 10-апрель, 2018-жыл.

Вашингтондун Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинде ажырымды жоюу боюнча турумун АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Тимоти Линдеркинг 9-декабрда Абу-Дабидеги коопсуздук форумунда мындайча чечмеледи:

- Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешиндеги биримдик АКШнын бул аймак - Перс булуңу жана Жакынкы Чыгыш менен кызматташтыгында маанилүү таяныч болуп келген. Биз биримдик биздин эмес, уюмга катышкан өлкөлөрдүн шартында жөнгө салынышын каалайт элек. Перс булуңунун Кызматташтык Кеңеши Ирандын Араб жарым аралындагы таасирине каршы күчтүү ролун гана көргөзбөстөн, бизге экономикалык байланыштардын пайда табууга мүмкүндүк бериши да маанилүү.

Перс булуңунун Кызматташтык Кеңешинде биримдикти чыңдоо зарылдыгы Эр-Рияддагы саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүндө да көргөзүлдү. Азыр бул уюмга Иордания менен Египетти кошуу жөнүндө да сунуш түшүп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG