Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Тажикстандагы кыргыздар: Ажал менен арбашкан Апыз салчы


Жерге-Талдагы Көк-Суу дарыясы.
Жерге-Талдагы Көк-Суу дарыясы.

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.

Кара-Тегинден чыккан атактуу Апыз салчы (Жерге-Талда Хафыз салчы дешет) тууралуу бала чактан баштап көп уктум. Кичине кезимде ал киши мага күнү-түнү ажал менен арбашкан баатыр, балбан адамдай элестечү. Бирок кийин эки азамат уулун өзү колдон жулдурган Апыз салчынын тагдыры өтө кайгылуу болгонун түшүндүм. Өз эрки менен тандап алган салчылык кесиптин айынан эки бирдей баласынан ажырап, өмүр бою арманда өткөнү, эки уулу өлүп жатса, үчүнчү баласын да ажалга айдаган татаал тагдыры азыр да мени мени ойго салат.

Дарыя кирип, күкүктөп турган жай саратанда, «бул уулум да бир нерсе болуп кетпегей эле!» деп, таңдан кечке чейин (дарыядан көбүнчө таңга маал, суу саал тартылганда өтүшчү экен) Кудайга жалынып, саат сайын, мүнөт сайын үрөйү учуп, коркунуч менен жашаган салчынын аялынын аянычтуу абалын элестеткенде жүрөгүм жанчылат. Байкуш эне! Эки чырактай уулун ажалга бергени аз келгенсип, кимдир-бирөөлөр үйү тарапка басса да жаман кабар алып келе жатышабы деп коркуп, калган өмүрү да коога, капсалаң, кайгы менен өткөн экен. Айрыкча Көк-Суу буркан-шаркан түшүп жаткан июль-август айларында долу суунун дүрсүлү менен кошо жүрөгү кабынан чыкчудай согуп, жан шеригинин, бир боор балдарынын аманчылыгын тилеп бир күндө миң азапка түшүп, миң өлүп, миң тирилгендир…

Кээде мен өзүн да, өз канынан жаралган балдарын да азапка салып, атүгүл өлүмгө кыйганга чейин барып, башына не мынча мүшкүлдү үйдү экен деп, Апыз салчыга таң кала берем. Ушул тууралуу көптү көргөн бир аксакалдан сураганымда, ал киши: «Апыз салчыдай адамдар мурда болор эле. Азыр андайлар жок. Эмне, салчы болбосо эле Апыздын күнү өтпөй калмак беле? Анын колунан баары келчү. Жада калса эл башкарып, бир чоң колхозго раис (башкарма) болуп турганда да салчылыгын таштабады. Көрүнгөн адам эле салчы болушка даай бербейт. Салчы болор адам кемде-кем чыгат. Анткени салчынын өмүрү күндө тобокелде, аны күндө ажал тооруп турат. Эгерде ошондо Апыз балдары менен салчылык кылбай койсо, күңгөй менен тескейдин көргөн күнү не болмок?! Байланыш такыр үзүлмөк. Көк-Суунун жака-белиндеги кыштактардын эли дээрлик 25-30 жыл бою, көпүрө салынганга чейин Апыз салчынын шарапаты менен алака-катыш жүргүзүп турбадыбы… Кудайлыкты айтканда, Апыз салчы пайгамбардай эле жашап, элге пайгамбардай эле өрнөк көрсөтүп кетти», – деп жооп берген болчу.

Акыйкатта Апыз атанын салы фашисттер курчоого алганда ленинграддыктарды сактаган Ладога көлүндөгү «өмүр жолундай» эле кызмат кылган тура. Өзгөчө согуш мезгилинде жана согуштан кийинки каатчылык жылдары өйдөкү айылдардан топтолгон эгинди райондун борборуна, андан ары ошол кездеги облустун борбору Гарм (кыргызчасы – Корум) тарапка сал менен ташып турушкан экен.

Рахматы атам да Апыз салчынын адамгерчилиги тууралуу көп кеп салар эле: «Дасторконунда жарты наны болсо, башкалар менен тең бөлүп жечү. Үйүнөн адам үзүлчү эмес. Андай меймандос, март, калыс кишини мен өмүрүмдө чанда гана учураттым. Чыныгы момун мусулман деп бейиши болгур Апыз авадай кишилерди айтса жарашат». Негизи эле атам Жерге-Талдагы элге кызматы өткөн белгилүү инсандар тууралуу бизге айтып бергенди жакшы көрчү. Балким, балдарым көрүнүктүү кишилерден үлгү алып, ошолордой болуп өссүн деп тилек кылгандыр. Же мүмкүн алардай атактуу адамдардын ысымы унутулбай, кийинки муундар да сөз кылса экен деген ниети болгондур.

Айтмакчы, меймандостук жөнүндө улуулардан уккан, пайгамбарлар заманында болгон бир окуяны баян этейин. Бир сахабанын үйүнө түн киргенде күтүүсүздөн мейман келет. Курсак бирде тойсо бирде ач калган каатчылык заман экен. Конокту кантип тойгузабыз деп, сахаба аялы экөө карбаластап калат. Анткени алардын чарасында балдарына берели деп жаткан жалгыз токочтон башка эч нерсе жок эле. «Мындай кылалы, – деп шыбырайт сахаба жубайына, – сен балдарды алаксытып, эптеп уктат. Балдар уктаганда токочту мусапырга берели – антпесек уят. Анүстүнө меймандын катуу ач калып, каржалганы көрүнүп турат».

Ошентип, конокту Кудайдай кастарлаган (кудайы конок деп бекеринен айтылбайт эмеспи) сахаба балдарынын акыркы ырыскысын мусапырга берип, кардын тоюндурган экен.

Ошол сахаба сыяктуу Апыз салчы да акыркы ырыскысын муктаждан, мусапырдан аябаган ашкере айкөл, берешен инсан болгон экен.

Жерге-талдык белгилүү этнограф Абдил-Ахат Курбан уулу салчылык жана сал тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди: «Сал бүтөө (чанач) союлган төрт чоң өгүздүн терисинен жасалат. Төрт шыйрактын ордуна жыгачтарды бөртмөк кылып кийгизишет. Анан көк (териден жасалган жип) менен бекем бууп байлаганда, жел чыкпай калат. Моюн жакты да ошентип көктөп бекитишет. Кийин жанагы шыйрактардын бири аркылуу үйлөшөт. Ошондо терилер тирелип чыгат. Айтмакчы, ал кезде азыркыдай шаймандар жок болгондуктан, ооз менен үйлөшкөн.

Терилер желденип бүткөндөн кийин аларды тегиз жерге эки эки-экиден жарыш жайгаштырып, (б.а. ар бир тарабында узатасынан эки чанач турат), үстүлөрүнө жоонураак жыгачтарды коюп, бири-бирине чиркештирип байлашат. Каттоочулардын буюм-тайымдары, буттары түшүп кетпеш үчүн ал жыгачтардын үстүнөн дагы бир катар ичкерээк жыгачтардан жыш коюп байланат. Ошондо сал даяр болот.

Салчылар дарыянын жайыгыраак, сайроон жеринен өтүп турушкан. Апыз салчы өзү туулуп өскөн айылы Домбурачынын тушунан, Кызыл-Суу менен Көк-Суу келип кошулган жерден төмөнүрөөктөн каттачу экен. Жай саратанда таңга маал, суунун деми саал кайтканда өтүшкөн. Мерчемдеген жерден төмөн агып кетпеш үчүн эки салчы чоң калактар менен жаналакетке түшүп, сууну тынбай шилеп турган. Абдан бакубат, карылуу кишилер гана салчы боло алган. Жүз, эки жүз метр ылдыйдан чыгышкан. Кээде сал баш бербей, дарыянын катуу шары менен төмөнгө агып жөнөгөн. Суунун иримине кирип кеткен, айланып кеткен, аласалып кеткен учурлары болгон. Кырсык чалып, салдан көп адам каза тапкан. Апыз салчынын эки уулу да салдан агып өлгөн. Салчылык өнөрдү калган балдарына үйрөтүп, ал салчылык кесибин дээрлик өмүр бою таштаган жок.

Күн катуу ысып, дарыя адаттан тыш кирген жылдары салчылардын да, жүргүнчүлөрдүн да өмүрүнө чоң коркунуч жаралган. Салчынын дагы бир азабы, анын бир буту тизеге чейин дайым сууда болгон. Дарыянын ичиркенткен суугуна бир мүнөт колуңду салып турсаң чыдабай кетесиң, салчылар дайыма ошол сууну жылаңаяк кечип жүргөн».

Учурда Кыргызстанга көчүп келип, Чүйдүн Спартак айылында жашап жаткан бөлөм Сүйүнбай бала кезинде салдан өткөндөгү таасири жөнүндө кеп салды: «Элүүнчү жылдардын аягы эле, мен анда жаш бала болчумун. Үй-бүлөбүз менен бир жактан кайтканбыз. Биз менен чогуу рахматы атамдын бир карындашы да бар болчу. Жай чилдеси күчүнө кирип, дарыя өркөчтөнүп турган маал. Ачыгын айтканда, жанына баргандан заарканасың. Кантип өтөт экенбиз деп, баарыбызды коркунуч басты. Биздин коркконубузду өңүбүздөн байкап, Апыз салчы «эч коркпогула, эсен-аман өтүп кетесиңер!» деп, улам-улам тынчтандырып жатты. Ошондо ал кишинин балдары тирүү болчу, бизди өткөзүшкөн тун уулу көп өтпөй агып кетти. Угушума караганда, болгону жыйырма, жыйырма бир жаштарда экен. Күч-кубаты ашып-ташып турган, олбурлуу жигит эле. Экинчи баласы да жаш кетти…

Салга түшүп жатканда жаш балдардын жана салдан өткөндөн корккон кишилердин көзүн таңып коюшчу тура. Мен таңдырган жокмун. Жанагы эжебиздин көзүн таңып коюшту. Дарыянын ортосуна барганда сал өйдө-төмөн болуп чайпалып, жүрөгүбүз оозубузга кептелди. Үстү-башыбызга суу чачырап, бүт кийимдерибиз суу болду. Бир жактан дарыянын кулакты тундурган доошу жүрөктүн үшүн алганын айтпа.

Суунун четине жакындаганда, салчы уулуна: «Секир!» – деп айкырып жиберди. Азыр турган баласы салдын жибин колуна шап ала коюп, дароо сууга секирди. Сууга түшкөндө, бир саамга чумуп жок болуп кетти. Бирок ошол замат кайра сүзүп чыгып, жээкти көздөй умтулду. Кургактыкка жеткенде буттары менен бекем таканчыктап тартып, салды дарыянын четине сүйрөп чыкты. Жээкке чыкканда бир ажалдан аман калдык деп, баарыбыз кубандык. Аялдар ыйлап да жиберди».

Салдын тескей жак туругу (токтой турган жери) саал жайыгыраак, тайыз да болуптур. Ал эми күңгөй тарабынын көп жери жарга такалып тургандыктан, ары терең, ары урчук таштуу да экен. Салчынын биринчи баласы ошол күнгөй жактагы жээкке жеткенде секирип түшөм деп, башы суунун астындагы ташка жанчылып каза болгон дешет.

Өйүз-бүйүз жашаган эл сал аркылуу азык-түлүк, буюм-тайымынан тышкары мал-мүлкүн да ташып турган экен. Жылкыларды сал менен дарыядан алып өтүү өтө опурталдуу болуптур. Жылкыны салга жакын алып келип, малдын ээси анын тизгинин кыска жана бек кармап отурган. Кокус тизгинди узун кармачу болсо, жылкы салды кургактык деп ойлоп секирип чыгып, сал оодарылып адамдар агып кетчү. Мындай учурлар да көп эле болгон дешет.

Согуштан кийин, кыркынчы жылдардын аягында пахта өстүрүү максатында Тажикстандын түштүк райондоруна Жерге-Талдын айрым кыштактарынын тургундарын биринчи жолу мажбур көчүрө баштаганда (мындай көчүрүү эки-үч жолу болгон), ыраматылык таятам Зайир беш жаштагы кенже кызы апам Алмагүлдү алып Кыргызстанга качып жөнөптүр. (Улуу балдарын мурдараак бир тууганына кошуп качырган тура.) Ошол жылы таянем акка моюн сунуп, апам бир туугандары менен жетим калган экен.

Агасы молдо Закир Кытайга качып кеткендиктен, эки иниси согушта курман болгондугуна карабай, таятам репрессиянын каарынан аябай коркчу тура. Анүстүнө сталиндик өкүмзордук менен бийлик жүргүзгөн жергиликтүү мансапкорлор агасынын бозгун экендигин кайра-кайра эсине салып, көп кодулашыптыр. Бирок 1948-жылы, Сталиндик кызыл террор ашынып турган маалда, кызынын тагдыры үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, расмий буйрукка моюн сунбай апамды алып тымызын качып кеткен экен. Анткени Шаартузга (Тажикстандын эң ысык райондорунун бири) айдалгандардын жаш балдары менен кары-картаңдар мээ кайнаткан аптапка чыдабай өлүп жатканын угуп калгандыктан, ушундай опурталдуу кадамга барыптыр.

Апыз салчынын дагы бир эрдиги, таятамдын бозгун экендигин билип туруп (апамдын айтымында, экөө сырдакана достордон болгон) дарыядан өткөрүп, качырып жибериптир. Өзүн балээге салып, мындай тобокелдикке көрүнгөн адам эле бара бербейт. Ошол жакшылыгын унутпай, таятам өмүр бою досуна ыраазы болуп өтүптүр.

Үйдөн жалгыз эшек менен чыккан апамдар, талаа-түздө, тоо-ташта түнөп, апталап жол жүрүп, ач-жылаңач, не бир азап менен Оштун Араван районуна жетишкен экен. Таятамдар жана алар сыяктуу аргасыз жер которгон жерге-талдыктар ондогон жылдардан кийин, Сталин өлүп, Хрущёвдун жылымык заманы келгенде гана үйлөрүнө кайтышкан. Айрымдары Кыргызстанда туруктуу жашап калышты.

Апыз салчынын дагы бир кишичилиги – ал салдын киресин бере албагандарды акысыз эле өткөрчү экен. Ата кесибин мурастап, атактуу салчынын уулдары (ал кишиден дагы төрт уул калган) салды жоготпой, аликүнчө сактап келет. Зарыл болгон учурда элдин керегине жаратып келишет. Мындан бир топ жыл илгери, менин бир тууган бөлөлөрүм, ага-инилер сууга акчуда Апыз салчынын бир уулу Махмадулла аке салын алып келип, маркумдары бир канча күн издешкен.

Жерге-Талда азыр да жыл бою сал менен каттаган айылдар бар. Ой-Тал, Опчака ж.б. деген кыштактардын эли азыр да дарыядан сал аркылуу өтүшөт. Алардын соода-сатыгы да, башка тиричилиги да салга байланышкан. Той болгондо атүгүл келинди да салга салып көчүрүп келишет же кыздарды сал аркылуу узатышат. Алардын салынан мен дагы бир-эки жолу өткөм.

2014-жылы кыргыздын талантуу кыздарынын бири, даректүү тасмалардын чебери Жаңыл Жусупжан жана маркум Кристиан Лелон менен "Кара-Тегинден кат" деген тасманы тартканы барганыбызда Көк-Суунун боюна түшүп, сал аркылуу картөшкөсүн ташып, соодагерлерге сатып жаткан дыйкандардын турмушуна күбө болгон элек.

Апыз салчы өңдүү бүт өмүрүн эли үчүн арнаган тарыхый инсандар Жерге-Талда көп өткөн. Тилекке каршы, алар тууралуу айтылбай, жазылбай, эскерилбей, унутулуп баратканы өкүндүрбөй койбойт.

“Каратегинден кат” тасмасында салчылар да тартылган:

XS
SM
MD
LG