Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:05

АКШ-Мексика чек арасы: тосмодон ашып өткөндөр депортацияланат


АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө багыт алган борбор азиялыктар.
АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө багыт алган борбор азиялыктар.

Эми Американын аймагына Мексика аркылуу мыйзамсыз киргендер АКШ бийлигинен башпаанек сурай албайт. Тиешелүү буйрукка АКШ президенти Жо Байден 4-июнда кол койду. Бул убактылуу чара түштүк чек арадан мыйзамсыз өтүүнү көздөгөндөрдүн санын кыскартууга багытталган.

Соңку жылдарды Америкага Мексика аркылуу кирүүгө аракет кылгандар болуп көрбөгөндөй көбөйгөн. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Байдендин жаңы чектөөсү эмнени билдирет?

АКШ президенти Жо Байден 4-июнда кол койгон буйрукка ылайык, бийлик Мексика аркылуу Американын аймагына мыйзамсыз кирген мигранттарды башпаанек сураганга мүмкүнчүлүк бербестен депортациялап же кайра артка кайтара алат.

“Бул кадам бизге чек араны көзөмөлдөп, тартипке келтирүүгө жардам берет. Чектөө мыйзамсыз кирүүгө аракет кылгандардын саны биздин система башкара алгандай деңгээлге жеткиче күчүндө болот. Бул тартип бардык эл аралык мыйзамдардын алкагында биз алган милдеттенмелерге шайкеш келет”, - деп түшүндүрдү өз чечимин Байден.

Буйрук түштүк чек арадан мыйзамсыз кирген мигранттардын күнүмдүк саны бир жума бою 2500дөн ашканда гана күчүнө кирет. Айрым маалымат каражаттары белгилегендей, учурда бул көрсөткүч 3700гө жетип жатат. Мындан улам чектөө дароо күчүнө кириши мүмкүн.

Соңку статистикага ылайык, апрель айында чек арадан мыйзамсыз өткөндөрдүн саны 4300гө жетип турган.

Мына ушул күнүмдүк көрсөткүч үч апта бою 1500дөн ашпаганда гана чектөөлөр алынат. Бирок мындай деңгээл COVID-19 пандемиясынын алгачкы айларында гана болгон.

АКШ-Мексика чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан мигранттар. 21-сентябрь, 2023-жыл.
АКШ-Мексика чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан мигранттар. 21-сентябрь, 2023-жыл.

Бул чектөөнүн кимге тиешеси бар?

Бул чектөөлөргө бир гана чек аранын ар кайсы жерлерин жырып, тосмону ашып өткөндөр гана дуушар болот. Бирок мыйзамдуу чек ара өткөрмөсүнө барып, мобилдик телефондогу тиркеме аркылуу баарын толтуруп, мыйзамдуу башпаанек сурап кайрылгандарга жаңы чаралардын эч кандай тиешеси жок.

Андан тышкары чет жакта жүрүп эле ар кандай программалар аркылуу арыз жазгандар, убактылуу жумушчу визасы барлар ээн-эркин кире алат. Чектөөлөрдүн чоң адамдардын коштоосу жок барган жашы жете электерге жана адам аткезчилигинин курмандыгына айлангандарга тиешеси жок.

“Эми Байдендин чечимин сыйлаган күндө деле биз бул жакка жеткиче кандай азап-тозоктон өттүк. Бул жолду басып өтүү оңой болгон жок. Картелдер, иммиграциялык чектөөлөр, полиция, армия, кимди гана көрбөдүк. Алар бизге абдан жаман мамиле кылышты”, - дейт чек арадан мыйзамсыз өтүүгө ниеттенип жаткан венесуэлалык мигрант Эриксон Кинтеро.

Жаңы эреже иш жүзүндө кандай иштейт?

Азырынча башпаанек сурагандарды артка кайтаруу жараяны кандай, кайсы мөөнөттө ишке ашары белгисиз. Андан сырткары укук коргоо уюмдары белгилегендей, Кыргызстан өңдүү алыскы өлкөлөрдөн баргандар артка кайтарылса, Мексикада калып кетиши мүмкүн. Ал эми Мексика мигранттар үчүн өтө кооптуу өлкө.

Эмнеге Байден бул кадамга азыр барды?

Байден бир нече айдан бери Сенатта чек аралардын коопсуздугун катаалдаштырган мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кылып, бирок ал ишке ашкан жок. Ал долбоордо чек арадан мыйзамсыз кирген мигранттардын саны кайсы бир деңгээлге жеткенде мигранттарга башпаанек суроого тыюу салуу каралган.

Документти эки партиядан тең турган сенаторлор тобу даярдаган. Бирок ага мурдагы президент Дональд Трамп каршы чыккандан кийин республикачылар колдоодон баш тарткан. Анда Трамп бул мыйзамга “бир гана келесоолор добуш берерин” айткан.

Иммиграция 2024-жылдын ноябрь айында өтүүчү президенттик шайлоодогу негизги маселелердин бири. Анда азыркы президент Жо Байден менен экс-лидер Дональд Трамп ат салышары күтүлүп жатат. Reuters/Ipsos агенттиктери май айынын ортосунда жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, иммиграциялык маселеге келгенде добуш берүүчүлөр Байденге караганда Трампка артыкчылык берет.

“Байден чек араны көзөмөлгө алууга ниеттенип жаткан түр көрсөтүүгө же кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлдөй баштоого аракет кылууда. Менимче, бул толук ишке ашпайт. Анткени чек араны жырып өткөн мигранттарды тосмо да, мыйзам да токтото албайт. Бул жөн гана ички аудиторияга багытталган ишарат. Байден муну менен иммиграция маселеси түйшөлткөн потенциалдуу добуш берүүчүлөргө сигнал берип жаткандай”, - дейт Benders Immigratiom Bulletin басылмасынын баш редактору Дэниел Ковальски.

АКШ-Мексика чек арасындагы өткөрмө бекеттен өтүүгө ниеттенип кезекте турган мигранттар. 10-май, 2023-жыл.
АКШ-Мексика чек арасындагы өткөрмө бекеттен өтүүгө ниеттенип кезекте турган мигранттар. 10-май, 2023-жыл.

Соңку айларда чек арадан мыйзамсыз киргендердин саны кыскара түшкөн. Байдендин администрациясы мунун себебин Мексика мыйзамдарды катаалдаштырганы менен түшүндүрүүдө. Ошентсе да Байден өз чечими тууралуу 4-июнда жарыялап жатып “олуттуу оперативдүү проблемаларды жаратып жаткан миграциянын деңгээли мурдагыдай эле кооптуу экенин” билдирди.

Америкадагы жарандык эркиндик боюнча биримдик Байдендин чектөөлөрүнө каршы сотко кайрыларын билдирди. Башка бир катар мигранттардын укуктарын коргоо менен алектенген уюмдар президент Дональд Трамптын бийлиги маалында чыккан чектөөлөргө каршы сотко бергени белгилүү.

Нью-Йорктогу юридикалык мектептин иммиграциялык укук боюнча профессору Ленни Бенсондун пикиринде бул көйгөй элестеткенден олуттуураак.

“Мыйзамга ылайык, сиз Кошмо Штаттарга студенттик же кандайдыр бир виза менен кирип, мөөнөтү өтүп кетсе же болбосо мыйзамдуу, мыйзамсыз, түндүк же түштүк чек арадан киргениңизге карабай башкалка суроого укугуңуз бар. Бизде качкындарга убактылуу жана туруктуу визаларды берүү боюнча миграциялык системалар бар экенине карабай, арыздарды карап чыгуу процесси чындап жайлады. Байдендин администрациясы Демократиялык же Республикачылар партияларынын кайсы бир администрацияларына салыштырмалуу көп адамдарды депортациялады. Былтыр Канада бизге караганда кыйла көбүрөөк адамды кабыл алды. Кызыгы бул адамдардын көбү Мексика же Борбордук Америка өлкөлөрүнүн тургундары эмес”.

Демократтардын жана республикачылардын реакциясы кандай?

Республикачылар жалпысынан Байдендин иммиграциялык саясатына каршы чыгып келет. Бул жолу да алардын көбү президенттин чечимин жетишсиз деп сынга алышты. Байдендин чечимин жарыялоону утурлай Трамптын шайлоо штабы Байденди мыйзамсыз иммиграциянын жогорку деңгээли үчүн сынга алган билдирүү тараткан. Мурдагы президент өзүнүн Truth Social социалдык түйүндө бул кадам жөн гана кожо көрсүн жасалган иш деп сыпаттады.

Демократтар бул маселе боюнча экиге бөлүнүп калышты. Либералдуу көз караштагылар Байденди сынга алууда. Алардын арасында Конгресстин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Илхан Омар дагы бар.

“Бүгүнкү буйрук мен билген, мен жакшы көргөн иммигранттар курган Американын баалуулуктарына дал келбейт. Бул куугунтукталгандарды коргогон өлкө. Бизде адам укуктарын коргогон, кубаттаган, адилеттүү иммиграциялык система куруу боюнча моралдык милдеттенме бар. Ал система жардамга муктаждарды коргоп, биздин баалуулуктарды колдош керек”,-деген Омар өзү да Кениядан качкын катары келгенин кошумчалады.

Калифорниялык сенатор-демократ Алекс Падилья Байден америкалык баалуулуктарга доо кетиргенин айтты. Ал эми Сенатка Аризонадан аттанууга ниет кылып жаткан демократ Рубен Гальего жаңы чектөөнү “туура багытка жасалган кадам” деп колдоду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG