Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

“Акматовдун драмасына Ак үйдөн тыюу салышкан”


“Акматовдун драмасына Ак үйдөн тыюу салышкан”
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:22 0:00

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу маданият министринин мурдагы биринчи орун басары, коомдук ишмер Мелис Шаршенбаев.

Ал маегинде Кондучалованын узак жылдар министр болушунун сыры, Усубалиевдин маданиятка мамилеси, “Ажырашуу” спектаклинин коюлушуна Ак үйдүн тыюу салганы, ж.б. суроолорго жооп берет.

- Мелис агай, сиз кантип коммунист болгонсуз?

- Ал убакта чиновник болгондон кийин бир кызматта 10-15 жылдап отура берүүнүн кажети жок эле. Окууну бүтүп келгенден кийин эле министрликтеги кадрлардын резервине кирип калдым. Максат кызматтан жогорулаш. Ал үчүн коммунист болуш керек, ага жетүү кыйын болчу. Ал кезде (1970-1990-жылдар) коммунисттердин катарына интеллигенциядан көп алынбай, көпчүлүгүн жумушчулар, дыйкандар, колхозчулардан алып калышкан. Ошентип бир топ жыл партияга өтө албай жүргөм.

Ошол учурда Фрунзе шаарынын Биринчи май райондук партия комитетинин биринчи катчысы кадимки төкмө акын Калык Акиевдин баласы Салмоорбек Акиев деген иштеген. Ал кишиге министр, орун басарлары "Шаршенбаевди компартиянын мүчөлүгүнө алуу" өтүнүчү менен кайрылышканда укпай койгон. Кийин Борбордук Комитеттин катчысы Кеңеш Кулматов мени чакырып, Салмоорбек Акиевге телефон чалып, “бул бизге керектүү бала, Борбордук Комитетке бир аз иштетип, кайра министрликке кызматка жиберели деген планыбыз бар, партияга алып койгулачы” деген өтүнүчүнө да реакция кылбай койгон.

- Райондун катчысы Борбордук Комитетти тоготпой жатабы?

- Тоготпой жатканынын да себеби бар эле. Анткени таянган тоосу бийик эле.

- Ким эле таянган тоосу?

- Борбордук Комитеттин биринчи секретары.

- Турдакун Усубалиевич?

- Ии, ошондой.

- Мелис агай, дагы бир окуя жөнүндө сурайын деп жатам. Кыргыз эл жазуучусу, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков 60 жашка толгон мааракесинде "өкмөт берген Ардак грамотаны албай койгон" деп айтылат, ушундай болгонбу?

- Ошол жыйында мен болгом, ал азыркы Жогорку соттун имаратында өткөн. Бир топ кишилерге сыйлыктар тапшырылып жатты. Ортолоп калганда Түкөмдү чакырып калышты. Ал киши экинчи катарда отурган. Бирок ордунан туруп да койгон жок. “Рахмат сыйлыгыңарга, өзүңөргө эле насип болсун, жөн эле койгула” деп чыкпай койгон.

- Андай мамилеге бийликтин реакциясы кандай болгон?

- Бийлик реакциясын билдирбейт да, сылап-сыйпап өткөрүп кетишкен. Жыйналыштан чыккандан кийин катышкандардын арасында уу-дуу кеп болгон. Түкөмдүн андай мамилеси көптүн эсинде калган. Ал кезде бийликке каш кагып, каяша айткан Түгөлбай Сыдыкбековдон башка жазуучу-акындардан көрө алган жокпуз. Баары калыпка салынып калган заман эле. Борбордук Комитеттен кандай тапшырма, көрсөтмө болбосун, талкууламай жок, кың дебей аткаруу гана керек болгон.

- Мелис агай, Советтик Кыргызстандын маданиятынын тарыхында Күлүйпа Кондучалова деген чоң ысым бар. Ал кишинин 20 жылдын ашык маданият министри болуп иштешинин сыры эмнеде? Усубалиев менен жакшы мамиледе болгон, СССРдин маданият министри Фурцеванын колдоосу болуп турган деп калышат, сиздин пикир кандай?

- Екатерина Фурцева СССР доорундагы легендарлуу кишилердин бири болгон. Ал киши жөнүндө бир нече китептер жазылды, кинолор тартылды. Ал жөн жай эле кишилерди колдой бербейт эле. Ири алдыда айтарым, Кондучалованын маданият министри болуп келишинде кеп бар. 1958-жылы Кыргыз мданиятынын Москвада экинчи декадасы болмок, ага катуу даярдык башталган эле. Ошонун алдында Абдылкайыр Казакбаев деген маданият министрин Борбордук Комитетке катчы кылышат. Анын ордуна Министрлер кабинетинин төрага орун басары болуп иштеп жаткан Күлүйпа Кондучалованы маданият министр кылып дайындашкан.

Ал кишинин алдына декаданы мыкты өткөрүү милдети, тапшырмасы коюлган. Чындыгында декада абдан жогорку деңгээлде өтүп, жогорку жана республикалык бийлик ыраазы болгон. Ошол күндөн баштап Кондучаловага Фурцеванын көзү түз болду. Күлүйпа Кондучаловна кийинки жылдары Бүткүл союздун көңүлүн бура турган чоң иштерди жасады. “Ала-Тоо жазы” деген фестивалды уюштурду. СССРдин атактуу маданият ишмерлери Шестакович, Мурадели, Моисеев ж.б. Кыргызстанга чакыртып келип, кыргызча сюталарды, ырларды жаздыртты, бийлерди койдурткан. Бул иштери бүткүл союзга өрнөк болгон.

- Кыргызстандан СССРдин эл артисти деген наамды көп алганыбызды да Күлүпа Кондучалованын ысымы менен байланыштырып калышат.

- Бир сөз менен айтсам, Москванын Кыргызстандын маданият ишмерлерине болгон мамилеси башкача болчу. Бир жолу СССРдин маданият министри Фурзеванын докладында Кондучалованын жана Грузиянын маданият министринин ысымдары жакшы жагынан эки жолу аталганына күбө болгом. Бул чоң ишеним жана баа десек болот. Фурцева Кондучаловага жакшы мамиле кылса, СССРдин маданият министрлигинин аппараты Кыргызстандын маданият министрлигине ошондой жылуу мамиле кылып, ишеним артып турчу. Биз аны дайыма сезчүбүз, ошондуктан бизден барган демилге, сураныч, кайрылуулар дайыма колдоо тапкан.

Маекти толугу менен видеодон көрө аласыз.

XS
SM
MD
LG