Беш айылдын балдарына англисче үйрөткөн Айымбүбү
Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынын тургуну Айымбүбү Арзыматова беш айылдын мектеп окуучуларын чогултуп, англис тилин окутуп жатат. Эки жылдан бери балдарга билим берүү менен алектенген жаш мугалимдин эмгегин көрүп, жумушка тарткысы келген бир катар жеке мектептер да бар. Бирок элеттеги балдардын келечегин түптөөгө көмөкчү болгусу келген Айымбүбү жакын арада өзүнүн окуу борборун ачып, региондордогу билимдин сапатын жакшыртуу пландарын коюп жатат. Айымбүбү тил үйрөтүүдөн сырткары балдар менен чогуу таштанды чогултуп, аларды иргейт.