Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Айтматов дүйнөлөшүү болорун билген


Бир кезде Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн" деген романы чыкканда окуганым бар эле. Көрсө Чыңгыз Айтматов жер жүзүндө дүйнөлөшүү болорун билип жазган экен.

Ал мындайча: Владивостокто бүткүл дүйнөлүк космодром болот. Ал жерде Американын, Советтер Союзунун космонавттары иштешет. Алар биргелешип жаңы технологиянын жардамы менен башка планета издөө максатында космосту изилдешет.

Поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка жүрүп турушат.

Күндөрдүн биринде Советтер Союзунун космонавты приборлор менен космоско сигнал берип жатып, ал жактан жооп сыяктуу сигнал алат да, ошол сигналдын артынан чыгып отуруп, абдан кызыгып кетип, өзүнүн гана чечими менен байланышка кирет.

Бул кезде поезддер батыштан чыгышка, чыгыштан батышка жүрүп турушат. Советтер Союзунун космонавты башка планета менен байланышат. Ал планета деле Жерге окшогон планета болуп чыгат. Анын аты “Токой төш” экен. Анда жашагандар менен сүйлөшө баштайт.

Бул кезде поезддер чыгыштан батышка жүрүп турушат. Башка планетанын кишилери: "Силерде чечилбеген кандай маселе (проблема) бар?" дешет. Советтик космонавт айтат, "бизде согуш деген маселе чечилбейт. Адамдар бирин бири өлтүргөнү" дейт.

Ошол кезде поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка жүрүп турушат.

“Токой төш” деген планетада эрозия деген маселе бар экен, жерлери бузулат экен, ошону менен күрөшүшөт экен.

Ошол кезде поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка жүрүп турушат. Советтик космонавт сигнал менен кайра чыгып, болгон иштин баарын айтып берип кайта кайтып келишке уруксат сурайт. Бирок советтиктер көп жолу кеңешишет да, акыры уруксат бербей коюшат.

Менин өз оюм: жер жүзүндөгү “мыктылар” Чынгыз Айтматовдун ачылыштары менен иш алып барышсын. “Санкция” ачканды токтотушсун. Президенттер биргелешип, кыйынчылыкты жоюу боюнча иш жүргүзүшсүн, жер жүзүндө жалаң тынчтык болсун.

80 жаштагы чоң апа Бурулбүбү Жамалиева

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG