Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыш нааразылыктын кучагында


Акыркы маалыматтарга ылайык, Ливиянын ири шаарлары – Триполи менен Бенгазиде – элдик толкундоолор уланууда. Human Rights Watch уюмунун эсеби боюнча, бир нече күндөн бери уланып жаткан кагылышуулардан бери дегенде 233 киши мерт болду.

20-декабрда кечинде президент Муамар Каддафинин уулу Сейф ал-Ислам мамлекеттик сыналгыдан сүйлөп, тополоң учурунда жүздөгөн киши өлдү деген маалыматты четке какты.

Сейф ал-Ислам өлкөдө орун алган башаламандыкты исламчыл жикчилдер жана “чет өлкөлүк күчтөр” Ливияны бөлүп-жаруу максатында уюштуруп жатат деген пикирин билдирди. Дүйнөлүк коомчулук Ливиядагы кан төгүүнү кескин сынга алууда.

Ошентип Африка менен Жакынкы Чыгышта орун алган тополоңдун эпкини Ливияга да жетти. Бул аймактарда баш-аягы болуп 13 мамлекетте бийликке каршы нааразылыктар тутанды. Маалымат интернет аркылуу жетүүдө. Ливиянын бийлиги интернетке чектөө киргизди. Мындай көрүнүш мурдагы Советтер союзуна кирген өлкөлөрдө көп эле кайталанат. Талдоочу Виталий Портников:

- Араб өлкөлөрүндө интернетти бууп салганга чейинки кадамдарга баргандан кийин Орусия, Украина жана башка өлкөлөрдүн лидерлери бул байланыш тармагы таасирдүү болгонун түшүнгөндөй болду.

Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин окшоштугу – президенттери 10-15 жылдан бери бийликтен түшпөй келатат.

Мысыр, Алжир, Бахрейн, Ливия, Тунис, Марокко, Түркия өңдүү 13 мамлекетте бийликке нааразы болгондор демонстрацияларга чыгууда. Ал эми өлкөдөн качкан лидерлер авторитардык режим өкүм сүргөн өлкөлөрдө баш паанек издөөдө. Мисалы, “Ал-Арабия” (Al-Arabia) сыналгысы полковник Муаммар Каддафи Венесуэлага качып кеткенин кабарлады. Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Апрель ыңкылабынан кийин Беларуска чыгып кеткен.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин окутуучусу Жорж Моравчик буларды белгилейт:

- Биз Жакынкы Чыгышта демократиялык кайра жаралуу жолун жактырабыз. Бирок, мисалы, Бахрейнде жагдай өзгөчө мамилеге муктаж. Себеби бул өлкөнү башкарган монарх таат кылган дини суннит, ал эми өлкөдө көпчүлүктү шийилер түзөт. Иран Бахрейнди өзүнүн бир бөлүгү катары эсептеп келет. Ошондуктан Кошмо Штаттары ал өлкөнүн эгемендигин коргоого даяр.

21-февралда БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгышта адам укугун сыйлоого чакырды.

XS
SM
MD
LG