Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

“Талибан” тынчтык келишимин сактаган жок


Ооганстандагы полиция кызматкери. 29-апрель, 2020-жыл.
Ооганстандагы полиция кызматкери. 29-апрель, 2020-жыл.

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясындагы аскердик борбордо жардыруу болуп, кеминде беш киши каза тапты. Байкоочулардын айтымында, мындай чабуулдар февраль айында Кошмо Штаттар менен талибдер ортосундагы келишилген тынчтык макулдашуусуна кедергисин тийгизип жатат.

“Талибан” кыймылы жардыруу үчүн жоопкерчиликти моюнуна алып, ооган армиясынын 150дөй аскери жайгашкан борборго кол салышканын билдирди.

Талибдер курман болгондордун саны айтылгандан алда канча көп экенин, андан мурдагы күнү да чабуул уюштурушканын кошумчалашты.

4-майдагы чабуулда беш киши каза тапканын Гилменд провинциясынын губернатору Мохамад Ясин Хан маалымдады.

Ал Гришк районундагы аскердик базанын жанында автоунаага коюлган бомба жардырылганын, он чакты киши жарадар болгонун кошумчалады. Хандын айтымында, ал жакта Улуттук коопсуздук башкармалыгы да жайгашкан.

Андан бир күн мурда, 3-майда Пактика провинциясындагы мечитти көздөй ыргытылган граната жарылып, жыйырма чакты адам жараат алган.

Соңку эки ай ичинде ооган коопсуздук күчтөрү чоң жоготууларга учурады.

Кандуу окуя болгон күнү АКШнын коргоо министри Марк Эспер Вашингтон менен талибдердин ортосунда түзүлгөн тынчтык келишимине карабай куралдуу кыймылдын чабуулдары күчөп жатканын айтты.

Вашингтондогу аналитикалык борбор уюштурган онлайн-конференция маалында суроолорго жооп берип жатып, ал ооган президенти Ашраф Гани менен анын атаандашы, өзүн "мамлекет башчы" катары жарыялап алган Абдулла Абдулла экөөнүн ортосунда жетишилген алдын-ала макулдашуу оптимизмге жетелей турганын кошумчалады.

Гани менен Абдулла бир нече айдан бери созулуп келаткан тирешке чекит коюуга жакындап калышканы 1-майда маалым болгон. Ал күнү Абдулла "Твиттердеги" баракчасына “бир катар принциптер боюнча алдын-ала макулдашуу жетишилгенин” жазган.

Ал келишимдин чоо-жайын ачык айткан эмес. Ооганстандын аткаруу бийлигин жетектеп келген Абдулла Абдулла былтыр сентябрда өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан.

Бир нече ай өткөндөн кийин гана жарыяланган жыйынтыктарга ылайык, Ашраф Гани добуштардын элүү пайыздан көбүрөөгүн алган. Ал эми Абдуллага калктын 39% гана добуш берген. Гани президенттикке расмий киришип жаткан күнү, Абдулла ошол эле имараттын башка бөлүгүндө ант берип, өзүн “президент” жарыялап алган.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулла.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана мурунку башкы аткаруучу Абдулла Абдулла.

Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен «Талибан» бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон.

Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. «Талибан» да туткундагы миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Бирок Гани менен Абдулланын саясий тирешинен улам талибдер менен ооган өкмөтүнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү ушул күнгө чейин ишке ашпай келет.

Жаатташкан эки саясатчыга басым жасоо үчүн Кошмо Штаттар Ооганстанга көрсөтүп келген жардамды 1 миллиард долларга кыскарта турганын март айында жарыялаган. Евробиримдик дагы эки атаандаштын пикир келишпестиги жардамдын кыскарышына алып келерин эскерткен.

“COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө көңүл буруу үчүн биз жакын арада саясий макулдашууга жетишүүнү үмүттөнүп турабыз”, - деп жазды Абдулла “Твиттердеги” баракчасына.

Ооганстанда короанвирус расмий маалыматтарга караганда 2900дөй адамга жугуп, 90дой киши каза тапты. Бирок эксперттер илдетке кабылгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин боолгошууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG