Ооганстанда жаңы президент аныкталды
Ооганстандын шайлоо комиссиясы Ашраф Ганини президент деп расмий жарыялады. Жекшемби күнү президенттикке талапкерлер Ашраф Гани менен Абдулла Абдулла улуттук биримдик өкмөтүн түзүү келишимине кол коюшту. Ага ылайык бийлик бөлүштүрүлүп, Ашраф Гани президент, ал эми Абдулла Абдулла өкмөт башчылык кызматты ээлейт.