Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Керри Кабулда талапкерлер менен жолукту


Жон Керри Ооганстан бийликти алгачкы ирет демократиялуу жол менен өткөрүүгө келгенде эң оор кырдаалга кептелгенин айтты.
Жон Керри Ооганстан бийликти алгачкы ирет демократиялуу жол менен өткөрүүгө келгенде эң оор кырдаалга кептелгенин айтты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри бүгүн эртең менен Кабулда Ооганстанда кызматтан кетип жаткан президент Хамид Карзайга, президенттике ат салышып жаткан талапкерлер Абдулла Абдулла менен Ашраф Ганиге жолукту.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооганстан бийликти алгач ирет демократиялуу жол менен өткөрүүгө келгенде эң оор кырдаалга кептелгенин айтты. Ал “Июнда өткөн президенттик шайлоонун легитимдүүлүгү жана бийликти тынч өткөрүү процесси кылдын учунда турат, ошентсе дагы кырдаалдан жол табылаарына ишенем, келечек такталаарына үмүттөнөм”, - деп кошумчалады.

Президенттик шайлоонун болжолдуу жыйынтыгынан улам учурда Ооганстанда этностор аралык жаңжал чыгып кетиши ыктымал болуп турганын адистер белгилешүүдө.

Шайлоонун жыйынтыктарына байланыштуу жаралган чыңалууну азайтууга салым кошуу максатында келген Керри бүгүн президенттике ат салышкан эки талапкер Ашраф Гани жана Абдулла Абдулла менен өз алдынча жолукту.

Керри менен сүйлөшүүлөрдүн алдынан президенттикке талапкер Ашраф Гани добуштардын кылдат текшерилишин каалай турганын билдирди.

“Биздин милдетибиз шайлоо процессин эл ишенгидей айкын, мыйзамдуу жол менен жыйынтыктоо”, – деди ал.

Ооганстандын көз карандысыз шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун 14-июнда өткөн экинчи айлампасынын алдын ала жыйынтыктарын жарыялаган. Ага ылайык, мурдагы каржы министри Ашраф Гани 56% көбүрөөк добуш менен алдыга чыккан.

Биринчи айлампада алдыда келип, бирок экинчи айлампада Ганиден артта калган Абдулла Абдулла шайлоо жыйынтыктарын кабыл албай турганын белгилеп, өзүнчө альтернативдүү өкмөт түзөрүн жарыялаган болчу.

Ал арада Абдулланын санаалашы Мохаммед Мохакик эгер шайлоо жыйынтыктары менен эч ким макул болбосо, өлкөнү бир жыл убактылуу өкмөт башкарсын деген сунушун айтты.

Бүгүн Bloomberg каналына сүйлөгөн Мохакик шайлоо комиссиясын толугу менен реформалап, аймактардагы мүчөлөрүн жаңылоо керек деди. Анын айтымында, Ганиге көз боемочулук менен кошулган делген добуштарды алып ташташпаса, өлкөдө абал кыйла курчуйт.

Мурадараак Кошмо Штаттардын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Жеймс Доббинс Ооганстандагы президенттик үчүн күрөшкөн эки талапкердин ортосундагы кайым айтышуулардын айынан түзүлгөн кырдаал өлкөнү бөлүп жибербеши үчүн коалициялык өкмөт түзүү зарылдыгын билдирген.

Ошол эле маалда АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Жен Псаки "АКШ өкмөтү бирдиктүү Ооганстанды көргүсү келеринен эч ким күмөн санабайт деп ойлойм. Өлкөнүн жаңы шайланган президенти жаңы өкмөттү курап жатканда, ал Ооганстандын бүтүндүгүн сактай турган өкмөт болушуна жетишүүсү керек. Бул үчүн биз жардамыбызды аябайбыз”, - деп билдирди.

Жалпысынан саналган 8 млн. добуштун ичинен үч миллиону талаш-тартыш жараткандыктан, кайра саналашы мүмкүн.

АКШнын президенти Барак Обама апта башында эки талапкер менен тең телефондон сүйлөшүп, аларды улуттук биримдикке шек келтирбөөгө үндөгөн. Обама аларга эгерде зомбулукка же Конституцияга каршы келген аракеттерге барса, АКШ Ооганстанга жардамын токтоторун эскерткен.

Ал арада Ооганстандагы шайлоого байкоо жүргүзгөн Евробиримдиктин атайын комиссиясынын жетекчиси Тейс Брейман дагы добуштар кайра кылдат текшерилип чыкпаса, жеңүүчүнү жарыялоо өтө кыйын болоорун билдирди.

Президенттик шайлоонун 14-июнда өткөн экинчи айлампасынын акыркы жыйынтыктары 22-июлга чейин жарыяланары күтүлүүдө.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG