Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Зилзаладан ооган кыргыздары да жабыркады

Ооганстандын Бадахшан провинциясында кыйраган үйлөр. 27-октябрь, 2015-жыл

Түштүк Азиядагы зилзаладан өлгөндөр саны 300дөн ашканы кабарланууда.

Расмий өкүлдөр билдиргендей, кечээги жер силкинүүдөн өлгөндөр саны Пакистанда бүгүн кеминде 237ге жетип калды, мындан сырткары дагы 1500дөй адам жаракат алды. Коңшу Ооганстанда болсо кеминде 76 кишинин өмүрү кыйылып, 230тан ашууну жаракат алды.

Бул зилзаладан Ооганстандагы этникалык кыргыздар жана ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктар жабыркаган жокпу? Ушул жана башка суроолорго Кыргызстандын Ооганстандагы элчисинин кеңешчиси Учкун Эралиев жооп берди.

"Азаттык": Учкун мырза, кечээги жер титирөөдөн Ооганстан менен Пакистанда 300дөн ашык адам өлгөнү кабарланууда. Бүгүнкү күндө Ооганстандагы кырдаал кандай?

Эралиев: Зилзаланын очогу Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Журм деген жерде болду. Силкинүүнүн күчү 7,8 баллга жетти. Акыркы маалыматтарга караганда, 70тен ашык киши каза тапкан. Бул Ооганстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы.

Бизде консулдук каттоодо турган 50гө жакын кыргызстандык бар. Алар аскердик базаларда жана башка жумуштарда иштешет. Кечээ жер титирөө болгондо эле алар менен байланышканбыз. Бүгүн да байланышып, кабар алып жатабыз. Кыргызстандыктардын арасында жабыр тарткандар жок.

Дагы бир кошумчалай кетүүчү нерсе: Ооганстанда Улуу жана Кичи Памир тоолуу аймактарында жашаган этникалык кыргыздар да бар. Андагы кыргыздар менен да байланыштык. Алардын арасында жаракат алгандар, үйлөрү кыйрагандар бар экен. Бирок каза болгондор жок деп айтышты.

"Азаттык": Буга чейин зилзаланын күчү Кабулдун өзүндө да бир кыйла сезилди, анын айынан электр кубаты да жок деп айтылып жатты эле. Сиздер башка мекендештер менен кантип байланышка чыгып жатасыздар, дегеле маалымат алуу жагы кандай болуп жатат?

Эралиев: Чыны менен жер титирөө болгондон кийин бир саатка чейин свет жана уюлдук байланыш болгон жок. Андан кийин баары калыбына келди.

"Азаттык": Учурда жалпы абал кандай, силкинүү кайра кайталанбайт бекен? Мамлекеттик мекемелер кандай маалыматтарды, кеңештерди берип жатат?

Эралиев: Кечээ жер титирөөдөн эки-үч саат өткөн соң интернеттеги социалдык тармактарда жердин силкинүүсү кайра кайталанышы мүмкүн деген маалыматтар таркатылган. Ошол маалыматта жер титирөө болсо эмне кылуу керек деген сунуштамаларды айтып жатышты. Бирок, кудайга шүгүр, кайра кайталанган жок.

Зилзаладан өлгөндөр 300дөн ашты

26-октябрдагы зилзаладан Тахар провинциясында  каза тапкан кыздарды жерге берүү учуру. 27-октябрь, 2015-жыл 
1/17 26-октябрдагы зилзаладан Тахар провинциясында  каза тапкан кыздарды жерге берүү учуру. 27-октябрь, 2015-жыл 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Сват өрөөнү, Пакистан
2/17 Сват өрөөнү, Пакистан
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Жер титирөөдөн кийин. Пакистан, Кичи Дире аймагы
3/17 Жер титирөөдөн кийин. Пакистан, Кичи Дире аймагы
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Пакистандын тез жардам кызматкерлери зилзаладан кийин Пешавардагы ооруканада түшкөн кызга жардам көрсөтүүдө. 
4/17 Пакистандын тез жардам кызматкерлери зилзаладан кийин Пешавардагы ооруканада түшкөн кызга жардам көрсөтүүдө. 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Пешавардагы Леди Рединг ооруканасында жер титирөөдө каза болгон аялдын сөөгүн алып баратышат. Пакистан.
5/17 Пешавардагы Леди Рединг ооруканасында жер титирөөдө каза болгон аялдын сөөгүн алып баратышат. Пакистан.
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Пакистандык доктурлар жаракат алган адамды дарылашууда. 
6/17 Пакистандык доктурлар жаракат алган адамды дарылашууда. 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Зилзаладан жаракат алган адамдар Абботтабаддагы оорукананын тышында медициналык жардам алышууда. Пакистан
7/17 Зилзаладан жаракат алган адамдар Абботтабаддагы оорукананын тышында медициналык жардам алышууда. Пакистан
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Минагордо медицияналык жардам күтүп жаткан адам. Сват өрөөнү, Пакистан. ​
8/17 Минагордо медицияналык жардам күтүп жаткан адам. Сват өрөөнү, Пакистан. ​
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Куткаруучулар жаракат алган адамды Пешавардагы Леди Рединг ооруканасына алып келатышат. Пакистан
9/17 Куткаруучулар жаракат алган адамды Пешавардагы Леди Рединг ооруканасына алып келатышат. Пакистан
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Жер титирөө учурунда иштеген кеңселеринен чыга качкан кашмирлик кыздар. 
10/17 Жер титирөө учурунда иштеген кеңселеринен чыга качкан кашмирлик кыздар. 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Пакистан
11/17 Пакистан

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургундары жер титирөөдөн кийин. 
12/17 Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургундары жер титирөөдөн кийин. 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургундары. ​Тажикстанда силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен. Ошондой эле Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бүгүнкү зилзаланын күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда. 
13/17 Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын тургундары. ​Тажикстанда силкинүүнүн күчү 6 баллга жеткен. Ошондой эле Өзбекстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында да бүгүнкү зилзаланын күчү 4-5 баллга жеткени кабарланууда. 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Жер силкинүүдөн  каза тапкан баланы көмүп жатышат. Ооганстан, Нангархар провинциясы. 27-октябрь, 2015
14/17 Жер силкинүүдөн  каза тапкан баланы көмүп жатышат. Ооганстан, Нангархар провинциясы. 27-октябрь, 2015
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Пакистан
15/17 Пакистан
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Зилзаладан ураган үйдө турган адам. Ооганстан, Кабул, 26-октябрь, 2015 
16/17 Зилзаладан ураган үйдө турган адам. Ооганстан, Кабул, 26-октябрь, 2015 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Ооганстандагы Жалалабад шаарындагы оорукана зилзаладан кийин. 
17/17 Ооганстандагы Жалалабад шаарындагы оорукана зилзаладан кийин. 
26-октябрда күчү 7,5 баллга жеткен зилзаланын очогу Ооганстандын Гиндикуш аймагында орун алды. Силкинүү Кабулда, Исламабадда, Делиде, Дүйшөмбүдө, Ташкенде, Бишкекте жана Алматыда да сезилди.
Артка
Алдыга

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG