Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Кабул «Талибан» менен сүйлөшүүгө даяр


Желалабад провинциясындагы коопсуздук күчтөрү. 6-март, 2019-жыл.
Желалабад провинциясындагы коопсуздук күчтөрү. 6-март, 2019-жыл.

Ооганстан «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүү жүргүзө турган өкмөттүк делегацияны Катарга жиберет.

Аны Вашингтондун Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад да ырастады. Бул «Талибан» менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу аракеттерин күчөтөт деген үмүт жаратууда.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин тынчтык маселелери боюнча өкүлү Омар Даудзай кабарлагандай, өкмөттүк делегация Дохага «Талибан» менен өз ара пикир алмашуу максатында барганы жатат. Сүйлөшүүлөр 14-15-апрелге белгиленген, ал эми бара турган делегаттардын курамы 10-апрелге чейин аныкталат.

Буга чейин ооган президенти Ашраф Гани өлкөдө тынчтыкты орнотуу жана «Талибан» менен сүйлөшүү жүргүзүү боюнча жаңы кеңеш түзгөнү кабарланган. Ага бийлик жана оппозиция мүчөлөрү, ошондой эле жарандык коом өкүлдөрү кирет.

Ооган өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла буларга токтолду:

Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

«Бүгүнкү күндө атышуу токтогон жок, бирок сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биз бул жагдайлар чыныгы бейпилдикке жетишүүгө шарт түзөт деп ишенебиз. Биз буга канчалык эрте чекит койсок, элибизге ошончолук жакшы. Өкмөткө кирген да, кирбеген да саясатчылар жарашуу жана тынчтык маселесинде бир багытта болушу зарыл. Мунун максаты - Ооганстан элинин бирдиктүү көз карашын көрсөтүү. Өкмөттүн же оппозициянын гана эмес, ошондой эле өкмөткө кирбегендердин гана эмес, жалпы элдин көпчүлүгүнүн бирдиктүү позициясын билдирүү».

«Талибан» кыймылы өкмөттүн алар менен сүйлөшүү үчүн делегация жиберүү тууралуу билдирүүсү боюнча комментарий бере элек. АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү Катардын борбору Доха шаарында Ооганстандагы согушту токтотууга багытталган бир канча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок куралдуу топ ооган өкмөтүн Американын «кол баласы» деп, аны менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып келатат.

Вашингтондун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад 7-апрелдеги билдирүүсүндө «ооган өкмөтүнүн жана коомчулугунун өкүлдөрү кийинки жумада Дохада өтө турган оогандыктардын өз ара диалогуна катышарын» маалымдаган.

Былтыр күзүндө талибдерди ийге келтирүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү баштаган АКШнын өкүлү Залмай Халилзад өткөн жумада Ооганстандын бийлиги менен бир катар жолугушууларды өткөргөн.

«Талибан» буга чейинки сүйлөшүүлөрдө «чет өлкөлүк аскерлер өлкөдөн чыгып кетиши керек» деген шарт коюп келе жаткан. Ооганстанда НАТОнун 14 миңдей аскери бар. Алар негизинен жергиликтүү аскерлерди окутуу жана өкмөттүк аскерлерге абадан колдоо көрсөтүү менен алектенет.

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

«Азыр болуп жаткан сүйлөшүүлөр - кайсы бир деңгээлде тынчтык жараянына жетишүүдөгү жаңы кадам. Ага ооган өкмөтү да кирип жатат. Анткени бул туруктуу тынчтыкка жетишүүдөгү жалгыз жол», - деди НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Ал арада Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен «Талибандын» кармашы улам бир жерден жүрүп жатат. Мисалы, 4-апрелде жоочулардын кол салуусунан кеминде 20 жоокер жана полиция кызматкери курман болгон.

Өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына «Талибан» жана башка топтор үстөмдүк кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG