Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

«Талибан» ири аскердик базага кол салды


Майдан Вардак провинциясында «Талибан» кол салган аскердик база. 21-январь, 2019-жыл.
Майдан Вардак провинциясында «Талибан» кол салган аскердик база. 21-январь, 2019-жыл.

Ооганстанда «Талибан» аскердик базага кол салганда курман болгондор кеминде 65 адамга жетти.

Бул талиб согушкерлеринин акыркы эң кандуу чабуулдарынын бири болду. Учурда Ооганстандагы согушту сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү аракети да көрүлүп жатат. «Талибан» тараптын АКШнын расмий өкүлдөрү менен кезектеги жолугушуусу Катар мамлекетинде өтүп жатканы кабарланууда.

«Талибандын» согушкерлери бул ирет Ооганстандын Майдан Вардак провинциясынын борбору Майдан Шахр шаарындагы аскердик базага 21-январда кол салышкан. Маалыматтарга караганда, оболу аскердик базанын кире беришинде жанкечти бомбага шыкалган автоунааны жардырган. Андан соң базага кеминде үч согушкер чабуул койгон.

- Мен Майдан Вардактын Жалриз районунан болом. Саат алтылар чамасында абдан чоң жарылуу болду. Мен жер титиредиби деп ойлоп кеттим. Жарылуу абдан күчтүү болду, - деди окуянын жергиликтүү күбөлөрүнүн бири.

Натыйжада бул жардыруу жана кол салуу чурунда өлгөн ооган аскерлеринин саны кеминде 65ке жеткени, ал эми жарадарлардын саны 70тен ашканы ырасталды. Айрым кабарларда ал түгүл 126 киши мерт болгону да айтылууда.

«Талибандын» чабуулуна кабылган аскердик база Ооганстандын башкы чалгын мекемеси – Коопсуздук боюнча улуттук директораттын машыгуу борбору катары да кызмат өтөчү.

- Коопсуздук боюнча улуттук директоратка тиешелүү базада жашаган жоокерлерди автоунаа айдаган жанкечти бутага алды. База имаратынын жоокерлер жашаган бөлүгү бузулду, үч жанкечти ошол жерде жок кылынды, - деди Майдан Вардак провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мухибулла Шарифзай.

«Талибан» аскердик базага кол салганын моюнга алды. Кыш күрөөгө карабай «Талибан» азыр Ооганстандын күч түзүмдөрүнө дээрлик күн сайын кол салууда.

"Талибандын" согушкерлери. Сүрөт 2018-жылдын 16-июнунда тартылган.
"Талибандын" согушкерлери. Сүрөт 2018-жылдын 16-июнунда тартылган.

Ал арада Ооганстандагы 17 жылдык согушту сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү аракеттери да көрүлүп жатат. Маалымат агенттиктери «Талибандын» Катардагы саясий кеңсесинин мүчөлөрү АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен жолугуп жатканын кабарлашууда. «Талибандын» лидерлери менен АКШнын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр Катарда 22-январда башталганын «Талибандын» өкүлү Забиулла Мужахид да ырастады. Катардагы бул жолку сүйлөшүүлөрдүн алдында Залмай Халилзад Кабул менен Исламабадга да келип кеткен.

Талибдер АКШнын чабарманына жолугуп жатканына карабастан Ооганстандын өкмөтү менен бетме-бет сүйлөшүү жөнүндөгү сунуш-чакырыктарды азырынча четке кагып, Кабулдагы бийликти «куурчак» өкмөт деп эсептешет.

Ал эми америкалык таасирлүү сенаторлордун бири, Сенаттын аскердик иштер боюнча комитетинин мүчөсү Линдси Грэм өткөн аптанын соңунда Исламабадда болгондо АКШ президентин Пакистандын премьери менен жолугууга үндөгөн.

Линдси Грэм
Линдси Грэм

- Мен аны (президент Дональд Трампты) премьер-министр менен мүмкүн болушунча тез жолугууга чакырам. Премьер-министр Имран Хан акыркы 10-20 жылда «Талибан» менен элдешүү жөнүндөгү сөздөрү үчүн сынга кабылып келген. Акырында аныкы туура болуп чыкты. Мен Ооганстандагы согуш элдешүү аркылуу аяктай турганын айта алам, - деген эле сенатор Грэм.

«Талибандын»1996-2001-жылдардагы өкмөтүн тааныган үч өлкөнүн бири болгон Пакистан ага азыр да таасири бар мамлекет деп эсептелет.

Талиб согушкерлерине өз аймагынан башпаанек берип жатканы үчүн аны буга чейин АКШнын да, Ооганстандын да бийлиги айыптаган. Расмий Исламабад болсо Вашингтон менен Кабулдун мындай дооматтарын четке кагып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG