Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Абылгазиевди эс алдырган жыштык чыры


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргызстанда радиожыштык сатуудагы коррупция жаңжалы уланууда. 27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүрдү.

Премьер-министрдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлер менен жыйын өткөргөнү, анда өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулары кеп болгону айтылат. Абылгазиев Жогорку Кеңеште радиожыштык боюнча өкмөт башчынын күнөөсү жок экенин далилдөөгө чакырык ташталганын белгилеп, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактаганын, ишти саясатташтырбаш керек экенин билдирген.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбаш керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүү боюнча дооматтардан алыс болуш үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», - деди Абылгазиев.

Абылгазиев канчасына чейин эс алууда болору айтылган жок. Анын ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өкмөттүн ишин жүргүзүү тапшырылды.

Радиожыштык сатуудагы коррупция тууралуу алгач депутат Жанарбек Акаев парламентте маселе көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күмөндүү иштерге катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин» деп талап кылган. Депутатка өкмөт башчы «эч кандай күнөөм жок» деп жооп берген болчу.

Жанарбек Акаев Абылгазиевдин акыркы кадамын кубаттады. Бирок депутат өкмөт башчынын эмгек өргүүсүнө кетиши коомчулуктагы нааразылыкты басыш үчүн эмес, чыныгы коррупциялык иштердин бетин ачууга негиз болушу керек деп эсептейт.​

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Аппарат башчысы да органдарга сурак берип атат. «Уюк байланыш операторуна ээлик кылган казакстандык олигарх өкмөт башчынын кеңсесинде жолугушууда болгон» деген маалыматтар тарап жатат. Укук коргоо органдары буларды аныкташы керек.

Бул жерде беш аткаминер камалганы факт. Маалымат коопсуздугу эске алынбай, Казакстанга көп жыштык берип жатканы факт. Дагы кандай факт керек? Өкмөт башчынын эмгек өргүүсүнөн кайтышы күмөн».

Чынында эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин капысынан эмгек өргүүсүнө чыгышы анын кызматтан кетери жөнүндө божомолдорду күчөттү. Анткени буга чейин Абылгазиев «КТ-Мобайл» сыяктуу чуулгандуу иштерде аты аталса да, дооматтарды четке кагуу менен чектелип жүргөн.

Бийликтен коррупция менен күрөшүүнү талап кылып келе жаткан жарандык активисттердин бири - Тилек Токтагазиев. Анын пикиринде, өлкөдө коронавирус илдети анча басаңдай элек убакка карабай, өкмөт башчынын эмгек өргүүсүн алып кетиши радиожыштык боюнча маселенин олуттуу экенинен кабар берет. Ал муну бийликтин саясий жүрүшү катары мүнөздөдү:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

«Бул жакта коррупциялык элементтер чынында бар экени билинди. Анан кийин чоң чырга айланып кетпесин, бийликке көлөкө түшпөсүн деп эс алууга кетти. Шайлоо алдында мындай чырлардын бийликке кереги жок».

Кыргызстанда эмгек өргүүсүнө 30-40 күн берилет. Ошондо кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү 15-20 күн деп эсептелет. Миллиондогон каражат жөнүндө кеп болгон кылмыш иши бир айда тергелип бүтүшү күмөн. Андыктан айрымдар премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн тергөө менен байланыштырганын кожо көрсүн аракети катары сындап жатышат. Журналист Семетей Талас уулу өкмөт башчынын аралашканы чындап иликтенбейт деген ойдо турат.

«Бул «тергөөгө таасир этпейин» дегени - жөн эле түр көрсөтүү, - деди ал. - Башка эч нерсе болбойт. Балким нааразылык күчөп кетсе иштен алынып калышы мүмкүн. Бирок мурда мындан да чуулгандуу иштерде кызматтан кеткен эмес. Жогорку бийликке ушундай өкмөт башчы жагат».

Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев Абылгазиевдин дарегине айтылган дооматтар көбөйгөнүн белгилеп, учурда өзү кызматын тапшырып кетип калышы туура болмок деген оюн айтты:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Териси калың кишилерден экен. Карамагындагы иштер оңунан чыкпай жатса «кой, ишти тапшырайын» десе болмок. Бизде саясий маданият деген болушу керек».

Кандай болгон күндө да бийлик коомчулуктун нааразылыгына реакция кылганын оң баалагандар бар. Парламент депутаты Сайдулла Нышанов өкмөт башчынын тергөө убагында эс алууга кетишин туура кадам катары баалады:

«Ал өзүн тазамын деп ойлойт. Ошондуктан эс алууга кетти. Эгерде ошол иштерге аралашканы чын болсо мындай кадамга бармак эмес. Ал иштеп туруп чечкенге жеңил болмок. Негизи туура кылды. Кээде билип-билбей күнөөлөй берген учурлар болот. Мындай кырдаалда кызматтан четтеп турганы оң деп ойлойм».

Өткөн аптада Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакка алынды. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала ТВ» компаниясынын өкүлү бар. Камакка алынган беш кишинин дагы бири - агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 12-майда камакка алган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG