Буга чейин Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү Исмаил Исаков тышкы күчтөрдү киргизүү зарылчылыгы жок экенин, техникалык жана гуманитардык жардамдар берилсе, калганын ички ресурстар менен чечсе болорун айткан болчу. И.Исаков баштаган күч органдары Ош менен Жалал-Абад облусунан чыкпай, мурдагы ооганчыларды, запастагы офицерлерди моблизация кылып атып түштүктөгү коогалаңды басууга жетишишкен.
Ошентсе да коогалаң болгон аймакта адам укуктары бузулуп, өзгөчө өзбек улутундагылар басмырланып атканын айткан укук коргоочулардын сөзүн дүйнөлүк маалымат каражаттары кайра-кайра жарыялай берип, ушул тапта Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү каалагандардын ойлору ишке ашуу алдында турат.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча атайын жардамчысы Майкл Макфол кечээ маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын түштүгүндө адам укуктарынын сакталышында өксүктөр бар экенин, коопсуздук күчтөрү жөн-жай адамдарды басмырлабашы керектигин, өзгөчө өзбек улутундагылардын укуктары бузулуп атканын айтты. Ошондой эле ал кыргыз бийлиги эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө макул болгонуна таң калганын жашырган жок:
- Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун эл аралык полиция күчтөрүн Кыргызстандын түштүгүнө, Ош менен Жалал-Абадга киргизүү жөнүндөгү президент Обаманын демилгеси кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынганы мен үчүн күтүүсүз болду.
Ош менен Жалал-Абадга эл аралык күчтөрдү киргизүү планын жактырбагандар, ал тургай караманча каршы болгондор бар.
Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, эгер эл аралык күчтөр кыргызстандык өзбектердин укугу бузулуп атат деген жүйө менен Кыргызстанга полиция күчтөрүн киргизе турган болсо, анда алар тескерисинче эки этностун ортосуна чагым салып, өчүп калган отко бензин чачкандай эле болот. Андыктан бул жерде маселеге аяр мамиле кылып, эгер айрым кемчиликтер болсо, аларды ички ресурстарды колдонуу менен гана жойгонго аракет кылуу керек.
БЭК партиясынын негиздөөчүсү, Убактылуу өкмөттө сот жана прокуратура тармагын тейлеп келген Азимбек Бекназаровдун айтымында, М.Макфолдун өзбек улутундагылардын укуктары көп бузулуп атат деп айтуусуна негиз жок эле. Эгерде эл аралык күчтөр ушул нерсеге таянып Кыргызстанга полиция киргизе турган болсо, анда бул эгемен өлкөнүн ички саясатына кийлигишүү, касташууну күчөтүү болуп саналат:
- Ошондой маанайда, ошондой негизде келатабыз десе, анда бул биздин ички саясатка кийлигишүү болуп эсептелет. Бул тескерисинче улуттар аралык жакындашууну эмес, улуттар аралык касташууну күчөтөт. Анткени алар бир тараптуу иш жүргүзүп, бир тараптуу пикир айтканга негиз жок. Кыргызстанда жабыр тарткан – бул кыргыз эли, кыргыз улуту болуп атат. Менин жеке пикиримде эл аралык полиция киргизүү терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Мурдагы легендарлуу парламенттин депутаты, жазуучу Казат Акматовдун пикиринде, ушул тапта Кыргызстандагы кырдаалдан пайдаланган экстремисттик топтор Фергана өрөөнүндө чоң жаңжал уюштурууну пландап аткан болуулары мүмкүн. Андыктан Европо коопсуздук жана кызматташтык уюмунун көк каскачандары келсе зыяны болбойт:
- Эгерде чын эле Фергана өрөөнүндө чын эле жанагыдай чоң коогалаң даярдалып аткан болсо, анда бүткүл дүйнөлүк жанагы ЕККУ сыяктуу уюмдардын жардамы сөзсүз керек. Алар үчүн ушул Кыргызстандагы кырдаал абдан оңтойлуу болуп турат окшойт. Жанагы Өзбекстан ислам кыймылы, Талибан, Хизб-ут-Тахрир сыяктуу исламдык радикалдык күчтөрдүн планы боюнча Ферганада чоң иштер башталганы турат деген кабарларды угуп атабыз...
Ушул тапта бийлик тараптан кандай жүйөнүн негизинде Кыргызстанга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүгө макул болушканы тууралуу түшүндүрмө боло элек. “Азаттыктын” бул боюнча тиешелүү бийлик өкүлдөрүнө байлашуу аракети азырынча майнапсыз болуп турат.
Кыргызстанга сырттан күч киргизүүнүн жол-жобосу кийинки жумада ЕККУнун тышкы иштер министрлеринин Астанадагы жолугушуусунда талкууланмакчы.
Кийинки жумада АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Жеймс Стайнберг Кыргызстанга келатат. Бул маселе Ж.Стайнберг менен президент Роза Отунбаеванын жолугушуусу маалында да сөз болору күтүлүүдө. Ж.Стайнбергдин келиши - кыска аралыкта АКШ бийлиги Кыргызстанга жөнөткөн төртүнчү жогорку даражадагы делегация болмокчу.
Ал арада бийликтин мындай чечимин кыргыз коомчулугу кандай кабыл алат, кырдаал тескерисинче курчуп кетпейби, курчуп кетсе эл аралык полиция күчтөрүнүн өздөрүнүн коопсуздугу кандай болот деген сыяктуу суроолор улам ортого чыгууда.