Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:33

Өзбек террор тобу Германияны коркутту


«Ислам жихад уюму» Өзбекстан ислам кыймылы менен тыгыз байланышта экени айтылууда
«Ислам жихад уюму» Өзбекстан ислам кыймылы менен тыгыз байланышта экени айтылууда

Бетин чүмбөттөп алып, өздөрүн өзбек террор тобу деп атаган адамдар интернетте Германияны коркуткан видеосун коюшту. Тасманы азыр немис бийликтери иликтеп жатышат.

Бетине кап кийип алган алты адам тасмада немистер да Ооганстанга аскерлерин жибергени үчүн «күтүүсүз белек» алышаарын айтып, коркутушту.

Германиянын ARD телеканалы тасмада «Оккупациялык күчтөрдүн союздаштары биздин чабуулдар менен эсептешиши керек болот» деп айтылганын кабарлады.

Германия Ооганстандагы коалициялык күчтөргө 3 300 аскерин жиберген болчу. Алар өлкөнүн башка аймактарынан тынчыраак деп айырмаланган түндүк жакта жайгашкан.

Жарым сааттык ал видео кайрылууда Германия менен АКШ Газага чабуул учурунда Израилди токтото алышпаганы үчүн да айыпталышты.

Бул – акыркы жумаларда Германияга карата коркутуу иретинде айтылган экинчи видео. Биринчисинде Өзбекстан ислам кыймылынан атынан немисче сүйлөп чыккан киши Германия Ооганстанга жиберген аскерлеринин саны боюнча үчүнчү орунда тураарын, бул үчүн жазадан качып кутула албай турганын айткан.

Германиянын Ички Иштер министрлигинин расмий өкүлү Стефан Парис «Азаттыктын» өзбек редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, бул видеолор тууралуу буларды айтты: «Биз аларды азыр кылдат текшерип жатабыз. Германияны коркутуулар акыркы мезгилдерде көп айтыла баштады. 2008-жылы биз интернеттен булардын немисче жазылган текстин таптык. Быйыл эми жыл башында видеолор чыга баштады. Аларда Германияга террорчулар чабуул жасай турганы айтылат».

Ошол видеодогулардын бири, Стефан Паристин айтымында, немис жараны жана Ооганстан-Пакистан чекарасына жакын жерге барып, террористтик топтордун даярдыгынан өтүп келгени аныкталды.

Коопсуздук боюнча Жорж Маршалл атындагы борбордун антитерроризм программасынын директору Никк Пратт: «Азыр немис бийликтери бул коркутууга олуттуу карап, аны иликтеп жатышканы туура, - деп эсептейт. - Бул топтун өзүнүн тарыхы бар. Аны адамдар дайыма иш жүзүндө жок эле уюм деп атап келишти. Аны алар башка уюмдар менен чаташтырып да жүрүшкөн. Бирок бул чындап эле бар. Андыктан ага олуттуу мамиле кылыш керек. Уюмдан чакырык болгондон кийин ал кабарды баарына таркатып, адамдар мындай учурда этият болуп жүрүшү үчүн айтыш керек».

2007-жылы немис полициясы Ислам жихад уюму уюштурууну пландап жаткан террор чабуулу тууралуу билип, аны ачыкка чыгарганда бул уюм тууралуу кеңири айтыла баштаган. Ошол жылы сентябрда АКШнын Германиядагы объектилерине чабуулду пландаштырган деген шек менен Ислам жихад уюмунун террорчулары болушу мүмкүн делген эки немис жана бир түрк киши колго түшүрүлдү.

Германиянын Ички иштер министрлиги ишке ашпай калган ал кутумду аталган уюмдун Германиядагы жергиликтүү уюшмалары жасаганга аракет кылышкан деген кабарга өтө олуттуу карап жатканын билдирди.

Британиянын Ички иштер министрлиги «террорчу» деп атаган Ислам жихад уюму Өзбекстан ислам кыймылы менен байланышы бар деп айтылып жүрөт.

Өзбек бийликтеринин ишениминде, өзбек жериндеги мамлекеттеги көп теракттарды да ушул уюм жасаган. Мисалы, 2004-жылы АКШ менен Израилдин Ташкендеги элчиликтерине анын адамдары жанкечти жардырууларын уюштурган дешет. Бул жардырууларда кеминде үч адам мерт болгон эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG