Орусиянын “көмүскө флотуна” таандык, мурда Панаманын желеги менен жүрүп, кийин аны Орусиянын желегине алмаштырган танкер Жер Ортолук деңизде “башкаруусуз” калкып жүргөнүн Bloomberg агенттиги маалымдады.
Агенттик танкер "Прогресс" деген аталышта Орусиянын желеги менен Египеттин Порт-Саид портун көздөй Urals маркасындагы 730 миң баррел мунайы менен баратканын жазды. Кемеге ээлик кылган компания Санкт-Петербург шаарында катталган.
MarineTraffic сервисинин маалыматына караганда "Прогресс" (каттоо номери - 9306627) анын өткөргүч статусун “башкаруудан чыкты” деп өзгөрткөндөн кийин Алжирдин жээктеринде калкып жүргөн. Кеме Ленинград облусунун портунан чыкканы кабарланды.
Орусия Украинага кол салганга чейин “Прогресс” каттоо номерине ылайык, "Хуанхэ" деп аталган жана Панаманын желеги менен жүргөн. Ал мурдагы аталышы менен 2025-жылы жазында Улуу Британия, Австралия, Украина, Канада, Швейцария жана Евробиримдиктин санкциясына киргизилген. АКШнын “кара тизмесинде” бул кеме жок.
Санкциянын түшүндүрмөсүндө айтылгандай, танкер Египеттин жээктеринде мунайды дагы бир санкцияга кабылган “көмүскө флоттун” кемесине жүктөп жатышканы байкалган. Танкер “Орусиянын мунайын жана мунай азыктарын Балтика жана Кара деңиздеги орус портторунан жүктөөгө катышканы” айтылат.
Бейшембиде Франциянын тийиштүү кызматтары Жер ортолук деңизден “көмүскө флоттун” кемесин кармашкан. Мурдараак АКШ дагы Венесуэладан чыккан танкерлерди, анын ичинде жолдо баратып, желегин Орусияныкына алмаштырган Marinera кемесин кармаган. Москва бул аракеттерди “каракчылык” деп атап келет.
Шерине