Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:08

AP: Трамп Парнас менен Украинаны сөз кылган


Дональд Трамп менен Лев Парнас.
Дональд Трамп менен Лев Парнас.

«Associated Press» маалымат агенттиги АКШнын президенти Дональд Трамп менен анын жеке адвокаты Руди Жулианинин ишкер өнөктөштөрү Лев Парнас жана Игорь Фруман болуп Украинаны талкуулаганы тымызын тартылган видео жарыялады.

Анда Трамп ошол кездеги Киевдеги америкалык элчи Мари Йовановичти кызматтан алуу тууралуу да көрсөтмө берген.

Буга чейин Трамп мурдагы Советтер Союзунда туулуп-өскөн Парнас жана Фруман менен жеке тааныштыгы бар экенин четке кагып келген эле.

АКШда Украина тууралуу сөз президентке импичмент жарыялаганга чейин жеткирген саясий жаңжалдын шартында козголуп жатат. Мари Йованович өткөн айда Өкүлдөр Палатасында импичментке байланыштуу көрсөтмө да берген болчу.

«Associated Press» маалымат агенттиги бул окуя 2018-жылы күзүндө Вашингтондо «Трамп отелде» түштөнүү маалында болгонун жазды. Ал жолугушууга Дональд Трамптын улуу баласы кенже Дональд да катышкан.

Чогуу түштөнүп отургандар АКШнын ошол кездеги Украинадагы элчиси Мари Йованович тууралуу сөз кылышкан. Анда үнү Лев Парнаска окшош адам Киевдеги америкалык элчи тууралуу арызданган. Парнас Йованович «көрүнгөн эле жерге барып, «күтө тургула, Трампка жакында импичмент жарыяланат» деп таратып жүрөт» деп билдирген. Трамп болсо «андан кутулгула, эртең эле кутулгула, мага баары бир» деп жооп берген. Трамп ошондой эле чогулгандардан Украина Орусия менен тиреште «канчага чейин чыдап-кармана аларына» кызыккан.

«Associated Press» маалымат агенттиги билдиргендей, бул тасманы Игорь Фруман тымызын тартып алган жана аны журналисттерге Лев Парнастын адвокаты тараткан.

Трамп бул видео тасма тууралуу азырынча үн ката элек. Буга чейин ал Парнас менен жеке тааныштыгы бар деген маалыматтарды бир канча жолу четке кагып келген.

Бул ишкерлер мурдагы Советтер Союзунда туулуп-өскөн. Лев Парнас буга чейин Трамптын жеке адвокаты Рудольф Жулианинин көрсөтмөсү менен Киевде украиналык аткаминерлерди Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президенти Жо Байден менен анын уулу Хантерге каршы «кылмыш ишин козгогула» деп үгүттөгөнүн айтып чыккан.

Мари Йованович былтыр май айында мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткен жана буга байланыштуу Рудольф Жулианинин аты аталган.

Федералдык прокурорлор Жулианиге байланыштуу иликтөө баштаган жана анда Йовановичтин элчилик кызматтан кетишине тиешеси бар-жогу такталарын айтышкан. Анда Жулиани элчи айымдын таасирин азайтууга аракет кылганы айтылган. Бирок адвокат мындай дооматты четке каккан.

Мари Йованович Өкүлдөр Палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында демократтардын пайдасына көрсөтмө берген.

Ушул тушта АКШнын Сенатында импичмент маселеси каралып жатат. Конгресстин жогорку палатасы жаңы далилдерге байланыштуу Лев Парнас баштаган жаңы күбөлөрдү чакырып көрсөтмө алар-албасы белгисиз.

Өткөн айда демократтар басымдуулук кылгын Өкүлдөр Палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялаган. Анда Кошмо Штаттардын 45-президентине «кызмат абалынан кыянат пайдаланган», «Конгресстин иликтөө иштерине тоскооолдук кылган» деген айып коюлган.

Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти Трамп менен украин лидери Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө өзүнүн башкы саясий атаандашы Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген. АКШнын президенти мындай дооматтардын баарын четке каккан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG