Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:46

Орусиянын соккусунан улам Киевде 800 миңден ашуун абонент жарыксыз отурат


Киев. 24-январь, 2026-жыл
Киев. 24-январь, 2026-жыл

Украинанын борбору Киев шаарында жекшембиге караган түнү Орусиянын жапырт чабуулунан 800 миңден ашуун абонент жарыксыз калды. Орус күчтөү Украинанын энергетикалык жана жарандык инфраструктурасын бутага алганын өлкөнүн биринчи вице-премьери, энергетика министри Денис Шмыгал билдирди.

Киевден тышкары Харьков, Чернигов жана башка аймактарга сокку урулган.

«Душмандын тынымсыз соккулары кырдаалды турукташтырууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Энергетикалык системаны калыбына келтирүүгө жетишпей жатышат. Башкалаада чукул өчүрүүлөрдөн улам 800 миңден абонент жарыксыз отурат. Дефицит сакталууда. Өнөктөштөр менен аны азайтуу үчүн иштеп атабыз», — деп жазды Шмыгаль соцтармактардагы баракчаларына.

Катуу суукта Орусия Украинанын энергетикасына чабуулдарды күчөтүп жатат. Мындан улам украин катуу кризисти баштан кечирүүдө. Өткөн аптада Украинанын энергетика министри Денис Шмыгал өлкөдө Орусиянын аба соккуларына же аткылоосуна кабылбаган бир да электр станция калбаганын билдирген.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG