Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

ЮНЕСКОго жаңы жетекчи шайланды


ЮНЕСКОнун жаңы жетекчиси Ирина Бокова
ЮНЕСКОнун жаңы жетекчиси Ирина Бокова

Шейшембиде болгариялык дипломат Ирина Бокова ЮНЕСКОнун жаңы башкы директору болуп шайланды.

Добуш берүүнүн 5-айлампасында Египеттин талапкерин жеңген Бокова Улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият боюнча мекемесин жетектей турган аялзаттын алгачкы өкүлү болуп калды. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты, учурунда СССРдин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясын жетектеген Роза Отунбаеваны сөзгө тарттык.

"Азаттык": - Башкы директорлукка аял кишинин жана мурдагы социалисттик блоктун өкүлүнүн шайланышы ЮНЕСКО үчүн канчалык маанилүү?

Р. Отунбаева: - Бокова 1996-97-жылдары Болгариянын тышкы иштер министри болуп иштептир. Мен аны жакшы тааныбай калдым. Аял кишинин келиши эл аралык саясатка абдан позитивдүү таасир тийгизет деп эсептейм. Ошол эле маалда башка эл аралык уюмдарда аялдар көп эле бар болчу. Бирок ЮНЕСКОдо биринчи жолу шайланып атат. Бул – БУУга кирген абдан маанилүү уюм. Мен да Советтер заманында ЮНЕСКОдо иштеп жүргөндө ал жердин атмосферасын ичинен жакшы билип калдым. Аялдарга дайыма кыйын болот. Мында негизи Болгарияны Европа колдоп кетти. Бул абдан кыйын шайлоо болду. Австриядан да аял-кандидат бар эле. Ал (жарыштан) чыгып атканда Европа өлкөлөрүнүн бардыгын Бокованы колдоого үндөдү.

Бокова Египеттин кандидаты менен бирге талашып отуруп, утуп кетти. Бул, биринчиден, аял кишиге көргөзүлгөн урмат. Экинчиден, бул кишинин өзүнүн сапаттары деле күчтүү экен. Ал МГИМОну (Москвадагы эл аралык байланыштар институту) бүткөн. Өзүнүн саясий биографиясын социалисттик партияда түзгөн экен.

"Азаттык": - Бирок кайра эле Европанын өкүлү шайланды. Япониялык Коичиро Мацурага чейин Испаниянын өкүлү Федерико Майор болду эле башкы директор. Ал эми Египеттин талапкери жеңсе, ал араб дүйнөсүнүн, өнүгүп келаткан өлкөнүн биринчи өкүлү болот эле. Ротация болбойбу ал жерде?

Р. Отунбаева: - Туура айтасыз. Эл аралык уюмдарда бул маселеге абдан көп көңүл бурулат. Федерико Майорду айтып калдыңыз. Биз өз убагында аны менен иштешип калдык. Ага чейин болсо Африканын өкүлү болчу ЮНЕСКОнун башкы директору. Мына азыр араб өлкөлөрүнүн кезеги келген. Бирок шайлоо абдан татаал болуп кетти. Эки эмес, үч эмес, төрт эмес, бешинчи айлампада Ирина Бокова 31 добуш алып, өзү чоң талашта жеңди. Бул жерде объективдүү фактор да бар. Египеттен чыккан киши өтө эле улгайып калыптыр, 70тен ашкан киши экен. Азыркы дүйнөдө, азыркы саясий кырдаалда ар бир эл аралык уюмдун алдына чоң талап коюлат. Жаңыча алып кетиш керек бул уюмду, жаңы талап коюш керек. Ирина Бокова ошого даяр болсо, таланты болсо, дүйнөгө да жакшы болот эле.

"Азаттык": - Баш катчынын ролу чоңбу ЮНЕСКОдо? Маселен, жаңы жетекчи келгенде кайсы бир долбоолор токтоп калат, башкаларына артыкчылык берет деген коркунуч жокпу? Кыргызстандын да кызыкчылыгы бар да бул жерде.

Р. Отунбаева: - Жаңы киши келгенде сөзсүз өзүнүн реформаларын ишке киргизет. Мына Мацура деле келип, ЮНЕСКОну прагматикалык жолго алып кетти. Бирок уюмдун руху соолуп калды, ал киши өтө эле прагматик экен деп атышат. Ар биринин өзгөчөлүгү, өзүнүн стили бар. Ар бири бир топ жаңы идеялары менен келет. Кыргызстандын кызыкчылыктарына келсек, өзүбүздөн көп нерсе көз каранды. Биз ЮНЕСКОнун алдына кандай талап коебуз, өзүбүздүн приоритеттик программаларыбызды сунуш кылабызбы, бардыгы ушуга жараша болот. Мисал үчүн Кыргызстанда элге билим берүү жагы абдан начарлап кетти. Биз ушинтип дагы 5 жыл жылсак, Африка өлкөлөрүнөн эч айырмабыз калбайт. ЮНЕСКО билим берүү тармагын камтыган уюм. Демек, бул жагына биз көп басым жасашыбыз керек. Маданиятты болсо базар, бизнес басып, тебелеп-тепсеп кетти. Ошондуктан биздин ЮНЕСКОдо иштеген адамдар, маданий ишмерлер активдүү иштеп, ЮНЕСКОнун алдына канчалык талап койсок, ЮНЕСКОдо ошончолук жооп берет.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат


XS
SM
MD
LG