Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Human Rights Watch: Кыргызстанда көбүнесе өзбек тектүү тургундар жапа чегүүдө


Ош шаарында милициянын ур-токмогуна кабылган 30 жаштагы өзбек тектүү Махмуд.
Ош шаарында милициянын ур-токмогуна кабылган 30 жаштагы өзбек тектүү Махмуд.

Укук коргоочу эл аралык Хюман Райтс Уотч уюму 14-июлда жарыялаган баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндө тартип сактоо органдарынын кызматтары айрым бир улуттун өкүлдөрүн көбүрөөк камакка алып, кармалгандарды кыйноого алууда жана мындай акыбал аймактагы кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деп билдирди. Айрым жергиликтүү укук коргоочулар да ушундай эле доону саал мурдараак айтышкан. Кыргыз бийлиги бул доону четке кагууда.

Эл аралык Хюман Райтс Уотч уюмунун жаңы баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндө кармалгандардын көпчүлүгү өзбек улутунан болуп жатканына терең тынчсыздануу камтылган. Баяндамада Ош шаарында абакта тутулгандар мыйзамсыз кыйноого алынганы да айтылат.

Хюман Райтс Уотчтун жаңы баяндамасында Кыргызстандын түштүгүндө кармалгандардын көпчүлүгү өзбек улутунан болуп жатканына терең тынчсыздануу камтылган. Баяндамада Ош шаарынын абактарында кармалып тургандар мыйзамсыз кыйноого алынганы да айтылат.


Бул уюмдун ушул тапта Ош шаарында жүргөн өкүлү Анна Нейстат (Anna Neistat) айым “Азаттыкка” шаардын ар кыл бөлүктөрүндө атайын коопсуздук чаралары жүргүзүлүп жатканын, мындай иш-чара маалында көбүнесе өзбек улутундагы тургундар камакка алынып жатканын айтып, муну улуттук азчылыктын өкүлдөрүн “ыксыз эле бутага алуу” катары баалады.


"Албетте, абакта кыргыздар деле бар, бирок кыргызстандык тартип сактоо күчтөрү көбүнесе өзбек улутундагыларды кармап жатканын соңку маалымат көрсөтүүдө", - дейт Нейстат айым.

Анын оюнча, атайын коопсуздук чаралары маалында колдонгон ыкмалар да мыйзамга жатпаган нукта жүзөгө ашырылууда:

- Биз зомбулук менен коштолгон камакка алуу учурларын айтып жатабыз. Бул өнөктүктөрдү коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү эч бир мыйзамды сактабастан, маселен, өздөрүн эч тааныштырбастан, камакка алуунун себебин эч түшүндүрбөстөн, кармалган кишилер кайсы жакта тутулаарын анын жакындарына эч маалымдабастан жүзөгө ашырып жатты.


Хюман Райтс Уотч уюмунун билдиришинче, кармалган кишилер ур-токмокко алынган 30дан ашуун учур даректүү маалыматтарга ылайык катталды. Анын ичинде кармалгандарды полиция кызматкерлери сабаган, муунткан жана тамекинин чогу менен денесин күйгүзгөн сыяктуу жосунсуз жоруктар орун алган. Жок дегенде эки жолу абакта кармалган кишиге противогаз тагып, алар эстен тангыча абаны токтотуп салган учур катталган.

Айбек аттуу оштук 25 жаштагы өзбек жигит аны туугандары паралап жатып эптеп абактан бошотуп алышканын айтат.

Хюман Райтс Уотч уюмунун билдиришинче, улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө карата мындай терс мамиле аймактагы кырдаалды ого бетер туруксуздаштырышы ыктымал.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыкка” курган маегинде эмне үчүн өзбек улутундагылар көбүрөөк кармалып жатканын мындайча түшүндүрдү:

- Анткени, жанагы маалелерди текшергенде, башка жерлерди текшергенде, өзбек улутундагылардын өкүлдөрүнөн (милицияга) көбүрөөк каршылык көрсөтүлүп, куралдар табылып, анан аларды (милицияга) текшертпей, ушундай тоскоолдуктар кылынган деген маалыматтар бар да. Ошон үчүн аларды көбүрөөк кармаганга мажбур болушуп атат да. А, бирок, милиция кызматкерлеринин курамында кыргыздар көп болгондуктан, өзбектерди кармаганда, (тартип сактоо кызматкерлери тарабынан) улутчул жагдайлар болуп кеткен учурлар да бар да, чынын айтыш керек мунун.

Ал эми Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев болсо Хюман Райтс Уотч уюмунун сынын четке кагып, камакка алуулар зомбулук менен коштолбогондугун айтып, мындай жалган маалымат кырдаалды курчутууга шыкактай турганын эскертти:

- Мына, мечиттерде (элдешүү жыйындарын) өткөзүп атабыз, айыл өкмөттөрдө өткөзүп атабыз, аксакалдарды чогултуп алып. Мына ошолор айтып атат да: «Ушуларды токтотпойсуңарбы, чачканыңарды калпты!» депчи. Бул (жалган маалымат) эки элдин кыжырына тийип атат. Ушуну окуп алат экен, анан кыжырланып эле: «А-а, бизден көп өлүп кетиптир, бизден аз өлүп кетиптир» дешип эле эки эл өкүлдөрү кайра кыжырланып, булар кырдаалды кайра курчутуп атышат да. Жазса, келип көрүп алып анан объективдүү жазыш керек да.

Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева болсо Ошто өзбектер эле эмес, кыргыздар да зомбулукка учураганын белгилеп, ошол эле учурда тартип сактоо кызматкерлеринин орой мамилесин ооздуктай албаган азыркы кыргыз бийлигин да сынга алды.

XS
SM
MD
LG