Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:28

А.Абдрасулова: Катта “жоопко тарткыла” деген жери бар экен


Кыргызстандын түштүгүндөгү соңку окуяларды улай кармалган жарандардын ал-акыбалы тууралуу Ош шаарында жүргөн «Кылым шамы» укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” маек курду.

- Ош жана Жалал-Абад облустарында коогалаң маалында, андан кийин дагы бир катар жарандар кармалган эле. Кандай негиз менен кармалса да анын күнөөсү бар-жогун сот аныкташы керек. Бирок силер ошол жарандардын ага чейинки укуктарына, ал-абалына кызыгып көрдүңүздөрбү? Тиешелүү органдардын бул жааттагы иштери тууралу эмнелерди айта аласыз?

Азиза Абдрасулова: Албетте коогалаң болгондон кийин бир нече адамдар кармалып атат, кармоо күндөн-күнгө уланып атат. Алардын ал-акыбалдарын, аларга болгон мамилени билүү үчүн бир нече күндөн бери жабык жайга кирүүгө аракет жасап, аракетибиз оңунан чыкпагандан кийин өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага түздөн-түз кайрылып, ошонун жардамы менен кечээ Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына бир нече укук коргоочулар кирип чыктык. Биз кирген убакта 33 адам кармалып турган экен.

Эң негизгиси мен күч органдарын чакырып кетет элем: кармалган сааттан баштап аларды адвокат менен камсыз кылуу, туугандарына кабар берүү, өздөрү каалаган адамды адвокатка алууга мүмкүнчүлүк болуш керек. Биз кечээ кирип сүйлөшкөнүбүздө, 33 адамдын жети адамы гана адвокатынын атын айтай алышты. Анын үстүнө адвокаттар бул жерден берилген экен. Тергөөчүлөрдүн биринин атын атай албай атат. Арасында денеси бүт көгалала болгондор да бар, тилекке каршы. Биз менен кошо жүргөн Ош облустук коменданттын орун басары, генерал Замир Молдошев да денесинде көгала барларды көрдү.

- Сиз жана дагы бир укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова Ош шаардык прокуратурага көрсөтмө бергенге чакырылган экенсиздер. Буга эмне себеп деп ойлойсуз?

Азиза Абдрасулова: 21-июнь күнү Нариманда күч органдары тарабынан жергиликтүү калкка күч колдонуулар болуп, ошонун кесепетинен түшкө чейин эки адам каза таап, 26 ооруканага келип кайрылган. Биз Нариманда туруп бул боюнча маалымат бергенбиз. «24 kg» маалымат агенттигине 2 адам эмес, 20 адам өлдү деген маалымат кетип калыптыр, аны мен да, Төлөйкан Исмаилова да берген эмес. Биз, тескерисинче, И.Исаков, Р.Отунбаева менен сүйлөшкөнүбүздө 2 адам өлдү деген маалымат бергенбиз. Эмнегедир ушул маалымат кетип калыптыр.

Башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаевдин колу коюлган кат аркылуу бизди суракка чакырыптыр, ал катта “жоопко тарткыла” деген жери бар экен. Бирок биз сурак протоколун толтуруп аткан убагыбызда бизге кылмыш материалын көрсөттү, ал 12-июнда ачылган кылмыш материал экен. Ал жерде массалык башаламандык, массалык адам өлтүрүү деген 233, 97-беренелер менен кылмыш материалы ачылыптыр.

Бизге “силер ушул кылмыш материалдын алкагында суракка алынып атасыңар” деп айтты. Биринчиден, Төлөйкан Асаналиева да, мен да 9-июндан 13-июнга чейин Кыргызстанда жок болчубуз, биз сыртта жүргөнбүз. Анан бул массалык башаламандыкка, массалык киши өлтүрүүгө кандайча биздин тиешебиз болуп калат деген ой болуп калды.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG