Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:08

Сафроновдун иши: күмөн санаткан тергөө


Иван Сафронов.
Иван Сафронов.

"Коммерсантъ" басылмасы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы журналист Иван Сафроновго кылмыш ишин козгоого негиз болгон материалдарды Тышкы чалгын кызматынан алганын жазды.

"Коммерсантъ" менен "Ведомости" гезиттеринин мурдагы кабарчысы, "Роскосмостун" башчысынын кеңешчиси Сафронов ушул жуманын башында камакка алынган.

Ага "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып коюлган жана "Чехиянын атайын кызматтары менен тымызын кызматташып жүргөн" деп маалымдалган. Сафронов күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Тергөө материалдарына ылайык, Иван Сафроновду Чехиянын атайын кызматы 2012-жылы өзүнө "имерип" алган. Ага ылайык, журналист 2017-жылы Орусиянын Африка өлкөлөрү менен аскердик-техникалык кызматташтыгы, орусиялык аскерлердин Жакынкы Чыгыштагы аракеттери боюнча маалымат топтоо жөнүндө тапшырма алган жана аларды аткарган.

Сафроновдун адвокаты Иван Павлов тергөөчүлөр журналисттин күнөөсүн ырастаган далилдерди көрсөтпөй койгонун айтууда:

"Бизге кечээ Сафронов мыйзамсыз бир нерсе кылганын ырастаган эч кандай документти көрсөтүшкөн жок. Бирок бул аларда такыр эч нерсе жок дегенди билдирбейт. Тергөөчүлөрдүн үстөлүндө даяр, номурларына чейин коюлган жети том жатат. Алар ыкчам-иликтөө иштери, ошол иштердин жыйынтыгы окшойт. Бирок Иван Сафронов кайсы бир ишке күнөөлүү экенине анык далил болсо, аны көрсөтүшү керек да. Бөгөт чарасы каралып жатканда адатта тергөөчүлөр ошол анык деген далилдерди көрсөтүшөт. Бирок бизге эч нерсе көрсөтүшкөн жок".

Сафронов күнөөсүн моюнуна алган эмес жана өзүнүн камалышын журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

Бир катар басылмалар анын мындай жагдайына соңку эки жылда Египетте эки жолу кыйраган Миг-29 үлгүсүндөгү кыргын салуучу учактар тууралуу жазган макала, маалыматтары негиз болушу ыктымал экенин жазды.

Орусия ири суммадагы келишимдин негизинде соңку беш жылдан бери мындай учактарды Египетке жөнөтөт.

Москва шаарындагы Лефортов райондук соту 7-июлда журналистти эки айга тергөө абагына камоо тууралуу өкүм чыгарды.

Ушул тушта ондогон басылмалар Сафроновдун ишинин ачык-айкын тергелишин талап кылып жатышат. Аны колдогон акциялар да өттү.

Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттин кармалышы тууралуу комментарий берип жатып Чалгын кызматынын ишинен күмөн санабаш керек экенин айткан.

"Биздин билишибизче, бул камакка алуу Иван Сафроновдун буга чейинки журналисттик ишине байланыштуу эмес. Биздин контр чалгынчыларыбыздын иши, түйшүгү көп. Алар өз ишин сапаттуу аткарышат".

Аскердик баяндамачы Иван Сафронов "Коммерсантъ" менен "Ведомости" гезиттерине негизинен Орусиянын аскердик-коргонуу тармагы тууралуу макалаларды жазып келген.

Сафронов бир жыл мурда "Коммерсантъ" гезитинен басылманын кожоюну Алишер Усмановдун көрсөтмөсү менен иштен алынган. Ага журналисттин Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенконун кызматтан кетиши ыктымалдыгы тууралуу жазган макаласы негиз болгон. Сафроновду колдоп басылманын саясий бөлүмүндө иштегендердин баары жумушун таштап кетип калышкан.

Ал мындан эки ай мурда "Роскосмос" мамлекеттик корпорациясынын башчысы Дмитрий Рогозинге кеңешчи болуп дайындалган.

Иван Сафроновдун атасы дагы аскердик баяндамачы болгон. Ал 1997-жылы белгисиз жагдайда каза тапкан. Орусияда соңку кездери журналисттерди айыптаган, камакка алган жана коомчулукта талкуу жараткан бир катар окуялар орун алды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG