Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Кайрадан Орусия колтугу күтүп атабы?


Д. Медведев менен И. Каримовдун Москвадагы жолугушуусу, 2010-жылдын 20-апрели.
Д. Медведев менен И. Каримовдун Москвадагы жолугушуусу, 2010-жылдын 20-апрели.

Орусия президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан ушул тапта толук кандуу мамлекет эмес экенин, өлкөгө күчтүү президент зарылдыгын айтууда.

Ошол эле маалда Кыргызстанда көптөгөн орус жарандары бар экенин айткан Кремль, өз жарандарын коргоого даярдыгын билдирүүдө. Талдоочулар муну кооптуу белги катары жорушууда.

Кыргызстандагы кырдаалды Орусия президенти Дмитрий Медведев менен Өзбекстан президенти Ислам Каримов Москвада талкуулашты. Береги катаал авторитардык режимдердин лидерлери Кыргызстанга күчтүү президент керек деген пикирлерин айтышты.

Орусиянын президенти Д.Медведевдин пикиринде, азыр Кыргызстанда толук кандуу мамлекет жок жана Кыргызстанда кырдаал кооптуу. Буга байланыштуу Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковго Кыргызстанда жашаган Орусиянын жарандарын коргоо тапшырылды.

Албетте, Орусия президенти Кыргызстандагы орусиялыктарды коргоо тууралуу тапшырманы Тышкы иштер министрлигине берип, дипломатиялык жол аркылуу мындай талапты Убактылуу өкмөткө койсо деле болмок. Бирок ал Кыргызстанда толук кандуу мамлекет жок деген сөзгө жашынып, кырдаалга жараша орус армиясын өз чечими менен эле тоолуу чакан өлкөгө киргизүүнү пландоодо.

7-апрелден кийин Орусия Канттагы аскерий аба базасын жана орус элчилигин коргоо үчүн Кыргызстанга 150 десант түшүргөн болчу.

Саясий илимдердин доктору, профессор Орозбек Молдалиевдин айтымында, Орусия ар качан чөлкөмдөгү таасирин сактап калуу аракетин кылып келген. Азыркы оор мезгилде да чоң күчтөр өз саясатын жасап атышат. Эгер Убактылуу өкмөт чачкын болбой бирдиктүү аракеттенип, К.Бакиевдер маселесин чечип алса эле орус аскеринен чочулоо маселеси турбай калат:

- Чет мамлекеттер абдан тынчсызданып атканы көрүнүп эле турат. Албетте, К.Бакиевди кармоо, алып келүү маселеси жеңил эмес. Бирок бул маселени тез арада чечпесек биз бардыгын жоготуп коюшубуз мүмкүн. Издөөдөгү жана кармай турчу адамдарды кармап, саясий талаадан четтетиш керек.

“Ата-Мекен коркунучта!” аттуу саясий кыймылы Орусия, Өзбекстан баштаган авторитардык мамлекеттердин лидерлеринин Кыргызстандагы абал тууралуу айткандарына кошулбайт. Кыймылдын жетекчиси Жамиля Айылчинованын пикиринде, мурдагы президент К.Бакиевдин чагымчылары ушул тапта Кыргызстандагы түрдүү улуттардын арасына от коюу аракетин кылып атышат. Орусиянын маалымат каражаттары да Кыргызстандагы орустардын абалы тууралуу туура эмес маалымат таратышууда:

- Кечээ РТР, 24 телеканалдарынан бул жактагы орус аял айтып атат. “Бизде Кыргызстанда абал оор. Эшикке чыга албай атабыз. Коркунуч, кыжаалатчылык бар” деп атат. Азыр кыжаалатчылык Кыргызстанда бир эле орус улутундагы адамдарда эмес, ушул жерде жашаган башка бардык улуттарда, кыргыз, өзбек, дунгандарда да болуп атат. Бизде сексенден ашуун улут бар.

Кыргызстан аксакалдар кеңешинин мүчөсү Людмила Жолмухамедованын айтымында, Орусияга окшогон өлкөлөр “Кыргызстанда мамлекет жок, улутташтарыбызды коргойбуз” деп тынчсызданбай эле койсо болот. Анткени 7-апрелде эрки күчтүү адамдар авторитардык бийликти кулатып, көп улуттуу өлкөнү эркин жашоого багыттады:

- Биздин коңшуларыбыз, өнөктөштөрүбүз тынчсызданбаш үчүн кыргызстандыктар маселени мындайча коюшубуз керек. “Кандай улуттан экенибиздин айырмасы жок, биз баарыбыз кыргызстандыктарбыз” деш керек. Эгер биз дал ушундай рухту, эркти, биримдикти чыңдап алсак, анда биз өнүккөн, бейпил мамлекет курабыз.

Эмне себептен бул маанилүү? Анткени элди улуттарга бөлүү, башка негизде бөлүү аракеттери болуп атат. Эгер биз “мен кыргызстандыкмын” деп айтсак, анда биздин кайсыл улуттан экенибиздин айырмасы жок болуп калат. Бардыгыбыз үчүн бир гана өлкөбүз зор мааниге ээ болот.


Саясат талдоочу Марс Сариев “Азаттыкка” билдиргендей, Орусия түрдүү маалыматтарды таратуу, аскер киргизем деп коркутуу жолдору аркылуу К.Бакиевден кийинки Кыргызстанды өзүнө ыктатып, күн карама мамлекетке айлантуу амалын издөөдө:

- Булар чочуп атат. Эгер Кыргызстанда демократия утуп, башка процесстер башталса өздөрүнө окшогон авторитардык режимдерге зыяны тийет деп.

Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да кайра-кайра Москвага каттап, каржылык жактан колдоо издешүүдө. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Орусияны стратегиялык негизги өнөктөш катары атап, Кыргызстандагы базасынын айынан К.Бакиевдин режимин колдоп келгени үчүн АКШны сынга алган. Талдоочу М.Сариевдин пикиринде, азыркы бийликтеги түрдүү көз караштагы адамдар Кыргызстанды Орусиянын гана көзүн караган, күн карама мамлекет болушуна жол бере койбос.

XS
SM
MD
LG