Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Борбор Азия: көкөлөгөн баалар, кыйналган калк


Кыргызстандагы саясий кырдаал, Борбор Азиядагы сууга байланышкан талаш тууралуу макалалар Батыш басма сөз каражаттарында орун алды.

Баш кеңсеси Варшавада жайгашкан Чыгыш изилдөө борборунун интернет баракчасында чыккан макалада “Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин авторитардык системасы толук ишке ашты” деп жазат баяндамачы Марек Матусияк.

Башкы мыйзамга киргизилген өзгөртүү жана толуктоолорго шилтеме жасаган автор, “жоогазын ыңкылабынан” бери 5 жыл өткөнүнө карабастан мурдагы президент Аскар Акаевдин дооруна салыштырганда Кыргызстанда демократия алда канча начар жана бийлик алда канча репрессиячыл деген пикирин билдирет.

“Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр аркылуу Бакиевдин өлкөнүн саясий сахнасына толук көзөмөл жасоо аракети оңунан чыкты. Президент муну менен оппозицияны алсыратууга үлгүрдү. Президенттин укуктарынын кеңейтилиши бийликти реформалоо максатында жасалып жатат деп эч ким ойлобосун, бул жараян тек гана бийлик элитасынын коопсуздугун кепилдикке алуу жана анын жеке экономикалык таламдарын коргоо максатын гана күткөн болчу. Бул максат эми ордунан чыккан шекилдүү” деп жазат автор.

The Jamestown Foundation корунун интернет баракчасында “Борбор Азияда сууга байланышкан жаңжалдар” деген тема менен жарык көргөн макалада, Орто Азия өлкөлөрүндөгү суу жана электр кубатына байланышкан маселелер талдоого алынган.

Кышында кошуналарынан электр кубатын сатып алууга мажбур болгон Кыргызстан менен Тажикстан элди электр жана газ менен тейлөөдө кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, оор запкы жегени билдирилген макалада, декабрда Өзбекстандын Бирдиктүү энергетика системасынан чыгып кетүүсү абалды ого бетер оорлотуп салганы баяндалат. Макалада Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы аймактык энергетика системасын куруу боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берилет.

“Казак бийлиги өлкөдө ири мунай талаасын өздөштүрүп жаткан батыштык мунай компанияларынын концорциумуна 26-февралда 21 миллион доллар айып салды” деп кабарлайт Wall Street Journal гезити. Анда Карачаганак табигый газ долбоорун ишке ашырып жаткан концорциум айлана-чөйрөнү бузган деген айып менен айып пулга жыгылганы айтылат. “Бул батыштык мунай компанияларын мамлекеттик фирмаларга үлүш берүүгө көндүрүү үчүн Орусия тарабынан ойлоп чыгарылган тактикаларга окшошуп кетет” деп айтылат макалада.

Түркияда мындан 7 жыл мурда армиянын ичиндеги айрым топтордун төңкөрүш уюштурууну көздөгөн жашыруун аракеттерине байланыштуу өткөн аптада курамында эки генерал бар 50 офицердин камакка алынышы дүйнөлүк басма сөз каражаттарында кызуу талкууга алынды.

Лондондун “Daily Telegraph” гезити буга байланыштуу жазган макаласында “ортодогу сызык айдан айкын: секуляристтер исламга ыктаган АК партиясы өлкөдө бир партиялуу системага өтүп, ислам мамлекетин куруунун амалында деп тынчызданышат. АК партиясы армиянын эбегейсиз күчүн азайтып, Евробиримдикке мүчө болууда талап кылынган реформаларды жасап жатабыз деп ишендирүүдө. Бул өлкөнү Евробиримдикке кабыл алып, жардам берүүнүн эң сонун жолу болуп эсептелет” дер жазган.
XS
SM
MD
LG