Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Үй-бүлөлүк башкаруунун формуласы


Президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын саны бийлик бутактарында барган сайын өсүп баратат.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, бул - бийликте “непотизм” оорусу өөрчүп кеткенин билдирет. Бийлик өкүлдөрү болсо президенттин жакындары илгертен эле ар кыл кызматтарда иштеп келишкенин айтышууда.

2005-жылы Курманбек Бакиев президент болгондон көп өтпөй оппозиция өкүлдөрү өлкө үй-бүлөлүк башкарууга өткөнүн айтып чыгышкан. 2005-жылы мурдагы президент Аскар Акаевди өлкөдөн качууга аргасыз кылган К.Бакиевдин ыңкылапчыл санаалаштары бир заматта оппозиционерлерге айланып, Кыргызстанды президенттин бир туугандары, уулдары башкарып калганын айтышкан.

Эми президент өз уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы кылып дайындап, мурда де-факто үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп келген болсо, эми ал де-юре жолго коюлганы айтылууда.
Максим Бакиев

Ошентип президенттин жакындарынын саны бийлик бутактарында барган сайын арта баштады. Маселен, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы. Бир иниси Марат Бакиев Германияда элчи болуп жүргөн болсо, дагы бир иниси Адыл Бакиев Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинде. Президенттин дагы башка бир тууганы Адыл Бакиев Сузак районундагы Ырыс айылдык округун башкарат. Ал эми президенттин улуу баласы Марат Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары.

Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтардын мүчөсү Роза Отунбаева бүгүн булардын бардыгын ачык, катуу айтып, дээрлик басымдуу бөлүгү президент түзгөн “Ак жол” партиясынан турган парламентти жарга камагандай болду:

- Азыр “ак үйдө”, бийликтин бийик бутактарында беш Бакиев иштеп атат. Мен “ак үйдүн” бардык кабаттарын толтурушкан башка көптөгөн туугандарын айткан жокмун. Бакиевдин бир тууган жээни “ак үйдө” кадрлар маселесин чечип отурат.

Ушул күндөрү Кыргызстанды 23 жыл башкарган Турдакун Усубалиев 90 жылдыгын белгилеп атат. Мындай иштер анын түшүнө да кирмек эмес.


Саясат талдоочулардын пикиринде, бийлик 2007-жылдын октябрында элдик референдумдун аркасы менен баш мыйзамды өзгөртүп, ошондон кийин бийлик эшелонунда Бакиевдердин саны артып отурду. Анткени жаңы баш мыйзам боюнча өлкөдөгү бардык иштерди президент жеке өзү чечип калган.

Ошол 2007-жылдагы референдум алдында президент Курманбек Бакиев мындай деген эле:

- Биринчиден, биз эки жылдан бери конституцияны ары чоюп, бери чоюп атып талкуулабаган беренеси калган жок. Экинчиден, биз эмне үчүн элдин оюн билбешибиз керек. Бизди эл абдан колдоп атат, мен аны кыдырып келип көрдүм. Мобу талаш-тартыштарды токтотуп, экономиканы өстүрүшүбүз керек.

Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаровдун айтымында, бир чети өлкөнү жашыруун башкарып аткан президенттин ага-туугандары, балдары ачыкка чыкканы жакшы эле болду. Анткени мурда аларга жоопкерчилик тагуу мүмкүн эмес болсо, эми алар баарына жооп бергени калышты:

- Иш жүзүндө бүгүн Кыргызстандын бардык бийлик бутактарын президенттин инилери менен балдары башкарып атат. Өздөрү түз жана өздөрүнө кызмат кылган адамдар аркылуу башкарышат. Мына, мен 2006-жылы эле айткам, “Бишкекте Горький көчөсүнөн ылдыйраак жактагы мурдагы Айдар Акаевдин, ошондо Максим Бакиев отурган кеңседе KG 02, KG 03 деген номурлуу машинелер турат дайыма. Бул мамлекеттик катчынын жана президенттин администрация башчысынын машинелери, эмне булар ошол жакта иштешеби?”,- деп. Булар ошолорго иш жүзүндө отчет берип, ошолордун эле айтканын кылып жүрүшкөн. Андан бери мына үч жыл өтүп кетти.

“Ак жол” фракцияснын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаковдун айтымында, президенттин инилери мурда эле чоң кызматтарда болуп келишкен. Ал эми жакында эле уулу Максим Бакиевдин кызматка келиши, анын профессионалдык чеберчилигине байланыштуу болду:

- Бул эми, эгер инилери жөнүндө сөз боло турган болсо, алар Аскар Акаевдин убагында эле кызматтарда жүргөндөр болчу. Экинчиден, кимиси тууганы, кимиси иниси болсо дагы, кимиси кайсы жакта иштесе дагы, биз алардын кылган ишине карашыбыз керек. Туугандыгына карабашыбыз керек. Адистигине, ишине, тажрыйбасына карашыбыз керек. Эгер өлкөгө пайда алып келише турган болсо эмнеге болбосун...

Айта кетсек, Максим Бакиев Кыргызстандын Күрөш федерациясынын да президенти. Марат Бакиев Ок атуу федерациясы менен Дзю-до федерациясын башкарат. Ал эми Адыл Бакиев Каратэ федерациясынын президенти.

Серепчилердин пикиринде, соңку окуяларды талдоодон улам президент мураскору катары жакынкы эле чөйрөсүнөн бирөөнү тандаарын болжосо болот.

Айтмакчы, быйылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевдин үгүт жарнактарында бир гана Бакиев деген ысым болду. Ал жарнактардан кайсы Бакиев тууралуу айтылып атканын так билип болбойт эле. “Бакиев, накта президент!” “Албетте Бакиев!” деген сыяктуу жарнактар, атайылап эле жалпы Бакиевдердин келечегине кам көргөндөй. Ал эми шайлоо алдында ушул сыяктуу коомчулуктун аң-сезимин алуу технологияларынын бардыгын иштеп чыккан “Flexi Communications” компаниясы, барып эле “MGN group” компаниясына такаларын айтышат.

Көптөгөн суроолорду жараткан “MGN group” компаниясын Максим Бакиев, Евгений Гуревич жана “Азия Универсал Банктын” жетекчиси Михаил Надель курушканы айтылып келет (Ушул эле банктын директорлор кеңешинде Е.Гуревич, А.Елисеевдер бар). Ал эми MGN деген сөз, (М-Максим, G- Гуревич, N-Надель) анын ээлеринин ысымдарынын баш тамгаларынан алынганы айтылат. Ошентсе да “MGN group” компаниясынын жетекчиси Евгений Гуревич “Азаттыкка” берген маегинде президенттин уулу менен эч кандай байланышы жок экендигин айткан. “MGN group” компаниясы жакында эле Алексей Елисеев башкарган Өнүктүрүү фондунун активдерин башкаруу мүмкүнчүлүгүн алган эле.

XS
SM
MD
LG