Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Максим Кулешов сөз эркиндигин коргоп чыкты


Максим Кулешов башкалардан өзгөчөлөнгөн саясий акциялары менен коомчулукка белгилүү болуп калды
Максим Кулешов башкалардан өзгөчөлөнгөн саясий акциялары менен коомчулукка белгилүү болуп калды

Укук коргоочу М. Кулешов бүгүн УКМКнын алдында "Мурат, сөз эркиндигине тийишпе" аттуу акция уюштурду. Ал бул жолу “Мурат, эсиңен чыгарба, сенин тандооң-сенин ишиң!” деген ураан менен чыкты.

Аталган акция “Дело№” гезитинин журналисти Вадим Ночевкиндин 5-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылышына байланыштуу уюштурулду. Акциянын демилгечиси Максим Кулешовдун айтуусунда, УКМК соттун ролун аткара баштады.

-Мен бул жерге сөз эркиндиги үчүн чыгып жатам. Коомчулук өлкөдө эмне болуп жаткандыгы тууралуу жазган журналистке карата мындай мамилеге түшүнбөй жатабыз. Кайсы бир маалымат чындыкка дал келбейт деп айтып, журналистти чакырышканы түшүнүксүз. Мындай болушу мүмкүн эмес. Анткени эгер журналист материал жазса, ал өзүнүн кесиптик сапатын билет, ал да мыйзамга таянып жазат. Эгер журналистке карата бир доомат болсо, сот органдарына кайрылуусу керек. Мындай болбойт. Алгач сүйлөшүүгө чакырып, анан басым жасоолор совет мезгилинде болгон.

Бул акцияга колдоо көрсөтүп, жашыл жагоо тагынып келген “Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Каныбек Сарымсаков да сөз эркиндиги маселесине кайдыгер карай албай турганын билдирди.

-УКМКнын журналистке карата эч кандай бир иши жок болчу. Алар өздөрүнүн кызматтык ишинин чегинен чыгып жатышат. Дайыма биздин жаштар сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келебиз. Негизи эле “Жашылдар” партиясы сөз эркиндигин жактап келет.

Кыргызстандын медиа-өкүлү Илим Карыпбеков УКМКга журналисттин эмне себептен, кандайча чакырылганы, анын жыйынтыктары туурасында азырынча так маалымат жок болгондуктан, бир нерсе айтуу эртерээк экендигин билдирди. Бирок УКМКга журналисттин чакырылышы - журналисттердин кооптонуусуна алып келет деп эсептейт медиа-өкүл.

-Журналисстер мындан ары ошол теманы чагылдыргандан, ошол суроону көтөрүп чыккандан албетте коркуп калышат. Бул коркууну жаратат. Бул туура эмес саясат. Коопсуздук кызматына маалымат керек болсо, булар УКМКга чакырбай, өздөрү барып сурап алыш керек болчу.

Ошол эле учурда азыр сөз эркиндиги Кыргызстанда башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу “кудайга шүгүр” деген көз караштар да бар. “Пирамида” телеканалынын баяндамачысы Айбек Мусаев.
болсо бизде сөз эркиндиги бар, бирок координациялык багыт жок деп эсептейт.

-Кысымдар кандайдыр бир деңгээлде, кандайдыр бир формада болуп жатканы менен, ошол эле учурда ачыктык башка Борбордук Азия мамлекеттерине караганда бизде жогорку деңгээлде турат. Көп басылмалар бар. Аларда координациялык багыт жок. Бийликтик багыт эмес, жалпы улуттук кызыкчылыктын багыты жок.

Ошентип «Кыргызстандагы сөз эркиндиги барбы же жокпу?” деген суроо кызуу талкууланып турган учурда «Чегарасыз кабарчылар» уюму сөз эркиндигинин абалы боюнча жылдык баянын жарыялап, анда Кыргызстан 173 өлкөнүн ичинен 111-орунда тураарын аныктады. Тизме боюнча Кыргызстан - Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстанды артка калтырганы менен, Тажикистандан кийинки орунга түшүп калган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG