Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Ч. Турусбеков: Кыргыз-тажик чек арасы катуу көзөмөлдө


19-сентябрда Тажикстандын чыгышындагы Рашт районунда козголоңчу топтор аскер колоннасына кол салып, натыйжада 23 аскер атышууда көз жумду. Ушундан улам Кыргызстан Чек ара кызматы да Тажикстан тараптан куралчан топтордун кирип келүүсүн алдын алуу максатында атайын иштерди жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Ч.Турусбеков жасалып жаткан иш-аракеттердин чоо-жайына токтолду.

Ч. Турусбеков: Биз кечээтен бери Тажикстан чек аскерлеринин кол башчысы менен маалымат алмашуу иштерин жүргүзүп атабыз. Биз апрель айынан бери мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтаруудабыз. Бирок ушул окуяга байланыштуу биздин Тажикстан менен чектешкен чек ара бекеттерибизди бүгүнкү күнү эртең мененден баштап күчөтүлгөн режимде кайрадан кайтаруу боюнча чараларды көрүп жатабыз. Анан кечээ күнү Карамык унаа өткөрүү пункту Тажикстан тарабынан жабылган болчу, бүгүн биз тараптан да жаптык.

- Тажикстанда болгон окуяга кимдер шектүү деп саналып жатат?

Ч. Турусбеков: Уккан маалыматтарга таянсак, ошол Дүйшөмбүдө ГКНБнын убактылуу тергөө абагынан качкандар бар деген имиштер болуп атат.

- Ошол кылмышкерлерди кармоого жана алардын мындан аркы иш-аракеттерине бөгөт коюу үчүн Тажикстандын күч органдары менен Кыргызстандын күч органдары биргеликте кызмат кылып атабы? Кандайдыр бир конкреттүү иш-чаралар жүрүп жататбы?

Ч. Турусбеков: Бүгүнкү күндө кызматташып атабыз. Тажикстан тараптан бизге атайын ошол качкандардын сүрөттөрү, аты-жөндөрү бизге берилген. Бул маалыматтарды өзүбүздүн өткөрүү бекеттерибизге жайгаштырып, өзүбүздүн көзөмөлүбүзгө алганбыз. Мындан сырткары биздин жер-жерлердеги зардалы, саркерлерибиз да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө Согди, Исфара, Жерге-Тал, Мургапка чейин командирлер менен биздин командирлер сүйлөшүп маалыматтарды алып жатышат. Алдын ала ыкчам маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.

Мындан сырткары, Баткен облусуна шашылыш түрдө Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Талас облустарынан атайын бөлүктөрдүн аскерлери жөнөтүлдү. Мындайча айтканда бүгүнтөн тарта Чоң-Алай жана башка аймактарда чек ара толук жабык. Эгерде ошондой куралчан топтор кирип келет деген коркунуч туулса, бизде алардын жолун бууганга мүмкүнчүлүктөр жетишет.

- Тажикстанда болгон окуя Кыргызстандын коопсуздугуна да шек туудурушу мүмкүнбү?

Ч. Турусбеков: Өзүңүздөр билгендей коңшу мамлекеттин аймагында ар түрдүү кырдаалдар болсо, бизде да ошого жараша реакция болуш керек. Биз дайыма алдын-ала даярдыкта болуп турушубуз керек. Ал жерде болгон окуяга кылмышкерлердин тиешеси бар деп жатабыз, түрмөдөн качкандар бар деп атабыз. Булар каяка качат? Коңшу мамлекетке качышы мүмкүн, туурабы?

Бүгүнкү күндө Тажикстандын куралдуу күчтөрү да атайын операцияларды өткөрүп аткан соң, кылымышкерлер биздин тарапка өтүп келиши мүмкүн деп да айтсак болот. Ошого байланыштуу биз өзүбүздүн иш-чараларыбызды өткөрүп жатабыз.

XS
SM
MD
LG