Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Чыңгыз Айтматов сууда сүзгөндү, ат спортун, көк бөрү оюнун жактырчу


Чыңгыз Айтматов чыгармачылыгында улуттук оюндарына маани берген. Ал ат чабыш, аламан байге, улак тартышты көркөм сүрөттөп берген. Өзү ат мингенди, улак тартканды жактырган. Бассейинде сүзүп турган.

Доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов «Жаныбарым, Гүлсары» повестинде ат чабыш, аламан байге жана көк бөрү сыяктуу улуттук ат оюндарын өтө көркөм, так таамай поэтикалуу сүрөттөгөн. Айрыкча, ушул чыгармадагы аламан байгеде мөрөй талашкан үч аттын жарышын элестүү чагылдырган.

Эл аралык Айтматов клубунун президенти Абдылдажан Акматалиевдин айтымында Чыңгыз Айтматов өзү дагы жылкы жаныбарын жактырган жана ден-соолугун чыңдоо үчүн бассейинде сүзүп турган.

1975-жылдын 17-июлунда америкалык жазуучу Курд Вонегурт менен болгон маегинде Чыңгыз Айтматов спорт жөнүндөгү өз пикирин мындайча билдирген:

«Ал эми спорт жөнүндө айта турган болсом - мен буга жай гана мамиледемин. Спорт, спорттук дух - бул адам табиятына мүнөздүү нерсе. Буга мен макулмун. Ал кандайдыр бир мерчемди басып өттү, эмненидир кууп жетүү, эмненидир ашып кетүү сыяктуу күчтүү умтулууну билдирет. Албетте, спорт ышкысы канды кызытат, ошондон улам адамдар да турушту даанараак, курчураак сезе баштайт.»

Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин айтымында, Чыңгыз Айтматов менен бирге Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө, ал алыска сүзүп, мыкты чабак урчу. Ошону менен бирге эле көркөм муз тебүү спортуна күйөрман болчу.

Бишкектик спорт күйөрманы Турат Жумабековдун баамында маркум Чыңгыз Айтматов жаратылыш менен адамзаттын байланыштарын, жоргону, көк бөрү оюнун мыкты сүрөттөгөн. «Чыңгыз Айтматов» деген даректүү тасмада дагы ат чаап баратканы, улак тартышка түшкөнү да тартылган.

Өлкөнүн Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги каражаттын жоктугун шылтоо кылып, Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине карата эч кандай спорттук мелдештерди, улуттук оюндар таймашууларды уюштурган жок.

Келээрки жылы гана Чыңгыз Айтматовдун байгесине арналган эл аралык көк бөрү мелдешин уюштуруу тилегин билдиришти.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG