Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Ж. Тороев: Өкмөт диний экстремизм менен күрөшүүдө тажрыйбасыз болуп жатат


"Ноокат тополоңу" боюнча 32 жаран соттолуп кетти.
"Ноокат тополоңу" боюнча 32 жаран соттолуп кетти.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму кыргызстандык укук коргоочулар үчүн терроризмге каршы күрөшүү жана адам укугу тууралуу Бишкекте семинар өткөрүп жатат. Кыргызстанда бул жааттагы абал боюнча Оштогу “Эдвокаси борбор” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жеңиш Тороев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Бул жаңы чакырыктар келип атпайбы, 2000-жылдан бери эл аралык терроризм, диний экстремизм күчөп атат. Ошону менен бирге өкмөт дагы бир ойлонуп жатат кайсы методдор менен күрөшсө болорун. Менин оюмча, бул өкмөт үчүн ашыкча кыйынчылыкты туудуруп атат. Булардын же методдору, же тажрыйбасы жок болуп атат. Ошонун негизинде терроризм менен экстремизмге каршы күрөштө көп учурда адам укуктарын бузууга жол берилип калууда.

- Сиздер укук коргоочу катары кандай сунуштарды берет элеңиздер тартип коргоо органдарына адам укугун бузбай иштөө боюнча?

- Сунуш катары биз айтып атабыз, диний экстремизм менен, «Хизб-ут Тахрир», же башка болобу, алардын өздөрүнүн куралы менен күрөшүш керек. Биринчиден, күчкө салган метод эмес, агитация катары. Биринчиден, элдин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек.

Экинчиден, түшүндүрүү иш боюнча адистер болуш керек. Дин маселе боюнча органдарда атайын даярдалган адистер болуш керек. Биз билебиз да, ошол эле «Хизб-ут Тахрир» же башка кыймылдардын тараткан элдин арасында дабаатчылар булар атайын даярдалган адамдар.

Ошолор элдин арасында жүрүп, өзүнүн көз карашын, диндик жоболорун таркатып, элди ошол жол менен тартып атат. Ошого каршы, мисалы, өкмөт дагы ошондой жол менен барып, элдин арасында көбүрөк иштеши керек. Өкмөттүк органдарда күчтүү адистер болуш керек, даярдалыш керек өкмөт тарабынан. Ошон үчүн идеологиялык деңгээлде күрөш болуш керек. Мисалы, жалаң эле камакка алып, репрессия жолу менен күрөшсө, тилекке каршы тескерисинче козгойт бул маселени башка жагынан.

- Жеңиш мырза айтсаңыз, экстремизм, терроризм менен күрөштө бейөкмөт уюмдардын ролу, орду кандай болот? Айталы тартип коргоо органдары менен кызматташуу жагында?

- Бизде биринчи эл аралык стандарттар бар адам укугу боюнча, ошол негизги стандарттар бузулганда, мисалы күнөөсү болсо, күнөөсүн мыйзамдын негизинде далилдеп, сот аркылуу, сот дагы көз каранды болуш керек, өкмөт сот ишине кийлигишпеш керек. Ошонун негизинде далилдеп, ошого жараша жаза алышы керек. Азыр «Хизб-ут Тахрир» ж.б. партиялар менен күрөшүү көп мыйзам бузуулар менен өтүп атат, биз ошого каршы болуп жатабыз.




XS
SM
MD
LG