Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

“Манас” аба базасы калат окшойт...


АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасына байланыштуу кызуу кептердин аягы тыйыла элек. Айрым саясат талдоочулар “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калуусуна Орусия өз кызыкчылыгынын негизинде макулдугун берди деп белгилешсе, бүгүн саясат талдоочу Александр Князев база боюнча жаңы келишим даярдалганын айтты.

“Кыргызстан коммунисттери” партиясынын лидери Исхак Масалиев “Манас” аскерий аба базасына байланыштуу маселе аягына чыгарылышы керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу бүгүн парламентте билдирип, АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимди парламент денонсациялаганын эскертти:

-Биз денонсациялап бергенбиз, мыйзам турат. Бирок алигиче базадагы аскерлердин кете турган түрү жок. Ошондой эле кызмат кылып атышат тилекке каршы. Тескерисинче, жаңы жетекчи келиптир. Өкмөт менен президенттин өкүлүнө эскертип кетейин деп атам: бул мыйзам ишке ашырылышы керек, алар Кыргызстандан чыгып кетиши керек, -деди Исхак Масалиев.

Ушул эле күнү КМШ мамлекеттери институтунун аймактык филиалынын директору, саясатчы Александр Князев АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасы Кыргызстандан чыкпайт, бул боюнча тараптар жаңы келишимге кол коюуга даярданышууда, деп айтып чыкты:

-“Манас” аба базасын чыгаруу тууралуу маселе Кыргызстан жетекчилигинин чечими менен эле чечилип калбайт. Бул боюнча акыркы чечимди Орусия менен АКШнын президенттери июль айында болору күтүлүп жаткан жолугушууда кабыл алышы ыктымал. Орусия базанын арты менен өзүнүн кызыкчылыгына байланыштуу бир катар маселелерди чечип алууга аракет кылат. Анын ичинде Украинанын НАТОго киришине байланыштуу маселе да бар.

Александр Князевдин маалыматы боюнча расмий Бишкек Вашингтондон “Манас” аба майданын пайдалангандыгы үчүн жылыга 350 млн. доллардан төлөөсүн талап кылган.

Пентагон “Манас” аба базасы үчүн 224,61 гектар айыл чарба жерин, Фрунзе токой чарбасынын 114 гектар жерин ижаралап келет. Мындан тышкары “Манас” эл аралык аэропортунун учуу тилкесинен 985 миң чарчы метр жери дагы америкалыктарга ижарага берилген.

Тышкы иштер министри Кубанычбек Сарбаев 18-февралда парламентте маалымат берип, аскердик базанын ижара акысы үчүн АКШ 2006-жылдан тартып Кыргызстандын мамлекеттик казынасына 17 млн 400 миң доллардан төлөп келаткандыгын билдирген. Анын айтуусунда эки жыл мурда кол коюлган протоколдук келишим боюнча АКШ ижара акынын көлөмүн 50 млн долларга жеткирүүгө милдеттенме алып, бирок иш жүзүндө аны аткарган эмес.

АКШ баштаган эл аралык антитеррордук күчтөрдүн аскердик базасы Ооганстандагы террордук күчтөргө каршы “Урагыс эркиндик” согуштук операциясын ишке ашырууга көмөктөш болуу үчүн Кыргызстандын “Манас” аба майданына 2001-жылы декабрда киргизилген. Биринчи жолку келишим боюнча аталган база бир жылдык мөөнөт менен жайгаштырылган.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында кыргыз парламенти базаны өлкө аймагынан чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чечимин колдоп берген учурда эле айрым саясатчылар “база эч жакка кетпейт” деген пикирлерин билдиришкен эле. Алардын бири, саясат талдоочу Марс Сариев АКШ үчүн Борбор Азия аймагында базанын болушу өтө маанилүү, ошондуктан алар Кыргызстандын ар кандай талаптарына көнүшү мүмкүн, дейт. Ал ошондой эле “Азаттыкка” айткан сөзүндө база маселесин кароодо Орусия да аралашып, макулдугун берген деп билдирди:

-“Манас” аба базасы боюнча тараптар консенсуска келишти, алар –АКШ, Орусия жана албетте Кыргызстан. Буга Ооган президентини каты деле күбө болуп турат. Хамид Карзайдын катын президенттик катчылык ачыкка чыгаруусу да база тууралуу маселе чечилгендигинен кабар берип турат. Болбосо ооган президентинин дипломаттык жол менен келген катына кыргыз бийлиги деле дипломаттык жол менен, жашыруун жообун берип коймок. Базанын Кыргызстанда калышына эң биринчи АКШ менен Орусиянын макулдашуусу себеп, -дейт саясат талдоочу.

11-июнь күнү кыргыз президенти Курманбек Бакиев АКШ президенти Барак Обамадан кат алды. КР тышкы иштер министри элчилик байланыштар аркылуу алынган катты мамлекет башчыга тапшырды. Расмий маалыматтар боюнча анда АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу жана эл аралык террорчулук, маң заттарына каршы күрөштү арттыргандыгы үчүн Кыргызстан элине жана жетекчилерине ыраазылыгын билдирген. Президент менен болгон жолугушуусунан кийин министр “Манас” аба базасы тууралуу эки тараптуу келишимдер жокко чыгарылгандыгын белгилеп, бул мыйзамдар күчүнөн кайтпасын журналисттерге кабарлады.

Ушундан улам айрым саясатчылар “Манас” аба базасы өлкө аймагынан чыгарылбаса да, мурдагы келишимдердин негизинде эмес, жаңы келишимдердин негизинде ишмердүүлүгүн улантат деп айтышууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев жаңы келишимдер түзүлүшү зарыл деп эсептейт:

-Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндөгү номур биринчи маселе Батыш үчүн да, Чыгыш үчүн да Аль-кайида менен талибандар болуп атат. Ошондуктан Батыш дагы, Чыгыш дагы бүгүнкү күндө бир нукка, бир жолго түшүп, бир келишимге келип, ушул маселени чечүүгө жетишсе, анда "Манас" аба базасынын да жаңы көз карашта каралып, жаңы жолдо чечилүүгө жол ачылып атат, -дейт Токтогул Какчекеев.

Антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу мыйзамга ылайык 18-августка чейин коалициянын аскерлери толугу менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө тийиш. Бирок айрым саясатчылар белгилегендей президенттик шайлоонун ыр-чыры менен коштолгон ички саясат гана эмес, тышкы саясатта да бул жай өтө аптаптуу болчудай.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG