Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Оппозиция нааразылык чараларын баштайт


Соңку жылдарда нааразылык акциясына чыккандарды күч менен таратуу өнөкөткө айланып баратат.
Соңку жылдарда нааразылык акциясына чыккандарды күч менен таратуу өнөкөткө айланып баратат.

Президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү жана үй-бүлөлүк башкарууну токтотуу талабы коюлган нааразылык акция жалпы Кыргызстан боюнча бир күндө башталмакчы. БЭК бул нааразылык чаранын мөөнөтүн жакын арада жарыяламакчы.

БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү, иш уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун билдиргени боюнча, президент Курманбек Бакиевди жана анын үй-бүлөлүк башкаруу системасын бийликтен кулатууга мезгил келип жетти. Анын айтымында, ансыз да энергетикалык кризис жүдөтүп жаткан элди бийлик жаңы Салык кодекси менен кысымга алып жатканы жарандардын чыдамын түбүнө жеткирүүдө:

- Жашаган үйүнө, короо-жайына чейин салык киргизишти. Кыймылдуу, кыймылсыз бардык мүлкүнө салык салынып атат. Патенттин баасы эки-үч эсе көтөрүлдү. Буга байланыштуу баалар өсүп атат. Президент болсо кечээ Москвага барып, мурдагы президент Акаев он беш жылда Кыргызстанды 2 миллиард доллар карызга батырган болсо, ал бир эле күндө 2 миллиард доллар карызды кыргыз элинин мойнуна илип келе берди. Бирок ал акча кайда жумшалары тууралуу эч кандай эсеп-кысап маалымат жок. Эл билбейт.

Азимбек Бекназаров ошондой эле президент Курманбек Бакиев башында турган бийликке нааразылык акциясы жакын арада, жалпы Кыргызстан боюнча бир күндө башталаарын кошумчалады:

- Жакында мөөнөтүн айтабыз. Бүткүл Кыргызстанда бир күндө баштап, аны координациялоо иштерин азыр максатташтырып, анын үстүндө иштеп жатабыз.

Оппозиция өкүлдөрү бийликке болгон элдин нааразылыгынын артышына президент Бакиевдин эки күн мурун Москвада кабыл алган чечими, АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн аскерий аба базасын чыгарып, ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана мамлекеттик бюджетти колдоо максатында 2 млрд. доллар өлчөмүндөгү үстөк карыз алууга макулдугун бергени да чоң себеп болуп жатканын белгилешүүдө.

БЭКтин дагы бир мүчөсү Исмаил Исаковдун пикиринде, Бакиев тышкы саясатта өтө чоң катачылык кетирди:

-“Манас” аба базасы боюнча Бакиев өтө чоң катачылык кетирди. Бул база Кыргызстанды гана эмес, Борбор Азияны террористтерден коргоо, эл аралык терроризмден коргоо максатында бул жерде чоң ролду ойноп турган. Эл аралык терроризм менен күрөшүүгө Кыргызстан өз салымын кошуунун ордуна минтип, кайра ошол салымдан качып атабыз. Эл аралык коомчулук президенттин чечимин мына ушинтип түшүнөт. Ошондон улам мен айтар элем, Бакиевдин бийлиги аяктап баратат. Мына келаткан жаз менимче Кыргызстандын келечегине өтө чоң, жакшы бир система алып келе турган, чечүүчү жаз болоруна мен ишенем.

Исмаил Исаковду кубаттаган Саясий куугунтуктан коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев Орусиядан 2 млрд. доллар үстөк карыз алууга макул болгон президент Бакиевдин саясатына өлкөнү биротоло Орусиянын кол балалыгына алып баратат, деп эсептейт. Анын айтуусунда, ушул тапта кыргызстандыктардын дээрлик 90% бийликке нааразы:

- Ал эми элдин 50-60% бийликти жек көрөт. Мен муну денем дүркүрөп туруп, өз көзүм менен көрдүм. Таласта аксакалдар Бакиевге каршы тескери бата беришти.

Ошентсе да айрым бийликчил партиянын өкүлдөрү аскерий “Манас” аба базасын чыгаруу чечими менен жана Орусиядан 2 млрд. доллар үстөк карыз алууга жетишүү менен президент Бакиев өзүнүн иш билги жетекчи, тажрыйбалуу ишмердигин көрсөттү, деп айтып чыгышты.

Парламентте басымдуулук кылган “Ак Жол” партиясынын мүчөсү Аскарбек Шадиев мындай пикирин бүгүн парламентте билдирди:

- Биздин президентибиздин демилгеси менен мамлекетибиз тышкы саясатта өтө чоң, аябай бир жакшы жетишкендикке ээ болуп отурат. Мына президентибиздин көрөгөчтүгү. Эл көрүп турат, президентибиз мамлекетти кайда алып бара жатканын көрүп турат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, биздин лидерибиз үчүн, биздин президентибиздин жетишкендиги үчүн сүйүнүп бир кол чаап коелу.

2009-жылы президент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүү үчүн Конституциянын чегинде аракеттер жүргүзүлөрүн БЭК өткөн жылдын аягынан тартып айтып келет. Айрым саясат талдоочулар оппозициянын мындай дымагына күмөнсүнүү менен баа беришүүдө.

Алардын бири Орозбек Молдалиев оппозициянын март окуясындагыдай бийликти элдин жардамы менен күчтөп алуу аракети ишке ашуусу кыйын деген ойдо

- Азыркы бийлик Акаевдин бийлигиндей эмес. Анын үстүнө 2005-жылы мартта күч органдары да, башкалар да Акаевдин бийлигинен тажап, бир өзгөрүү болот бекен деп үмүт этип, оппозицияга жан тартып калышкан эле. Азыркы бийлик болсо жакында эле кыргыз аскерин, ички аскерлерди өздөрүнүн коргоо иштеринен башка дагы өкмөттүн башка чараларына колдонууга мүмкүнчүлүк берип, мыйзамды өзгөртүп койду. Ошондуктан, бул жолу курал колдонулуп, кан төгүлүп кетиши мүмкүн. Мындан тышкары азыр өлкөдөгү экономикалык кырдаал да мындай төңкөрүш, козголоңду көтөрө албайт. Анткени короодо чоң кризис турат. Натыйжада өлкөнүн экономикасы күбүлүп калуусу мүмкүн,

БЭКтин мүчөлөрү да мамлекет башындагылар колунан бийлигин алдырып жибербөө үчүн түрдүү аракеттерге, анын ичинде аскер менен милицияны элге каршы курал менен чыгарууга барышы айдан ачык деп эсептешет. Ушул себептен кыймыл күч органдарынын кызматкерлерине, аскерлерге багытталган “өз энеңе, атаңа, бир туугандарыңа, өз элиңе каршы ок атпа, келечекти ойло” маанисиндеги кайрылууларды дембе-дем таратып жатышат.

Кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Топчубек Тургуналиев күч кызматкерлеринин ичинде да элге ок атууга каршылары бар, алар бир үй-бүлө үчүн элге каршы күч колдонбойт деп ишенет:

-Президент жана анын үй-бүлөсү бийлигин сактап калуу үчүн күч колдонот. Мүмкүн кан төгүлүп кетүүсү ыктымал. Азыр коргоо министрлигинде он эки миң аскер бар, Коопсуздук кызматында беш миңге жакын, ИИМде жыйырма беш миң чамалуу куралдуу күчтөрү болуп, бийликтин колунда жалпысы кырк-кырк беш миң куралдуу адамдары бар. Бирок дагы Аксы окуясынын, ошол эле 2005-жылкы март окуясындагыдай сабактарды күч кызматкерлери унута элек. Ошондуктан, куралдуу күчтөрдүн да, бийликтин арасында да өз элине каршы ок атууга макул болбоочулар бар деп мен ишенем.



  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG