Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Жаңжалдашкандарды жараштырыш парыз


Мусулман аалымдарынын дүйнөлүк бирикмесинин мүчөлөрү маалымат жыйынында, 15-июль.
Мусулман аалымдарынын дүйнөлүк бирикмесинин мүчөлөрү маалымат жыйынында, 15-июль.

Мусулман аалымдарынын дүйнөлүк бирикмесинин мүчөлөрү 16-июлда Ошко сапар алышмакчы. Эки күндүк иш сапар учурунда мусулман өлкөлөрүнөн чогулган ири аалымдар эл менен жолугушуп, жаатташкан тараптарды сабырдуулукка чакырышмакчы.

Ири аалымдар жагдайды жеринен көрүп, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү долбоорун ишке ашырууга киришери маалымдалды.

«Көйнөкчөнгө чапсаң, чапанчанга доо кетет»

50 миң ашуун мусулман аалымдар бирикмесинин башкатчысы Али Мухайлдин аль-Гурадаши Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн кайгылуу окуяны уккан соң аалымдар чогулуп, жабыр тарткандарга кандай жардамдар көрсөтүү, жаңжалдашкан кыргыз-өзбекти элдештирүү жайында кеп кылып, жагдайды жеринен көрүп келиш үчүн биртоп аалымдардан турган делегацияны Кыргызстанга жөнөтүү чечимине келишкенин маалымдады.
Али Мухайлдин аль-Гурадаши

Мусулман аалымдары Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, 16-17-июлда Ош менен Жалал-Абадда эл менен кездеше тургандыгы кабарланды. Дини бир, тили жакын, каада-салты айырмасыз эки калктын эмнеликтен эрегишип кетишинин себеп-жөнү терең иликтенип, саясий-укктук баасы берилери турулуу иш. Бирок да курч кандуу жаңжалдын чыгып кетиши көптөрдү ойлонтууда.

- Биз Кудай буюрса түштүктү барып көрүп кеткенден кийин өзүбүзчө чогулуп бир чечим кабыл алабыз. Ал чечимде бардык мусулман мамлекеттеринде, ислам кайрымдуулук фонддорго, ошондой эле жекече жардам бере турган корлорго бүгүнкү күндө ошо түштүктөгү муслмандарга, түштүктөгү мекендештерге, жанагы зыян көргөн, жапа чеккендерге бардыгы материалдык жардам бергиле делген кайрылуубузду элге, башка мамлекеттерге чыгарабыз, жарыя кылабыз. Бүткүл дүйнөлүк уламалар бирикмесинин атынан,- деп билдирди Али Мухайлдин аль-Гурадаши.

Мусулман аалымдарынын айткандарын кыргызчага таржымалаган Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов айрым маалымдоо каражаттарында чындыкка коошпогон окуялар сүрөттөлүп, жалпыга жарыяланып жатканын кошумчалады.
Абдишүкүр Нарматов

- Өткөн жума мен өзүм түштүктө Жалал-Абад, Ошто болдум. Бирок Интернет сайттарга чыккан кезде Шайык-Дөбө мечитинде, Бакы мечитинде эшиктерин жаап ичиндеги адамдарды өрттөп жиберди деген Интернет сайттарда жүрөт. Ошол эле кезде Шайык-Дөбө, Бакы мечитинде мен барып намаз окудум. Намаздан кийин элге жарым саат кайрылуу жасадым. Ал мечиттердин айнеги да сынган эмес, эч нерсе болгон эмес.

Ислам аалымдары бирөөгө курал көтөрүп, өлтүрүп коюу ыймансыздык, эгер атайлап өлтүрүп койсо ал мусулманчылыктын чоң күнөөсүнө батарын белгилешти. Мисирдеги “Аль-Азхар” эларалык университетинин деканы Талаат Мухаммед Афифи непадам мусулман эки эл чабышып кете турган болсо аларды сөзсүз жараштыруу парз экенин белгиледи.

- Эгер мусулмандар эки тайпага бөлүнүп бири-бирине курал көтөрүп уруша турган болсо ал экөөнү жараштыргыла. Жараштырууну Алла Таала көптүк түрүндө айтып жатат. Жараштыруу молдонун да, журналисттин да, ар бир инсандын мойнундагы милдети, парызы.

Опуртал оюн табышмагы

Ошентип дүйнөлүк мусулман аалымдары түштүктөгү жагдайды жөнгө салуунун камылгасына киришип, колунан келген аракетин көрүүдө. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятында диний барктуу орундун айланасында көпчүлүккө түшүнүксүз опуртал оюндар дагыле токтоло элек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Болот Абдырахманов өз пикирин айрым гезиттерге айтып бергенин маалымдоо менен тим болду.

- Бүгүнкү “Press.kg” гезитин окусаңыз, мен толук интервью бердим. Анан кечөө “Алиби” гезитине бердим . Экөө аябай суроолор беришти, жооп бердим.

Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов кайсы бир мусулмандын кемчилиги жалпы исламдын кемчилигине жатпастыгын, азыркы жагдайда элди ынтымак менен сабырдуулукка чакыруу дин жолундагы бардык инсандардын парызы экендиги ырастады. Мусулман аалымдарынын Кыргызстанга иш сапарынын максаты деле ушул.

XS
SM
MD
LG