Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

"Ата Журт" партиялык тизмесин тазалай баштады


“Ата Журт” партиясы мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеваны тизмесинен чыгарды.

Буга чейин “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмдары “Ата Журт” партиясынын шайлоодогу жеңишин тааныбай тургандыктарын жарыялашкан. Анткени анын тизмеси мурдагы Бакиев режиминин учурунда иштеген үлкөн чиновниктерден жана депутаттардан куралгандыгы ынкылапчыл уюмдардын кыжырын келтирген.

Динара Исаева өз каалоосу менен тизмеден чыктыбы?

“Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков коюлган талапты түшүнүү менен кабыл алып, тизмени бир адамдан тазалоого барышкандыгын айтты:

- Динара Исаеванын тизмеге киргизилиши бул биз ар бир аймактан талапкер тандаганда ошол жактагы лидерлер сунушташкан. Анан элдин, аталган уюмдардын нааразылыгынан улам Динара Исаева өзү тизмеден чыгуу боюнча арызын жазып берди. Биз аны БШКга тапшырдык. Данияр Үсөновдун жубайы эми биздин партиянын атынан депутат болбойт.

“Мекен Шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмелери 7-апрель окуясынан кийин уюшулган. Анын негизги курамы борбордук аянтта окко учкан балдардын тууган-уругу жана жакындарынан турат. Аталган коомдук уюмдар тазалоо саясаты жүргүзүлбөгөндүктөн мурдагы бийликтин өкүлдөрү кайрадан бийликке келишкендигине нааразы болуп чыгышты.

Нааразы болгондордун талабы башка

“Мекен шейиттери” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Турат Сагындыков “Ата Журт” партиясы келишүүчүлүккө баргандыгына карабастан, анын парламентке келишине бөгөт коюшаарын белгиледи:

- Бүгүн эки миңдей кыргыз жарандары чогулуп, бул боюнча өздөрүнүн пикирлерин айтышты. Эртең дагы аймактардан келебиз дешип жатышат. Динара Исаеваны тизмеден чыгарып койсо эле биз токтоп калбайбыз. Анткени биз “Ата Журт” партиясы парламентке келгенге акысы жок деп жатабыз. БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарышы керек.

Мындан улам, талдоочулардын айтымында, өлкөдө шайлоодон кийинки кырдаал бир кыйла тынч болгону менен расмий жыйынтыктын создугуп жатышы абалдын курчушуна алып келүүдө.

Саясат таануучу Уран Ботобеков шайлоодон утуп чыккан партияны парламенттен куру талаптарды коюу аркылуу күч менен четтетүү аракети мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч туудурат деп божомолдойт:

- Цивилизациялуу мамлекетте шайлоодо утуп чыккан партиянын жеңишин бардыгы таанышат. Каалайбызбы же каалабайбызбы биз саясий маданияттыбызды көрсөтүп, шайлоонун жыйынтыгын таанышыбыз керек. Мамлекет жарга такалып турганда бардык саясий күчтөр жолугушуп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир пикирге келиштери зарыл.

"Ата Журт" партиясы президенттин жана тиешелүү партия жетекчилеринин атынан кайрылуу жолдоп, курчуп бара жаткан кырдаалдан улам тез арада тегерек үстөлгө чогулуп, сүйлөшүүлөрдү баштоону сунуштады. Анда айрыкча кырдаалды тараптардын каршылашуусуна алып барбоо маселеси козголгон.

XS
SM
MD
LG